Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТҮРМӨНҮН ТУРМУШУ СОЙКУЛУКПУ ЖЕ ЗОМБУЛУКПУ?

№485 17-февраль - 23-февраль, 2012-ж.

Түрмөлөрдө болуп өткөн нааразычылык акцияларынын аягы басылбай жатканы баарыбызга эле маалым. Митинг, ачкачылык деген түшүнүк абакты да каптап, айрымдар ооздорун тиккенге чейин барып бир топ үрөйдү учурушту.

ООЗУН ТИГҮҮ “ЭПИДЕМИЯСЫ” ЭМНЕДЕ ЭЛЕ?
Январь айынан баштап абактарда ачкачылык акциясы башталган. Митингчилердин саны 6 миңден ашып, 1 миңге жакыны оозун тигип алышкан. Ооз тигүү менен коркутуу “эпидемиясы” калаабыздын түрмөлөрүнүн көбүн каптады. Айрымдары оозун тигип, дагы бирлери колдорун кескилеген учурлар да болду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул иштерге кримчөйрө менен мамлекеттин күрөшү катары баа берген.
Февралдын башында митингдер токтогондугу тууралуу маалымат тарады. Акыркы кездеги ар кандай тополоңдон соң темир тор ичиндеги тартипти бекемдөө максатында 10-февраль күнү Москва районунун Петровка айылында жайгашкан №8-абакта атайы штабдык окутуу болуп өттү. Бул окутуу абактагы көтөрүлүшчүлөргө сес көрсөтүү үчүн атайы уюшулуп жатканын Жаза аткаруу кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаков жашырган жок.
Биз барган соң кылмышкерлердин кийимин кийген кызматкерлер колдоруна кармаган бөтөлкө, ар кандай нерселерди кызматкерлерге ыргытып, ызы-чуу салып башташты. Экинчи топ ошол айгай салган митингчилерди кантип басышарын көрсөтүп беришти. Митингчилерди орой кысып келип, ортосун жарып экиге бөлүп кетип, жаңжалды басышты. Мындай иштерде иттер да чоң жардамга келет. Бул иш-чарага 395 адам катышып, ошондой эле 16 атайы даярдалган кызматтык издөө салуучу иттер жана эки БТР, эки өрт өчүрүүчү машина, үч “Тез жардам”, атайы даярдалган техника да ишке тартылды.

“МУРДА “ТҮРМӨДӨ ОТУРГАН” ДЕГЕН СӨЗДӨН УЯЛЫШСА, АЗЫР СЫЙМЫКТАНЫШАТ”

Түрмөнүн ичиндеги жашоо кандай? Чындыгында эле айласыз абалдабы? Биз бул тууралуу ЖАМКтын (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы) Оперативдүү режимдик башкы башкармалыгынын жетекчиси Дөөлөт Султанкулов менен маектештик.
– Дөөлөт мырза, түрмөдөгү абал тууралуу айтып берсеңиз. Бир кылмышкер катуу ооруп калды дейли, аларга кандай жардам көрсөтүлөт?
– Ооруп калса, жалпы текшерүүдөн өтөт. Оорусу катуу кылмышкерлер 31-же 27-колонияга которулат. Аларга атайы камералар бар, ал жакта “врачи без границ” деп коёт, “Кызыл жарым ай” эл аралык коомунун доктурларынын карамагында болушат. Мисалы, кургак учук менен ооругандар түрмөдө көп. Алардын үч маал тамагына бир күнгө 137 сом бөлүнсө, жөнөкөй кылмышкерге бир күнгө 77 сом бөлүнгөн. Ушул жерден байкап көрсөңүз, карылар үйүндө жашаган бир адамга 1 суткага 40 сом бөлүнөт. Ал эми майып балдар үчүн суткасына 20 гана сом бөлүнөт. Эми кимдин тамагы кымбатыраак экенин өзүңүз байкаңыз. Ичкен тамагы белен, курсагы ток болгон үчүн кылмышкерлер бунт чыгарганга күчү болуп жатса керек деп ойлойм.

– “Абакка сойкулар кенен кирип-чыгышат” деген маалыматтарды угабыз. Муну ким көзөмөлдөшү керек?
– Туура, мындай фактылар катталган. Таң калычтуусу, бир эле сойку бир күндө ар башка колонияга барып “бизнес” жасаганы ачыкка чыккан. Бизде 61-беренеде “иные лица” деген пункт бар. Булар ошол беренеге таянып, “карындашымын, классташымын” деп кирип жүрүшкөн. Негизи, түрмөнүн ичине жетекчи жана анын орун басарынын макулдугу менен кириши керек. Ар бир кылмышкер 1 жылдын ичинде 8 жолу жолугушууга укугу бар. Жолугушуунун узактыгы 3 күн же 3 саат болушу мүмкүн (узак убакытка жана кыска убакытка). Бирок айрым кызматкерлер маянасы аз болгондуктан, кээде 100 сом үчүн деле киргизип жиберген учурлар болгон. Эми буга бөгөт коюлду. Мындан ары ар бир кылмышкердин анкетасына жакын туугандарынын же ата-энесинин аты-жөнү жазылат да, ошолор гана кирүүгө уруксат алышат.

– “Смотрящий” анан “положенец” дегендер абактагы коогалаңдын башында турушат” деген чынбы?– Кылмыш дүйнөсүндө “воровское понятие” деген нерсе бар. “Смотрящий” жана “положенец” дегендерди “мыйзамдагы ууру” тандайт. Алар абак ичиндеги абалга жооп берип жана ал жактагыларды көзөмөлдөйт. Булар эмне десе, калгандары ошого баш ийишет. Кээ бир учурда зордоо жолуна да түшүшөт, ал эми көпчүлүгү өз ыктыяры менен аларга баш ийүүдө. Түрмө ичиндеги ызы-чуулардын баарын ошолор уюштурушат десем да жаңылышпайм. Өткөндө көрдүңөр да, ооздорун тиккендерди, алардын көпчүлүгү зордоо жолу менен тигилгендер.

– “Чыныгы мыйзам тор артында” деген кеп да эл арасын аралап жүрөт, буга кандай дейсиз?
– Азыркы учурда түрмөдө кемсинтүү, шылдыңдоо жана акылга сыйбаган жоруктар толуп кетти. Абак ичинде кенен басканга көнүп, жадакалса жетекчилик жана кызматкерлердин кылган ишине кийлигишүүлөр да болду. Бул көрүнүш 1995-1997-жылдардын ортосунда абактарга эч кандай каражат бөлүнбөй, мындай айтканда, кароосуз, көзөмөлсүз калгандыктан улам чыккан.

– Ушул деңгээлге чейин жеткирбесе болот беле?
– Биз бул деңгээлге жеткизбейли деген аракетибиздин натыйжасы ушул болду. Катуу тартипке салсак, алар: "Камераларды ачкыла, каалаганыбызды кылабыз. Эркин жүрүшүбүз керек!"- деген талаптарын коюшту.

– "Акча жана баңгизаттын баары абак ичинде айланат" деген түшүнүккө кандай дейсиз?
– Буга биздин кээ бир кызматкерлердин да тиешеси бар, себеби алар өздөрү алып кирип берген учурлар кездешет. Буга, эң биринчиден, айлыгынын аздыгы себепкер. Алганы 8 миң сом болсо, барып келген жол киреси күнүнө 100 сомго чыгып кетет. Кээ бир кызматкерлерибиздин 3-4 баласы бар, аларды багыш керек. Биздин максат – түрмө ичиндеги жашоону жөнгө салып, катуу тартип орнотуу.

– Өмүр бою эркинен ажырагандардын саны канча, алар кандай шартта кармалат?
– Бүгүнкү күндө өмүр бою эркинен ажырагандардын саны 250 адамды түзөт. Алар №1, 4, 5-колонияларда камакта. Акыркы үч жылдан бери Жаңы-Жер айылында булар үчүн атайы абак салынып жаткан. Бирок каражаттын жетишпегендигинен улам иш аягына чыга элек. Буюрса, бул абактын курулуш иштери аягына чыкса, баары бир жерге чогулат. Башка мамлекеттерде мыйзам катуу, өмүр бою эркинен ажырагандар башкача тартипте кармалат.
Мурда "түрмөдө отурган" деген сөздөн уялышса, азыр сыймыктанышат. Бул жагымсыз нерсе өспүрүмдөргө терс таасирин тийгизүүдө.

