ӨЛӨТ ДЕГЕН СПОРТЧУ СПОРТКО КАЙТТЫ!

№484 10-февраль - 16-февраль, 2012-ж.

Мындан 2 жыл мурун Мехиконун барларынын биринде башына ок тийип, өлүм төшөгүндө жатып калган Сальвадор Кабаньяс чоң спортко кайтып келди. Андагы абалын көргөндөр спортту кой, анын бутка турарына ишенбеген. Чоң спортто чанда гана кезиккен бул көрүнүштү кеп кылбай өтө албадык.

МУНДИАЛГА КАМЫНТПАЙ АТЫЛГАН ОК

Сальвадор Кабаньяс Парагвайдын улуттук курама командасынын жана Мексиканын “Америка” футболдук клубунун экс-голеадору (футболдогу мыкты чабуулчу жана бомбардир). 28 жаштагы спортчу футболчулук чыйыр жолун 1998-жылы парагвайлык “12-октябрь” клубунда баштаган. Бир канча мелдеште башкы бомбардир аталган Сальвадорго толук бакыт үчүн Дүйнө чемпиондугуна катышып, аны утуу гана калган. Бирок "ЮАР-2010го" аз убакыт калганда миллиондогон парагвайлыктардын шору катып, футболчу башка ок жеп комага түшөт. Окуя болгон жерден куйрук түйүп из сууткан кылмышкерлер 5 айдан соң табылган. Алар мексикалык “чёрныйлар” Хосе Франсиско Баррето жана Бальдерас Эдгар Вильярреал болуп чыккан.



ЖАШОО ҮЧҮН КҮРӨШТҮН СИМВОЛУ

Башына ок тийген футболчу ооруканага жеткирилип, операция жасалат. Кызыгы, дарыгерлер анын башынын арткы бөлүгүндө туруп калган окту чыгара алышкан эмес (ок азыр да башында). Бирок өлөт-өлөт деп комада жаткан футболчу футбол сүйүүчүлөрүнүн кубанычына 5 айдан соң ооруканадан чыгарылып, майданга 2011-жылы экс-клубу "Америка" менен Парагвайдын жолдоштук оюнунда келди. Оюн футболчунун көңүлүн көтөрүп, дем берүү үчүн уюшулган. Ал мындай бактылуу мүнөттөрдү дагы көп көрүү үчүн быйыл январда спортко кайтып келди. Спортчу өзүнүн алгачкы профессионалдык клубу “12-октябрь” менен келишим түзүп, машыга баштады. Муну менен ал сүйгөн иштен өлүм гана ажырата аларын далилдеп, кайтып келүүнүн, жашоо үчүн күрөштүн өчпөс символу болуп калды.
Азамат, Кабаньяс! Эми Дүйнө чемпиондугуна катышууну 2 жыл күтсөң да, гол киргизип кубантчу күн алыс эместир...

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
16.02.2012. 02:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kantip jurot anan bashynda kotorup
18.02.2012. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бул футболист башы менен топ сузгонго болбойт.
17.03.2012. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
охооо башын эми футбол ойнобой эле койбойбу экен а !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо