№484 10-февраль - 16-февраль, 2012-ж.
Ырчы Роза Аманова жыл жаңырар алдында бир чоң ишти колго алып, борбор шаарда театр-ресторан ачкан эле. Эс алууну маданияттуу өткөрүүгө жардам берген бул ресторандан кыргыздын кереметтүү комузун угуп, майрам күндөрү Роза эженин аткаруусундагы ырларга күбө боло алат экенбиз. Анан да арзышкандар күнүнө карата өзү ачкан театр-ресторанында14-февралда “Ырдалып бүтпөйт махабат” аттуу концерт-кече өткөрөрүн билдирди. Кечеге Роза Аманова, Каныкей Эралиева, Султан Каримов сыяктуу аттуу-баштуу ырчылар жана “Маржан” тобу катышып, куудул Жаныбек Алыкулов алып баруучу болот.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |