КЛИЧКО НААМЫН САКТАП КАЛДЫ

№486 24-февраль - 1-март, 2012-ж.

18-февралда украиналык Виталий Кличко британиялык Дерек Чисораны утуп (упай айырмачылыгында үч калыстын чечими менен 118:110, 118:110, 119:111 эсептеринде), WBCнин версиясы боюнча чемпиондук наамын коргоп калды. Беттешке чейин мушкерлер күйөрмандарга нокаут убада кылып, бирок экөө тең аткара алышкан жок. Беттеш Кличконун үстөмдүгү астында өтүп, жеңип чыгуу оор болгонун моюнга алды. Бирок Кличконун жеңиши Чисоранын рингден тышкаркы опсуз жоруктарынын көлөкөсүндө калгандай болду.
"Виталийди жейм, жутам" деп ызырынган британиялык беттешке чейинки маалымат жыйынында Виталийди жаак талаштыра муштаса, беттеш башталарда иниси Владимирдин бетине түкүрүп салды. Бул жоруктарын боксту сыйлабагандык деп баалаган WBC уюму мушкерге 50 миң доллар айып салды. Бул да Чисораны токтото албады белем, жеңилген соң маалымат жыйыны учурунда мекендеши Дэвид Хэй менен мушташа кетти. Чырдын түйүнү Хэйдин Чисораны “жолсуз” дегенинен башталган дешүүдө. Мушташ үстүндө Чисора: “Хэй, сени атып кетем!”- деп айтты. Англиялыктардын мушташын көрүп эрксизден жылмайган Кличко тарап: “Эми британиялыктар менен эч кандай алакага барбайбыз”,- деди.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
27.02.2012. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чисора оозуна суу жутуп анан владимирдин бетине чачып жиберди.кличколор бир кана британиялык боксчулар менен чыкса кооп акча таба алышат алардан башка олкодо кучтуу боксчулар жок.мисалы былтыр эле владимир кличко британиялык девид хей менен чыгып 20 млн долларга иштеди.ага чейин аз эле акча тапчуу экен деп.британиялыктар менен алакага барышпаса кооп акча таба алышпайт.бокс бул бизнес эмеспи.
28.02.2012. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
samat-91, ооба чисоранын ошол кылыгы жакпады, владимир бир муштаса жакшы болмок ошо негрди, виталийден мен да нокаут менен женишин кутком, бирок чисора ото выносливый экен, туруп берди 12раунд
29.02.2012. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
виталийдин шаштысын алдыго бечара виталий каарыдыда 40 жашында мушташып журот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо