«СУПЕР-ИНФО» 10 ЖАШТА! ОШ ЖАНА БИШКЕКТИН ТУРГУНДАРЫ ҮЧҮН БАЙГЕЛҮҮ ОЮН!

№484 10-февраль - 16-февраль, 2012-ж.

10 жыл! 2002-жылы 31-майда негизделген «Супер-Инфо» 10 жыл аралыкта маалыматтык-маанайшат гезитке айланып, ак-карадан түстүү өңгө өтүп, улам кызыктуу жаңы рубрикалар, беттер кошулуп кеңейди. Маалыматка улам байып, окурманы көбөйдү. Аз сандуу нускадан 100 миң нускага көтөрүлүү – «Супер-Инфонун» чыныгы жетишкендиги!
10 жыл! Бул мезгил бүктөмүндө "суперчилердин" талыкпаган эмгеги, изденүүсү, өз кесибин сүйгөндүгү, мезгилдин жана окурмандын тамырын тарта билүүсү жатат!
10 жыл! Бул мезгилде окурман менен гезит жамаатынын тыгыз байланышы, окурмандын талабын эске алуу жатат. Демек, мына ушундай ийгиликте, окурман, сиздин да салымыңыз бар!

«СУПЕР-ИНФОНУ» ОКУП, СУПЕР УТУШТАРГА ЭЭ БОЛ!

"Укпадым, окубай калдым" дебегиле!
Окурман журту, сиздер үчүн кубанычтуу кабар! «Супер-Инфо» 10 жылдыгына карата "Жеңүүчү бол!" супер оюн-акциясын өткөрө баштады.
Сынакка Кыргызстандын булуң-бурчунда жашаган ар бир окурман катышууга укуктуу. Бул аптадагы сынакка Бишкек жана Ош шаарларында жашаган окурмандар гана катыша алышат. "А биз качан катышабыз?" дейсизби? Шашпаңыз, сынакка катышуу кезеги сиз жашаган аймакка да жетет. Ар бир сан сайын катышуу укугу тээ алыскы Лейлек районунан көлдүн Тоңуна же Түп районуна, айтор, ушундай ыраатта көчүп жүрүп отурат. Башкача айтканда, сынак аймактар арасында этап боюнча өтөт. Андыктан гезитти окуп, өз кезегиңизди күтүңүз. Жеңүүчү катта белгиленген убакытка суроолорго так жана туура жооп бергенине карата аныкталат.
Бул аптанын байгеси – 2 чаң соргуч! Чаң соргучтун бири Ош, бири Бишкек шаарынын тургунуна ыйгарылмакчы. Кана эмесе, Бишкек жана
Ош шаарларындагы окурмандар, чамдаңыздар!

СЫНАКТЫН ШАРТТАРЫ:

  • Купондогу суроолорго жооп жазып, почта аркылуу бизге жөнөтүңүз.
  • Купон менен кошо сапаттуу сүрөтүңүздү сөзсүз салууңуз зарыл.
  • Сынакка 17-февралга чейин келген купондор гана катыша алат. Катыңыз бизге бат жетиши үчүн "Экспресс-почта" кызматын пайдалансаңыз болот. Бул кызмат катыңызды 3 күн ичинде бизге жеткирип берет.
  • Катка аймактык почта түйүнүнүн штампы сөзсүз басылуусу шарт.
  • Жеңүүчүлөр гезит аркылуу жарыяланат, белектерин 31-майга чейин алып кетишсе болот.





















Каттар үчүн дарегибиз:
Бишкек ш., Главпочтамт, а/я 2031.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(19)
13.02.2012. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cуроолор жок го?
13.02.2012. 11:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ylara,
купонду жакшылап карасаныз-суроолор жазылып турат...
суроолору кыйын экен(((
13.02.2012. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер-Инфо сиздердин жамаатынарга ийгилик!!!10жыл эмес 100жыл жашагыла)
13.02.2012. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер Инфо туулган кунун менен куттукт айм! Дагы кооооп жаша,эчкачан жоголбой,ар дайым элге кызмат кылып,азыркыдай популярдуулугун жоготпой журо берсин.
13.02.2012. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишинизгедерге ийгилик каалайм.
13.02.2012. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен жообун таптым бирок Москвадамын кантип жонотсом болот???
13.02.2012. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туугандарынызга смс мн жонотсонуз алар сиз учун Бишкектен тапшырып коет го деп ойлойм.
17.02.2012. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jazz007, Ха-ха-ха))
13.02.2012. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алга алга куттуктайм!
13.02.2012. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер-Инфо туулган кунунор менен куттуктайм! Ишинерге ийгилик. Силер Суперсинер! )))
13.02.2012. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Salam Super-Infoo Tuulgaan kununoor mn 4yyn jurooktoon kuuttuuktaai ardaiym ishineerge albaan-albaan iygiliikteer jana dagyy koptogoon yr4ylardy Tamasha-torunarga salyyp juroo bergileee!!!jana Arstandyn sozuno koshulaam ardaiyp popularduuulugunardy jogotbooi juroo bergileee iiiygiiliiiik!!!
15.02.2012. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туулган кунун менен супер инфо.Ишинерге ийгилик.
17.02.2012. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tuulgan kunun menen SUPER INFO! superdin jamaatina den-sooluk jana ishinerge iigilik kaalaim!
17.02.2012. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
супер инфого ийгилик каалайм
18.02.2012. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ишинерге ийгилик!С днем рождения!!!
19.02.2012. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ассолому алейкум супер жамаат супер инфо кызматкерлери!!! сиздердин майрамыныздар менен куттуктаймын. Жана коптогон кызыктуу макала-жарнактарды жазып элдин суймончугуно ээ болуп журо бериниздер, алдыга койгон максатыныздар орундалсын.терен урматто менен :Atashkg
19.02.2012. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсыздарбы Супер инфо гезитинин жамааты биз уй-булобуз менен сиздердин гезитти аябай жакшы коруп окуйбуз. Апта акырлап калганда эле Супер инфонун чыгышын кутуп калабыз. Сиздерге ийгилик каалайбыз, нусканыздар миллионго жетсин.Сиздерден бир нерсе суранайын дегем Супер инфонун 10 жылдыгына арнап тустуу жакшынакай журнал чыгарыныздарчы анда Супер инфонун 10 жыл ичинде чыгарган эн кызыктуу макалаларын жана 10 жыл ичинде кандай озгоруу болгонун кандай денгээлге жетишкениниздерди жазып чыгарсанар
19.02.2012. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озу негизи бир айда бир тустуу журнал чыгарып турсанар баарына жакса керек деп ойлойм себеби ошентип айткан адамдар коп. Мейли сиздерден Супер инфонун 10 жылдыгына арналган кызыктуу журналын кутолу.
20.02.2012. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфо туулган кунунор кут болсун!Силерге 2 дуйнодогу баардык жакшылыктарды каалайм.Нусканар миллиондорго жетсин!Озум жонундо айтсам 2002-жылы апрель айында супер сканворд гезитин алгам.Менин артымдан атам андан кийин эжем,синдим супер деген ооруга чалдыктык.Супер инфону 1-санынан бери окуп келе жатабыз.2006-жылы май айында Москвага келгенде бул жакта гезитинер жок эле,атам ар бир санын чогултуп мага салып журду.Аллага шугур 2жылдан бери сайттан окуп калдым...Бар болгула суйуктуу гезитим.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо