Маданият жана туризм министрлигинин алдында Көркөм кеңеш түзүлдү. Ал комиссия ырчылардын деңгээлин текшерип, аткаруучулук чеберчиликти жогорулатууну, жадакалса концерттердин сапатын жакшыртууну максат кылат, сөз жүзүндө. А иш жүзүндөчү?
Көркөм кеңеш:"КЫСКА КӨЙНӨГҮҢДҮ ЧЕЧ!"
Жаңыдан министрдин креслосуна келген Ибрагим Жунусов: “Ырчылардын деңгээли, ырлардын сапаты жана фонограммага байланыштуу нааразычылыктар көп айтылат. Бардык ырчылар биздин министрликтен жылына бир ирет аттестациядан өтүп туруусу керек. Азыр министрликтин алдында Көркөм кеңеш түзүлдү. Алар ырлардын текстинин сапатына, обонуна баа беришет”,- деп билдирди. Анын айтымында, аттестациядан өткөрүүдө аталган комиссия ырдын тексти, обону менен эле чектелбестен, ырчылардын концерттик кийимдерин да сыдыргыдан өткөрөт.
Сахна – ыйык жер. Андыктан чолок шымчан же майкачан чыгып ырдоого жол берилбейт. Ачык көйнөктөргө жол берилиши мүмкүн, чеги менен. Азыр Көркөм кеңештин жоболору иштелип жатат. Алдын ала айтсак, комиссия ырчынын репертуарын жактырып, бекитип берет. Ошонун негизинде ал ырчы жыл ичинде республикабыздын аймагында концерттерди бере ала турган болот. Мисалы, Көркөм кеңеш ырчынын 25 ырын жактырып, бекитти дейли. Концерттин алдынан ырчы мунун 25 пайызын өзгөртө алат. Жыл сайын ырчынын репертуары жок дегенде 30 пайызга жаңыланып турушу керек”,- дейт.
Маданият министрлигинин бул иштерин укканда дароо эле оюма Кыргызбай Кокуйбаев келди. Таланттуу жазуучу агабыз Көчкөн Сактановдун “Маркумдар үнүндөгү” Кыргызбай

Кокуйбаев. Ал 24 жашында кыргыз адабиятында биринчи болуп роман жазган Түгөлбай Сыдыкбековдун “Кең суу” романын сындан өткөрбөй койбоду беле?
“Мындан ары эмнени жазып, эмнени коюш керек экени жөнүндө бизден заказ алып, ошол заказ боюнча жазасыңар” дебеди беле? Министрдин айтканына таянсак, ырчы ырчы деп аталып, концерттерге катышып, өзү концерт бериш үчүн бир жыл ичинде сөзсүз баланча даана ыр жазып, кайсы бир адамдардын топтомуна
(комиссиянын мүчөлөрүнө) жага турган кийим тиктириши керекпи? Кимди алсак, мисалы, Мирбек Атабеков же Гүлнур Сатылганова бир жыл ичинде бир гана мыкты ыр жаздырып, ошону гана элге кеңири жеткирип ырдагысы келеттир. Анда ал жылы аты аталган экөө репертуары 30 пайызга жаңыланбаганы үчүн комиссиянын аттестациясынан өтпөй, ырчы деп атала албай калышабы?
Илгери Союз кезинде Көркөм кеңеш болгон, ал күчтүү тармак болчу. Бирок ал кезде деле далай жакшы таланттар болбогон шылтоолордон улам электен өтпөй калып, далай эмгектер чаң басып текчелерде калган болчу. Мисалы, баарыбыз сүйгөн советтик “Бриллиант кол” тасмасын алалы. Сынчылардын элегинен өтпөй калган, ошол кино. Аны дачада отуруп эриккен ошол кездеги СССРдин жетекчилери кокустан көрүп калбаганда миллиондогон кино сүйүүчүлөр күлкүдөн, ушундай бир шедеврден куру калышмак. Андыктан дагы бир маселе адамды кыжалат кылат. Обону же ырынын тексттери жарабай калган ырчы аттестациядан өтпөсө, анда аны ырчы деп тааныбашыбыз керекпи? Мындай чектөө азыркы эркин заманга туура келеби? Эмне үчүн мага, мисалы, жөнөкөй, катардагы музыка сүйүүчүгө министрлик же кайсы бир адамдардын топтому тандап бериши керек, “муну ук, бул жакшы ырчы, а муну болсо укпа, ал аттестациядан өткөн жок” деп? Менин өзүмдүн деле дараметим жетет да, тандап угууга, тандап концертке барууга. Биздин муун Гүлнур Сатылганованын ырлары менен чоңойду. Эч бир Көркөм кеңеш келип, “ушул мыкты ырчы, ушунун ырын угуп, концертине барсаң, ырчы деп атасаң жаңылышпайсың” деген эмес. Бирөөлөрдүн элегисиз эле Гүлнур эжекебизди өзүбүз жактырып угуп, баалап-барктап келе жатпайбызбы. Эл өзү эле элегинен өткөрүп келе жатпайбы.
Министрдин айтышынча, бул комиссия ырчылардын сахнага кийип чыгуучу кийимдерин да сыдыргыдан өткөрөт экен. Муну укканда да таң калдык. “Сахнада ачык-чачык кийинбеш керек” дешүүдө. Мисалы, учурда карысы-жашы дебей ырларын жактырып угуп жаткан Каныкей “Супер-Инфонун” жыл аягындагы жыйынтык концертинде сахнага кыска юбкачан чыкты. Бул кийими баарыбызга эле жакты. Өзүнүн стилине ылайык, жаштардын табитине да туура келет. Ушул юбканы кийиш үчүн Каныкей комиссиядан уруксат алышы керекпи? Ансыз деле ашыкча ведомстволорду, ашыкча кызматкерлерди кыскарта албай өкмөттүн эси кетип турган маалда эмне кереги бар, ушундай ашыкча уюм, комиссиялардын?
"СОТТОР" КИМДЕР БОЛОТ?
Дагы бир жагдай, “соттор” кимдер болот? Ошол комиссияга мүчө болгон айрым адамдар өз көмөчүнө күл тартпайт, баарына тегиз-калыс мамиле жасашат, өздөрүнө тууган-дос ырчыларды колдоп, ич ара тирешип жүргөн ырчыларды, атаандаштарын кылдан кыйкым таап өткөрбөй коюшпайт деген кепилдик барбы? Эгер мындай кепилдик болбосо, анда бул комиссия деле бара-бара коррупциянын гүлдөгөн очогуна айланып кетпейт дей алабызбы?
Министрликтин “сахна дүйнөсүнүн сапатын жакшыртабыз” дегени – мактоого арзырлык, колдоого аларлык иш. Бирок мындай башынан эле далай суроолорду, күмөн ойлорду, нааразычылыктарды жараткан, келечегинен күмөн санаткан жол аркылуу эмес, келечекке шык бере турган иштер менен баштасак болбойбу? Мисалы, чет жерлерде өтүп жаткан эл аралык сынактарга катышууга колдоочу-демөөрчү таппай арманда калып жаткан таланттуу жаштарга колдоо көрсөтүү менен. Айрым таланттуу жаштарга атайын стипендия бөлүп берүү, атактуу окуу жайларында окутуу жолу менен. Андан да жакшысы, сапаттуу аранжировка жасатуучу, сапаттуу ыр жаздыруучу студияларды министрликтин атынан ачып берүү менен. Жандуу үндө концерт берүүгө ылайыктуу аппаратура менен ырчыларды камсыздап, ошондой концерттерди берүүгө ылайыкталган жай салып берип же концерт өткөрүлүүчү жайлардын ижара акысын арзандатуу менен. Эмне үчүн болбосун? Ансыз деле ырчылар ыйлактап жүрүшөт, “филармонияга барсаң кымбат, Спорт Ордосунун шарты начар, кор болдук” дешип.
Толик сынчы
star@super.kg