Мальвина Уметбекова
kооm@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(31)
20.02.2012. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
генерал Байзаков баштаган реформа туптуура, абактагылар "беспредел" кылып конуп калышкан, аларга мындан да "жесткий" мераларды колдонуш керек....
20.02.2012. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байзаков мырзанын темирдей реформасы учун!Алга!
20.02.2012. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
генерал Байзаков баштаган реформа туптуура!!!Мен дагы колдойм
20.02.2012. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Короче түрмөдөгүлөр круто жашашат го дейм...Күнүнө 137 сомдон.Кимдер өзү бул адамдар?! Кечээки мыкаачылардын жашоосу жыргал экен...
20.02.2012. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кунуно биз да 137 сомдон жебейбиз алар жон эле олугушат каерде жатканын унутуп калышкан го
20.02.2012. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекет ушундай адамдардан эмгек кучун колдонсо болот да. 1-ден жалданма кызматкерлерге кеткен каражат коробойт (булар бекер куч). 2-ден ушинтип чартанбай тебишпейт. Калп эле аларды багып жата бербей
20.02.2012. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
137 сомдун жарымынан кобун чондору жесе керек.Аякта деле кобунчосу акчалары жоктор, же туугандары чон жерлерде иштебегендер олтурушат да.

21.02.2012. 05:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ген.Байзаковдун реформасы жакты.мамлекет абактагыларга жумуш таап иштетиш керек ошондо иттей кутура алышпайт.
21.02.2012. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силер туура эмес тушундунор. Абактагылар куч органдарына чыныгы кылмышкерлерди издегиле деп талап кылып жатышат. Ал жерде 70% куноосу жоктор олтурушат. Аларды уруп,кыйнап эле куноону мойнуна алдырып жатышат, куч органдары жалкоо чыныгы кылмышкерлерди издеп убактысын кетирбей эле акчасы жок кыйналып жаткан карапайым элдерди четинен камап жатышат. Абакта силер бир дагы бизнесмендин же министрдин балдарын корбойсуздор. Ал эми Байзаков озунун крим чойродогу душмандарын аралаштырып жатат.
21.02.2012. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dika,сенин созуно кошулам,байдын балдары абакта отурбай калдыго,мэрдин баласын эле мисал келтирели
21.02.2012. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ирас болот аларга магадемек тургай аркаларын тигип албаптыр эле
22.02.2012. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maisal1919, бул айтканын туура эмес. Озундун жакын адамдарынды кыйнап алып барып, коркутуп камап салышса алар жини келгенден айла жок оозун тигишет эмеспи. Ошондо кана тушуносун. Азыр бизде корупция онугуп жатат. оозун тиккендердин баары эле жаш балдар. алардын алдында дагы канчалаган убактысы бар болчу. ошолрго эле боорум ооруйт. аксандык туура айтты мэрдин баласы даже бир сутка дагы олтурган жок. Ошонун ордуна бизге окшогон карапайым, жогору жакта туугандары жок болсо 15-20 жылга камалмак.
22.02.2012. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dika, men saga tolugu ,100-200 % koshulam!!!!!!!!!En tuura aitylgan soz!Baizakov myrzadai chynygy myrzalar koboiso deer elem
02.04.2012. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dika, oba tuptyra aitasun misalu daaru jondo aitsam menin baikem otyrat anan bawun orysa dele analgin i4in oryysa dele analgin deit,anan 4unada ele iwterdi karap bergile dep syranuwkan oba 4undugunda barat soikular birok nikto je ix nezastovlyaet oni sami edut tuda,i voobwe ne nam ix obsujdat kalp ele kuiun bolup ras bolot zekterge dep ooz koptyryp jazbagula4u...kolunardan e4 nerse kelbegenden kin
22.02.2012. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Жакшы деп, же жаман деп баалай бербе,
Тушунбой туруп ал иштин теренине" дегим келет талашып жаткан замандашрга. Буга биздин коом озу куноолу. Турмо бул адамдын эркин чектейт. Ал эми андагы жасалып аткан иштер туура эмес болгон. Байзаков мырза болгону камалгандардын тартибин сактоого милдеттуу ал ошону туура так аткарып жатат. Анын иши туура. Ал эми аны куноологондор туура негизсиз куноолоп жатат. Байзаков озу кармап келип отургузбайт,кылмыш жообуна ал тартпайт да. Буга сот куноолуу.
22.02.2012. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
турмодо оозун тигип алгандардын арасында менин да жакын тууганым бар экен. Бул ишти зордоо жолу менен деп тушундурду.
22.02.2012. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баардыгы озун-озу билет мыйзамды тоготтуруу керек...
22.02.2012. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхее жалко ошо жаш балдар !!! Калганынын тагдыры ....
23.02.2012. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дика айткандарын ырас...
23.02.2012. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dikа,сен боор оорубай эле кой аларга,ал жака деген копчулугу психикасынан айныган ото мыкаачы,бараар жерин билип туруп атайын адам олтургон и энесиндей аялдарды,жаш секелек кыздарды зордуктагандар тушушот.гуноосу жок олтуруп калгандар арасында аз.ишенбесен менин кабинетиме келсен мен сени №31 тузотуу колониясына алып барып келем анан алардын настоящий психический айныган маняктар экенине анан ишенип каласын.а тиги чондордун балдарын соз кылбай эле кой аларга сенин эмес менин да тилим отпойт.
23.02.2012. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aidar__aliev, ооба. Чын. Спихикасы бузулган мыкаачылар бар.Мен оозун кыйнап тиктирип салгандарга борум ооруп жатат.Бул жерде кобунчо куноо соттордо.Аларга акча бербесен максималдуу срок аласын,акчан бар болсо куноон болсо дагы условно деп чыгарып салышат.Байзаков камакта отургандардын дисциплинасынан мурда озунун алдында иштеген тергоочулордун дисциплинасын ондоп анан башкаларына киришсе болмок. Тергоочулору жалкоо,кылмышкерди издегендин ордуна,1-кылмыш жасаган адамдын мойнуна башкаларын илишет
23.02.2012. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оозун тиксе оздоруно эле кыйында, а жогоруда айтылгандай чын эле зордоо жолу менен болсо анда чара корулуу керек деп ойлойм
24.02.2012. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turmoda tartip jok bolup kaldy.
24.02.2012. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козомолду катту коюш керек аяка
24.02.2012. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу мен башкаргандачы андайлардын журогун сууруп колуна карматат элем
25.02.2012. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андай шартта ар бир адамдын болуп калыш мумкунчулугу бар. Айрыкча укук коргоо органдары азыркы абалда турганда. Кадр саясатында чечкиндуу чындап реформалар керек. Айтыш оной, Жазаш учун чоооон журок керек.
25.02.2012. 04:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lenka башкарганда вор в законе болмок экен.
25.02.2012. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байзаковго берекелде деп туралыы ал дагы жолунан чыкпаса анда"зачет"
26.02.2012. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тартип болбосо ушундай болот
02.04.2012. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nu ludi voweto alar dele adamdar kebiroolor jon ele jatat nu nado toje ponyat ix oni toje jivue pust zdelali mnogo 4ego no onii ludi je ne zvri tuurabu?kalp ele kuzdar ujas dep koup ele ai sauin toltura tamak aw kotoryp barywat ko,ii koi4y alardu zek dep loyp tyny boy telefon menen syilowywot,al adam bolboit dep koup oooo 4ernui eken degende 4aap alsambu dep kaluwat ana emnege jamandaisunar?????/
02.04.2012. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a dagu svidankaga ar bir kiwiden 140som aluwat owogo produktu aluwat al okmottyn ak4asunan emes
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо