КЫЛМЫШТАР ЖАНА КЫРСЫКТАР

№484 10-февраль - 16-февраль, 2012-ж.

ТАКСИСТКЕ КОЛ САЛЫШТЫ
1-февралда 32 жаштагы эл ташып иштеген адам милицияга кайрылган. Анын айтымында, 31-январда түнкү саат он бирлерде европа келбетиндеги 2 жигит Аламүдүн районунун бир айылына жеткирип коюшун суранышат. Ленин айылына жеткенде жүргүнчүлөр таксистти кур менен муунтуп баштаганда айдоочу алардан бошонуп качып чыкканга үлгүргөн. Түнкү каракчылар анын Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү автоунаасын айдай качышкан. Кийинчерээк белгилүү болгондой, алар талаа менен айдап баратып баткакка тыгылып калышкан да, машинаны таштап кетишиптир. Жөн кетпей айдоочунун өздүк буюмдарын жана магнитоласын чыгарып ала кетишкен. Аламүдүн
РИИБинин кызматкерлери бул кылмышка шектүү деп Аламүдүн районунун 22 жаштагы Д.В. жана 20 жаштагы К.В. аттуу тургундарын кармашты. Учурда алар камакка алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

ЖЕРДЕШТЕРИН УУРДАП, АКЧА ТАЛАП КЫЛЫП ТУРГАН
Өткөн жылы 30-ноябрда Москвадагы кыргыз элчилигине К.А. аттуу кыргыз жараны К.К. деген инисин белгисиз адамдар уурдап кетип, 20 миң доллар талап кылып жаткандыгын айтып кайрылган. Алар Орусиядагы Кыргызстандын ИИМинин өкүлчүлүгүнө уурдалган жаранды куткарууга чара көргүлө деп кабарлашкан.
23-январда кыргыз милициясы Орусия полициясы менен биргеликте кыргыз жараны болгон кылмыштуу топтун 28 жаштагы уюштуруучусун кармашкан. Андан ары иликтөөдө А.В. аттуу Орусия жаранын жана кыргыз жаранын кармашкан. Кызыгы, киши уурдоого катышкандардын бири кыз болуп чыккан. Кармалгандарга киши уурдоо жана опузалап акча алуу беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүүдө.

ҮЧӨӨЛӨП БИР АЯЛДЫ ЗОРДУКТАШЫП...
4-февралда кечки саат ондор чамасында Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде белгисиз үч адам күч колдонуп 32 жаштагы айымды зордукташкан. Бишкек ШИИБинин маалымат кызматынын билдиришинче, Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делинип 30 жаштагы Н.М., 22 жаштагы К.А. жана 40 жаштагы Б.Р. кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

ТЕРГӨӨЧҮ БАҢГИЛИГИ ҮЧҮН ЖУМУШТАН АЙДАЛДЫ
ИИМдин ички коопсуздук кызматына «Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин Т. аттуу кызматкери баңгизаттарына жакын» деген маалымат түшкөн. Иликтөө иштеринин натыйжасында баңги Биринчи Май РИИБинин №7-шаардык бөлүмүнүн тер­гөөчүсү, 1984-жылы туулган Т.Т. экендиги билинген. Үстүбүздөгү жылдын 3-февралында милициянын капитаны Т.Т. ИИМдин медициналык башкармалыгына жеткирилип, баңгизатын колдонгону боюнча текшерүүдөн өткөн. Жыйынтыгында Т.Тнын марихуана колдонору аныкталып, ал милиция кызматкерлеринин кадыр-баркын кетирүүчү жүрүм-туруму үчүн жумушунан айдалды.

БРОНЕЖИЛЕТ САТКАН ШЫЛУУНДАР
Жогорку Кеңештин Коргонуу жана коопсуздук комитетинин 6-февралда болгон отурумунда Коргоо министринин орун басары З.Суеркулов 2011-жылы бир аскер бөлүгүнүн кызматкерлери 38 бронежилетти сатып жибергенин билдирди. Аны менен мамлекетке 400 миң сом зыян келтирилген. Бул боюнча эки аскер кызматкери соттолгон. Анын бири 2 жылга шарттуу кесилген.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
13.02.2012. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 жылдан бери эми ачылдыбы обронежелетти сатканы кызык :)
14.02.2012. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asus84, Бири-бири менен келише албай калышып,бири-бирин сатты да :)
17.02.2012. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал иш,аскерлердин иши болбошу мумкун ,эгер катардагы аскерлер болсо.аны тактап жазыш керек эле.алар кимдер болгонун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо