СҮЙҮҮҢҮЗДҮ КАНТИП БИЛДИРГЕНСИЗ?

№484 10-февраль - 16-февраль, 2012-ж.

14-февраль – Сүйүшкөндөр күнү жаштар арасында өзгөчө күн катары катуу майрамдалат эмеспи. Мына ушул күндү утурлай, “Сүйүүңүздү кантип билдиргенсиз?” деген суроо узатып, кызыктуу жоопторду алдык.



КАДЫР, ИШКЕР:
– Мен кинотеатрдын алдында гүлдесте кармап алып келинчегимди бир саат күтүп тургам. Кыздарда “канча саат күтсө, ошончо катуу сүйөт” деген ой бар көрүнөт.



ЖАННАТ, “02.14” ТОБУНУН ЫРЧЫСЫ:
– Башыман чоң сүйүү өтпөгөн. Сүйүүмдү билдирип көрө элекмин. Менимче, сезимдерим тууралуу жакшы көргөн адамыма кандай таризде билдирүү ошол жагдайга жараша болот. Эгер сүйүүмдү билдиргим келсе, ал кызга сөз менен эле түшүндүрүп айтмакмын.



ЖАМИЛЯ МУРАТОВА, ЫРЧЫ:
– Негизи эле аялзаты “Мен сени сүйөм!” деп айтпашы керек. Жакшысы, мамиле, көз караш менен билдирген оң. Бирок ошол адамга катуу ишенсе, татыктуу мырза болсо, анда ачык айта берсе болот.


НУРБЕК САВИТАХУНОВ, ЫРЧЫ, АКТЁР:
– Мм, кандай десем?.. Болгон андай нерсе, бирок аны айтуунун кызыгы деле жок болуш керек. Мага көбүнчө кыздар өздөрү сүйүүлөрүн билдиришчү.



МҮЗҮР, “КЕҢЕШ” ТОБУНУН ЫРЧЫСЫ:
– Эсимде, 500 сомго күмүш шакек сатып алып, туулган күнүндө белекке берип, ал майрамдын шарапаты менен “Сени сүйөм!” деп Гүлмирага айтып алгам.



ЭРЛАН, “02.14” ТОБУНУН ЫРЧЫСЫ:
– Биз ырдап жаткан ырлардын көпчүлүгү сүйүү жөнүндө эмеспи. Бул ырлар өзүбүздүн жашообуздан алынган. Мен сүйүүмдү сүйлөшкөн кызыма ыр менен билдиргем. Бирок өзүмдү романтиктердин катарына деле кошпойм.



НАЗГҮЛ АЙДАРАЛИЕВА, ДИ-ДЖЕЙ:
– Жолдошум Мырза Айдаралиев экөөбүз сүйүүбүздү ыр саптары аркылуу билдирчүбүз. Анын мага жазган кыргызча ырларына мен орусча ыр менен жооп берчүмүн. Ошентип, эки жылдай кыз-жигит болуп жүрүп үйлөнгөнбүз.


АЗАМАТ, СТУДЕНТ:
– Сүйүктүүмө белек берип көңүлүн алчумун. Негизинен, сезимдеримди кат аркылуу билдиргем. Кудайга шүгүр, азыркыга чейин ал экөөбүз кыз-жигит болуп жүрөбүз.



ТЫНАР КУРБАНАЛИЕВ, КУУДУЛ:
– Мен өзү тартынчаак эмес болчумун. Эч кандай эрдик кылбай эле, түз эле барып өзүнө айткам, “сени тез-тезден көргүм келе берет, жакшы көрүп калган окшойм” деп.Анан ага кайра-кайра бара берчүмүн. Ал айым менин учурдагы жубайым.


САЙРА МОМУНБАЕВА, ЫРЧЫ:
– Биздин учурда мырзалардан озунуп сүйүүсүн биринчи билдирген кыздар жок болчу. Азыр СМС жазып, атүгүл интернет аркылуу билдирип жүрүшпөйбү. Мен сүйүүмдү эч кимге жарыя кылып айткан жан эмесмин. Анын баары ичимде купуя сыр бойдон калган.



ИЛЬЯЗ, МАШЫКТЫРУУЧУ:
– Эгер ал адам сага жагып турса, кайра-кайра карагың, көргүң келет. Менде деле ушундай болгон. Телефон чалып, киного алпарып көңүлүн алып дегендей. Дегеле мен сүйүүнү бир адамдын экинчи адамга болгон күчтүү каалоосу деп түшүнөм.

Лунара Бекиева


Сүйүүңүздү кантип билдиргенсиз?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(17)
SUPER.KG видео
11.02.2012. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достор монтаждагы кайсыл,кимдин ыры?
SUPER.KG видео
11.02.2012. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emne menen alek ekenin suurashpaj ele kojushsa bolmok...
SUPER.KG видео
11.02.2012. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат info
SUPER.KG видео
11.02.2012. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бильярдчы байкеники чындыкка жакыныраак экен.
13.02.2012. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуусун оригиналдуу билдиргендерден эч ким жок го....
SUPER.KG видео
13.02.2012. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы романтичный жооп болбоптур((( жасаган жакшы жылуу мамилеси менен билгизсе болот чындап суйгонун- соз менен коп айтпайле..
13.02.2012. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кимиси суйуусун далилдей албаптырда анда....
SUPER.KG видео
14.02.2012. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы суйуу жок и мен ишенбейм
SUPER.KG видео
14.02.2012. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salamatsyngarby Super info, siler jakshy video rolik jaratyp jatkanyngarga Rahmat. Birok bir Suranych: emne menen alek kylasyngyzdar dep surabai ele koigulachy. Vashhhe jarashpait kalat eken... Rahmat.
SUPER.KG видео
14.02.2012. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
escape, пожалуйста, не забывайте, что вы не единственный пользователь сайта!!! то, что не нравится Вам, другим может быть интересно. таких, как вы, несколько тысячи. И я, как один из рядовых пользователей сайта, думаю, не вам решать что "ЖАРАШАТ", а что "ЖАРАШПАЙТ"!!!!
16.02.2012. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйуу гуйуу болбогон окат андан корок ыйманду болсонор боло ата энерди сыйласанар боло...
16.02.2012. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyzdar emeile erkekter tartynchak bolup ketkengo azyr
17.02.2012. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a men toluk bir jyl murun any jogotup aluu korkunuchunda turganda bildirgem....tak suiom dep aitkan emesmin birok any jaktyrgandygym jonundo jazgan elem.
SUPER.KG видео
18.02.2012. 05:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Апей чачташып мушташпай , суйуу жонундо создордон,озунордун темага болгон оюнарды айтсанар боло.
Жашоо бир келет,суйуу мин келет.Махабатынар менен бактылуу болгула достор
SUPER.KG видео
06.09.2013. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен суйгон менен эмне пайда?!Ал,жактыраарымды билет...бирок бир боло албайбыз...бир боло албаарыбыз анык...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо