КОШ, УИТНИ

№485 17-февраль - 23-февраль, 2012-ж.

“I will always love you” – “Мен сени ар дайым сүйөм” аттуу ырды укпаган, жактырбаган жан барбы дүйнөдө? Сүйүү гимни деп бекеринен айтышпаса керек бул ырды. Дал ушул ырды аткарган атактуу ырчы, актриса Уитни Хьюстон 48 жаш курагында дүйнө салды.

ӨЛҮМҮНҮН СЕБЕБИ БЕЛГИСИЗ
Өткөн ишемби күнү, 11-февралда Уитни Хьюстон Лос-Анжелестин “Беверли Хиллтон” мейманканасында 48 жаш курагында дүйнө салды. Уитнинин жуунуучу бөлмөдө жаткан чала жан денесин анын жан сакчылары көрүп, “Тез жардам” чакырышкан. Бирок баары кеч болуп калган эле. Учурда ырчынын жүрөгү эмнеден улам токтоп калгандыгы такталууда. Көпчүлүк анын өлүмүн баңгизат менен байланыштырып жатышат. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, киши колдуу болгон эмес. Анан да текшерүү маалында анын өпкөсүнөн суу табылып, "сууга тумчугуп калды" деген да маалыматтар тарады. Ырчынын акыркы күндөрү материалдык жактан кыйналып жүргөндүгү айтылууда. Бул маалыматтарга таянсак, Уитни январь айында белгисиз себептерден улам болгон байлыгын коротуп, үстүндө үйү жок калган.
Уитнинин сөөгү 17-февралда өзүнүн кичи мекени Нью-Жерси штатына коюлат. Уитни менен коштошуу зыйнаты ошол күнү Нью-Арк шаарындагы “Prudential Center” деп аталган 18 миң орундук спорт комплексинде өтөт. Ошентип, Уитни Хьюстон “Мен сени ар дайым сүйөм” деп жүрөк кылдарын черте ырдаган бойдон бул жарыкчылык менен коштошуп кете берди.




ЫРЧЫЛЫК АПАСЫНАН ӨТКӨН
Уитни Элизабет Хьюстон 1963-жылы 9-августта АКШнын Нью-Жерси штатындагы Ист-Оранж шаарында төрөлүп-өскөн. Ал бала курагынан эле музыка менен чоңойгон. Апасы белгилүү ырчы Эмили Дринкард элге Сисси деген ат менен таанымал. Ал эми атасы Жон Хьюстон апасынын менеджери болчу.
Болочок ырчы жаш курагынан эле апасы менен чиркөөдө хордо ырдап, өз талантын эл алдына алып чыга баштаган. “Мен ырдаганда көпчүлүк угармандарым көздөрүнө жаш алышар эле” деп ырчы бул тууралуу дайым эскерчү. 11 жашынан тарта фотомодель катары да иштеп, көптөгөн жарнамалык роликтерге тартылган. Ал кезде болочок дүйнө жылдызы бий жана актёрдук чеберчилик боюнча атайын ийримдерге да барчу. Уитни үй-бүлөдө 4 бир туугандын эң кенжеси эле.

УИТНИ “ГИННЕС РЕКОРДДОР КИТЕБИНДЕ”
Гиннес рекорддор китебинде” Уитни Хьюстон эң көп сыйлыктардын ээси болгон артист катары жазылып калды. Анын сыйлык, наамдары жалпы 411ге жеткен. Башкасын айтпаганда эле ырчы, актриса 2 “Эмми”, 6 “Гремми”, “Billboard” журналынын 30 атайын сыйлыктарынын ээси. Анын альбомдору жалпысынан 170 миллион даана сатылып, бул жаатта да эң алдыңкылардын катарында. Мындай ийгиликтүү кадам ырчы үчүн 1983-жылы популярдуу «Ариста» компаниясынын президенти Клайв Девис менен болгон келишимге кол коюлган күндөн башталган. Андан бир жыл өтпөй эле өзүнүн ысымынан аталган алгачкы альбомун чыгарып, атын алыска тааныткан. 1987-жылы “Сага болгон сүйүүмдү сакта” аттуу ыры менен “Гремми” сыйлыгын алгачкы ирет багындырган.

"ЖАН САКЧЫДАН" ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН
1992-жылы ырчы Уитни Хьюстон өзүн актриса катары сынап, “Жан сакчы” фильмине тартылат. Бул тасма үчүн ал 4 ыр жараткан жана алардын бири сүйүү гимнине айланган легендарлуу “Мен сени ар дайым сүйөм” аттуу чыгармасы эле. “Жан сакчы” тасмасы менен дүйнө жүзүнө атагы чыгып, андан кийин да бул жаатта эмгектенүүсүн улантат. 1990-жылдардын көбүрөөк бөлүгүн Уитни тасма талаасына арнаганына карабастан, “Жан сакчыдан” кийин элге сиңген, эң мыкты деген роль жарата алган эмес.
Негедир кийинки ырдаган ырлары да сахнага жаңы келген кездеги ийгиликтерин кайталай алган жок. Муну көпчүлүк үй-бүлөлүк чыр-чатактары менен байланыштырып келишет.

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ТУРМУШ
1980-жылдары Уитни Хьюстон футболист Рэндалл Каннинг жана актёр Эдди Мёрфи сыяктуу бир топ таанымал адамдар менен жакын мамиледе болгон. Бирок 1989-жылдан тартып рэп ырчысы Бобби Браунду болочок жолдошум деп жар салып, үч жылдан кийин 1992-жылы 18-июлда эки жылдыз баш кошушкан. Ошол күндөн тартып Бобби Браун деген түйшүккө малынган. Себеби жолдошу күн санап баңгизаттарына болгон кызыгуусун күчөтө берген. Анын айынан ырчы бир ирет эне болуу бактысынан ажырап, экинчисинде гана Кристина Браун аттуу кыздуу болгон. Төрөт үйүндө Бобби “мен силерди мындан кийин капа кылбаймын” деп көзүнө жаш ала сөз бергени менен, өз сөзүнө турган эмес. Ал тургай күн санап ырчы жубайына кол көтөрүүсүн көбөйтүп, Уитнинин денесинде көк ала көбөйө берет. Браундун буга чейин үч ирет үйлөнүп, үч баласы бар экендиги да кийинчерээк ачыкка чыккан. Түшүнбөстүк, кол көтөрүү, кыйноолордун жыйынтыгында жубайлардын экөө тең баңгизаттарын ачык эле колдоно башташкан. Акыры 2006-жылы күзүндө Уитни ажырашууга арыз берген. Журналисттердин “сизди Бобби урчу беле?” деген суроосуна жылмайып гана “жок, мен аны урчумун” деп жооп берчү.

БАҢГИЗАТКА БАЙЛАНГАН УИТНИ
2000-жылы 11-январда Гавайи аэропортунда Уитни Хьюстон алгачкы ирет баңгизаты менен кармалган. Ошол күндөн тартып ырчынын айланасында бул затка байланышкан ушак кептер күчөп жүрүп отурду. Кийинчерээк баңгизаттарын колдонгондугун ачык эле айтып чыкканы да бар. Ал тургай мындай терс сапаттардын айынан “Уитни каза тапты” деген ушак кеп 2002-жылдын декабрь айында дүйнөнү кезип жөнөйт. Көп өтпөй мунун калп экендиги аныкталган.
2004-жылдын март айында ырчы наркологиялык клиникада дарыланып чыккан, бирок кийинки эле жылдын жазында мындай үрөйдү учурган ооруканага экинчи ирет келип түшөт. Өмүрүнүн акырына чейин баңгизаттарын колдонуп жүргөндүгү да айтылууда.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


Кош, Уитни

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(14)
20.02.2012. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Так жалкооо
20.02.2012. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бангизаттан канча атактуулар олуп жатат.
20.02.2012. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ырчы болчу....ырлары туболукко калды...
20.02.2012. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага абдан жаккан ырчы болчу.
SUPER.KG видео
20.02.2012. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаткан жери жайлуу болсун!!! Байкуш Уитни дагы жашаса кандай чыгармадарды чыгармак эле? Балким Кыргызстанга келип кетмек беле?
SUPER.KG видео
20.02.2012. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мдааа өкүнүчтүү...=(( Супер инфонун жамаатына жана Адилет байкелерге чон рахмат биз учун тыным албай чуркап жургонунуздорго ))
20.02.2012. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пусть земля будет пухом...
SUPER.KG видео
20.02.2012. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кош,Уитни
SUPER.KG видео
21.02.2012. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jatkan jeri jailuu bolsun amerikada elder ishenbei jatyshat olgonyno men da kybo bolup jatam USA de kantkeni menen okynychtyy kaira artka kairylbait ....
SUPER.KG видео
22.02.2012. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уитни кош!!! Жаткан жери жайлуу болсун!!!(((((
SUPER.KG видео
23.02.2012. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jatkan jeri jayluu bolsun :'(
SUPER.KG видео
24.02.2012. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bobby Braunga jolukpaganda Witneynin jashoosu takyr bashkacha bolmok ele da.
SUPER.KG видео
25.02.2012. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bliiin menin kichinemen beri jaktirgan irchim jatkan jeri jailyy bolsyn
SUPER.KG видео
27.02.2012. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
""I will always love you ""Whitney!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо