Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АКЧАЛУУГА ӨЗҮМ БАРАМ, АКЧАСЫЗГА САЛАМ АЙТ ЖЕ ЖОЛ КИРЕ КЫМБАТТАЙБЫ?

№484 10-февраль - 16-февраль, 2012-ж.

"Жол кире кымбаттайт экен". Кыштын ызгаарында айтылган бул сөз уккандарды ичиркентүүдө. "Өтүгү барга өзүм барам, тону жокко салам айт" деген кыштын сөзү бар. Кокус жол кире кымбаттаса, анда бул макалды коомдук унаанын айдоочулары "акчалууга өзүм барам, акчасызга салам айт" деп жаңылатып айтып чыгары турган кеп. Жол кире жылан чакпай, жылкы теппей эле кымбаттаганы турабы? Келгиле, жооп издеп көрөлү...

ЖОЛ КИРЕНИН БААСЫН КЫМБАТТАТУУГА ЭМНЕ СЕБЕП?

Аталган суроо менен Бишкек мэриясынын алдындагы Шаардык транспорттук башкармалыктын жетекчиси Геннадий Милицкийге кайрылдык. Ал төмөнкүдөй жооп узатты:
– Бул көп жылдан бери келаткан маселе. Алсак, 2008-жылы жол кире акысы бир ирет көтөрүлгөн. Андан бери күйүүчү майдын жана автоунаанын тетиктеринин баасы эки эсе кымбаттады.
2008-жылы күйүүчү майдын баасы 24-25 сом болсо, бүгүнкү күндө 40 сомго жетип калды. Жүргүнчү ташуучу автоунаалардын тетиктерин да жаңыртып туруусу керек. Баары кымбат. Мисалы, мурда автобустун дөңгөлөгү 4500 сом болсо, азыр 9500-10000 сом. Аккумуляторлор да эскирип, жаңыртууга туура келет. Жаңыларын алууга каражат жетишпей жатат.
Анан да Бишкек шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттук ишкананын мамлекетке болгон төлөмдөрү көбөйүп, карыз болуп кетти. Жумушчулардын айлык акыларын бериш керек. Ушул себептерден улам жол киренин баасын жогорулатуу тууралуу шаардык антимонополиялык комитетке кайрылуу жөнөткөнбүз. Эгер кайрылуубузду туура деп чечишсе, АНДА АВТОБУСТУН ЖОЛ КИРЕСИ 8 СОМ, ТРОЛЛЕЙБУСТУКУ 7 СОМ БОЛОТ.

«АВТОБУС МАЙЫН ДА АКТАБАЙ КАЛДЫ»
Нурлан Атыканов
,
Бишкектеги жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттук ишкананын директору:
– Жол кирени кымбаттатпасак, бүгүнкү күндө ишкананын абалы оор. Карызыбыз көбөйүп кетти. Жумушчулардын айлык акысы салык жана социалдык төлөмдөрдү убагында төлөгөнгө жетпей жатат. Ишканада 1200 жумушчу бар. Каражаттын жетишсиздигинен айлыктары бир жарым айга чейин кечиктирилип калып жатат.
Жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустардын дөңгөлөктөрү жешилип калды. Бүгүнкү күндө карамагыбыздагы 400 автобустун 250сү гана ишке чыгууда. Анын 100ү дөңгөлөгү жоктугунан токтоп турат. Дөңгөлөктүн бир даанасы учурда 11 миң сом. Эсептеп көрүңүз, 1 автобуска 6 дөңгөлөк керек. Ушул тапта 190 автобуска жаңы дөңгөлөк салышыбыз керек. Мындан сырткары күйүүчү майдын кымбаттыгы да өз залакасын тийгизүүдө. Алсак, бир автобустун бир күндүк иштеп тапкан каражаты өзүнүн майын актабай жатат. Автобус өзүн акташ үчүн эсептеп көрсөк, жол кире 8 сом 66 тыйынды түзүшү керек экен. Кыш түшкөнгө чейин жайкы майды 36,5 сомдон куюп келсек, 15-декабрдан тартып 45,5 сомдон кышкы май куюп жатабыз. Ушундай көйгөйлөрдүн айынан Бишкек шаардык кеңешке, антимонополиялык башкармалыкка жол кирени кымбаттатуу боюнча сунуш жөнөткөнбүз. Кандай чечим чыгары азырынча белгисиз.


«ЖОЛ КИРЕНИ КӨТӨРСӨК, ЭЛ КЫЙНАЛАТ»
Темир Сариев, Экономика жана антимонополиялык саясат министри:
– Бишкек мэриясынын транспорттук башкармалыгы 7-февралда Шаардык антимонополиялык башкармалыгына жол киренин баасын көтөрүү боюнча сунушун жөнөткөн экен. Башкармалык бааны көтөрүү боюнча толук негиз жок экенин айтып, бул маселени кайрадан тактоого жиберген. Сунушта маршруттук таксилердеги баа эртең мененки саат 6дан кечки саат 9га чейин 10 сом, кечки 9дан кийин 12 сомго, автобустукун 8 сомго, троллейбустукун 7 сомго көтөрүү керектиги айтылган. Ал эми каттамынын узундугу 15 чакырымдан ашкан маршруттук таксилердеги жол кирени 17 сомго кымбаттатууну көздөшүүдө.
Айта кетчү нерсе, биз шаардагы жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортторду иретке келтирүүнү колго алышыбыз зарыл. Маршруттук таксилер көп болуп, ыңгайсыздыктарды жаратууда. Булардын ордуна автобустардын каттамын көбөйтүшүбүз керек. Ошондо шаар ичиндеги каттамдар иретке келип, баалар да бир калыпта сакталат. Жол кире акысын көтөрсөк, эл кыйналып калат.




«Супердин» сурак бурчу

ЖОЛ КИРЕНИ КЫМБАТТАТУУГА РЕАЛДУУ СЕБЕПТЕР БАРБЫ?

Айылчы Сарыбаев, Экономика Жана Финансы Институтунун Директору:
Учурда күйүүчү майдын баасы кымбат жана инфляциянын деңгээли жогору болуп жатпайбы. Андыктан жол кирени кымбаттатуу туура. Себеби базарда кымбатчылык, жүргүнчүлөрдү ташып иштегендер да жанын багыш керек. Эгер шаардык бийлик айдоочулардын кошумча чыгымдарын төлөп жардам кылса, жол кирени азыркы баада кармап турууга болот.



Шералы Абдылдаев, Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары:
– Биринчиден, күйүүчү майдын кымбаттыгы буга себеп. Экинчиден, автобустардын тетиктеринин баалары жогору болууда. Жол кирени азыркы баасында калтырабыз десек, анда Бишкек мэриясы жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттук ишкананын абалын сактоо үчүн каражат бөлүп бериши керек. Бирок буга азыр шаардын бюджети жетпейт.



Жумакадыр Акенеев, Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору:
– Азыркы жол кире акысы да эл үчүн кымбат. Андыктан себептерин тактап чыгышыбыз керек. Жүйөлүү себептери болсо элге түшүндүрүп, айла жок бааны көтөрүүгө туура келет. Пенсионер, студент жана айлыгы аз жарандарга жеңилдиктерди кароо зарыл. 2012-жылдын 8-февралында күйүүчү майдын баасын 50 тыйынга арзандаттык.



Алтынай Сүйдалиева, студент:
– Бул маселе күйүүчү майдын кымбаттыгынан келип чыгууда деп ойлойм. Жүргүнчү ташуучулардын чыгымын жол кире актабай калса керек. Айлык акы деле аз-аздан болсо да жогорулады. Ошондуктан пенсионерлер, студенттерге азыркы бааны калтырып, калгандарына кымбаттатып койсо болот.




Сапар Матишев, куруучу:
– Мен туура эле болот деп эсептейм. Себеби азыр күйүүчү май кымбат. Унаа тетиктеринин баалары да жогору. Базар баалары да мурдагы жылдарга салыштырганда бир топ өстү. Айдоочулардын да үй-бүлөсү бар. Аларды багыш керек дегендей.




Адилет Түмөнбаев, дизайнер:
– Өткөн жылдары 5 сомдон 8 сомго көтөргөндө бир топ эле билинген. Эми дагы 2 сомго көтөрсө, эл кантет? Азыр жол кирени кымбаттатуу туура эмес. Эл кыйналып турат. Баары кымбат, айлык акы аз. Андыктан тиешелүү органдар туура чечим кабыл алат го дейм.


Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
13.02.2012. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жол кире кымбатаса эле пикет болот себеби кыргыз эли пикетке жаман конбодукпу!Кымбаттаса да студенттер,окуучулар,пенсионерлердикин калтырыш керек!
26.02.2012. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sambo, a egerde jalpysyan alyp korsok student,okuuchular,pensionerlerden bashka adamdardyn ishtegen ailygy da az,a jumushu jok jurgon adam kancha, anda alar kantep jansaktait..???!!!!! oshon uchun kotoruunun kajeti jok!!!
13.02.2012. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
свет очсо жол кире кымбаттаса Атамбайга эле жаман болобу дейм.
13.02.2012. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир калыпка келтиргиче кыйналган эле эл да чыда кыргыз умут чон!!!!
14.02.2012. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайдын автобустарын алып келип алышып элди кыйнашат бузулуп жатат деп.
14.02.2012. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
atila_88, tuptuura aitasyn!
26.02.2012. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
atila_88, en tuura aitylgan kep!!!
14.02.2012. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баардыгын арзандатыш керек.
15.02.2012. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
samboго толук кошулам.антени аныс деле акчасы аз студент окуучуларга кыйын болот.ал эми иштеген иши барлар учун которуп койсо эч нерсе деле болбойт.
20.02.2012. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
T-1000, Закон баарына бирдей болуш керек !
15.02.2012. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жол кире и так эле кымбат.
15.02.2012. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм да уж. ну пусть тогда если повысят за проезд, тогда битком не забивают маршрутку... и вообще нормально они зарабатывают эти маршрутники...
15.02.2012. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
и в Казахстане не 60 тенге а 50 тенге.. у них если даже 50 тенге, зато больше зарабатывают чем мы...
15.02.2012. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Love_kg, 50 тенге в других городах казакстана. Здесь указано цена Астаны.
15.02.2012. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нашли с кем сравнивать, зато в этих странах хорошо развита экономика чем у нас...
19.02.2012. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдер велосипед алсанар жолкиренер арзан болот. (Уурдап кетпесе эле). Окмот жолдордун проектилерин велосипед менен жургонго ынгайлуу кылып кайра тузгуло. Велосипеди жокторго велотаксилерди киргизебиз ишке арзан баада (пробка болбосо убагында эле жеткире алат маршруткадай). бул тамаша кеп айла кеткенде айтылып кеткен кеп да жооп жазып урушуунун кажети жок.
20.02.2012. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sashkakg, Вот эң туура ! Велосипед менен жүрүш керек.Зато не пешком.Эрте менен маршуртта кой болуп басылып кеткиче вело менен таза абада кеткен жакшы.
26.02.2012. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sashkakg, en tuura! bashka olkonu alyp korsok,al jakta birinchi mini mashina bul-velosiped! kop! sport dagy bolot den sooluka paidaluu!!!
20.02.2012. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ошол да болмок беле, анда айлык акыларын кобойтушсун....
22.02.2012. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
10 сом болсо болсун, бирок машиналарын жаныртып анан (айдоочулар) кишилерди ото эле коп салбасын ...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо