№485 17-февраль - 23-февраль, 2012-ж.
5-февралда Алматыда аяктаган топ менен ойнолуучу хоккей боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстан курама командасын ийгилик жылоологон жок. Алар “С” тайпасында атаандаштары Япония жана Эстония менен экиден оюн өткөрүп, 4 оюнда тең жеңилүүгө мажбур болду. Японияга 13:0 жана 8:0 эсептеринде утулса, Эстония андан кем калышпай 13:0 жана 12:1 эсептеринде утуп алды. Натыйжада 4 оюнда дарбазасына 50 гол өткөрүп, каршылаштарга бир гана гол киргизген мекендештер тайпада акыркы орунду ээлеп кайтышты. Ал эми мелдештин жеңүүчүсүнө келсек, финалда Швеция курама командасы менен Орусия тирешип, 5:4 эсебинде шведдер жеңип чыкты. Ал эми үй ээси Казакстан үчүнчү орунду ээледи.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |