Мүзүр Мамбетов: «ГҮЛМИРА ӨЗҮНҮН АГАЙЫН СҮЙЧҮ»

№486 24-февраль - 1-март, 2012-ж.

“Сирень гүлү”, “Ак жамгыр”, “Кызыл гүл” ырларын чогуу ырдаган жубайлардан түзүлгөн “Кеңеш” тобу бул аптадагы каармандарыбыз. Экөө учурда экинчи наристесин кубанып күтүп турган чагы. Экөөнө тест катарында окшош суроолорду өз-өзүнчө берип, бири-бирин канчалык деңгээлде билишерин баамдап көрдүк.

МҮЗҮРДӨН ГҮЛМИРА ТУУРАЛУУ:

– Гүлмира эркеби?
Мүзүр: – Ооба.
Гүлмира: – Ооба.

– Жакпаган сапаты?
М.: – Боёнуп отура бергени.
Г.: – Көк беттик.

– Сиздеги Гүлмирага жакпаган сапат?
М.: – Айтып туруп, аткарбай койгонум.
Г.: – Көк беттиги.

– Келинчегиңиз кайсы ырчы жигитти жактырат?
М.: – Нурлан Насип.
Г.: – Нурлан Насип.

– Экөөңөр чогуу жасаганды жактырган иш?
М.: – План түзүү.
Г.: – Кино көрүү.

– Гүлмиранын ушул убакытка чейин жашырып айта албай жүргөн сыры барбы?
М.: – Билбейм, болушу мүмкүн.
Г.: – Бар.

– Алгачкы сүйүү канча жашында келген?
М.: – Мектепте окуп жүргөндө өзүнүн агайын сүйчү экен. Канчанчы класс экенин билбейм.
Г.: – 9-классымдан баштап Шакрукх Кханды жакшы көрөм. Мүзүрдү да ошого окшоштуруп сүйүп калгам

– Эмне жөнүндө кыялданат?
М.: – Сулуулук салонун ачсам дейт.
Г.: – Көп балалуу болсом дейм.

– Үйдө ким көп “косяк” ке­тирет?
М.: – Мен.
Г.: – Мен.

– Канчанчы өлчөмдөгү бут кийим киет?
М.: – Билбейм.
Г.: – 37.

– Азыр тырмагы кандай түстөгү лак менен боёлгон?
М.: – Байкабадым.
Г.: – Боёк жок.

– Кечинде эмнелерди ойлоп жатат?
М.: – Билбейм.
Г.: – Салып жаткан үйүбүз эртерээк бүтсө экен деп.

– Балаңыздын туулган күнү качан?
М.: – 25-июль, 2006-жыл.
Г.: – 25-июль, 2006-жыл.

– Берилип жасаган тамагы?
М.: – Манты.
Г.: – Палоо.

– Сизге калп айтабы?
М.: – Балким.
Г.: – Айтам. Анткени кээде айымдарга гана тиешелүү сырлар болуп калат.

– Кайсы гүлдү жакшы көрөт?
М.: – Көпкө чейин соолубаган бир гүл бар го, ошону.
Г.: – Роза гүлү жагат.

– Гүлмиранын эмнесине көп комплимент айтасыз?
М.: – Тамактарына.
Г.: – Тамактарыма. Же ошентип алдап жейби, билбейм.

– Жашоодогу эң жакын досу ким?
М.: – Эжеси.
Г.: – Зияда деген курбум.

– Азыр жанында канча акча бар?
М.: – Жакшы эле бар болчу.
Г.: – 2-3 миң сомдой бар.

– Үйгө кеч келип калганда кандай тосуп алат?
М.: – Жакшы эле.
Г.: – Кеч деле келбейт.

– Азыр Гүлмира эмне жөнүндө ойлонуп жатат?
М.: – Мен жөнүндө.
Г.: – Эч нерсе ойлогон жокмун.

– Эсте каларлык белеги?
М.: – Сүйлөшүп жүргөндө 23-Февралга костюм-шым белек кылган.
Г.: – Бир жолу жашыл көйнөк бергем. Ошол эсинде калса керек.

– Тест бүткөндө сизге берер биринчи суроосу кандай болот?
М.: – "Үй жыйнаш керек" дейт болуш керек шыр эле.
Г.: – Кайсы жакка барабыз?

ГҮЛМИРАДАН МҮЗҮР ТУУРАЛУУ:

– Интернеттен кыздар менен таанышабы?
Г.: – Жумуштар менен гана болбосо, таанышпайт.
М.: – Жок, интернетке киргенди билбейм.

– Кайсы өлчөмдөгү бут кийим киет?
Г.: – 39-40.
М.: – 40.

– Досторуна көп көңүл бурабы же сизгеби?
Г.: – Мага.
М.: – Экөөнө бирдей.

– Карыганда сакал коёбу?
Г.: – Койсо керек.
М.: – Ооба. Бул сүннөт.

– Сүйүүсүн сизге кандай билдирген?
Г.: – “Сени сүйөм” деп.
М.: – Туулган күнүндө күмүш шакек берүү менен.

– Кандай “привычкасы” бар?
Г.: – “Энеңди урайын” деген сөздү көп айтат.
М.: – Бирөөнүн кулагын кармаганды жакшы көрөм.

– Таарынганда кандай адам?
Г.: – Көк бет.
М.: – Ачуулуу.

– Оюңузча, сизге айтпай туруп кылган иштери барбы?
Г.: – Бар деп ойлойм.
М.: – Ага айтпай ыр жазам.

– Баласын көбүрөөк жакшы көрөбү же сиздиби?
Г.: – Баласын го.
М.: – Бала таттуураак го.

– Койду жиликтеп, устукан тартканды билеби?
Г.: – Билбейт.
М.: – Билем.

– Романтикпи?
Г.: – Ооба.
М.: – Анча эмес.

– Кайсы жери көп ооруйт?
Г.: – Башы.
М.: – Желкем.

– Айына канча акча табат?
Г.: – Санап көрө элекмин.
М.: – Жакшы эле табам, сыр бойдон калсын.

– Балдарыңыздардын кимге окшош болушун каалайт?
Г.: – Өзүнө.
М.: – Кыздардын апасына, балдардын мага окшош болгону жакшы.

– Кайсы күнү үйлөнгөнсүздөр?
Г.: – 16-июль, 2002-жыл.
М.: – 16-июлда, Гүлмиранын туулган күнүндө. Жылын унутуп калыпмын.

– Сүйүүгө канча жашында туш болгон?
Г.: – Айткан эмес.
М.: – 8-класста классташ кызымды сүйүп калгам.

– Жактырган тамагы?
Г.: – Куурулган картошка.
М.: – Беш бармак.

– Жолдошуңузга арык кыздар жагабы же толуктарбы?
Г.: – Айткан эмес.
М.: – Арык.

– Кайсы сапатыңызды жактырат?
Г.: – Токтоолук, кечиримдүүлүк.
М.: – Кечиримдүүлүк.

– Көп колдонгон сөзү?
Г.: – “Энеңди урайын”.
М.: – “Иншаллах”.

– Калп айтып койчу жайы барбы?
Г.: – Кээде айтат. Алдап жатканын көздөрүнөн билип коём.
М.: – Кээде айтууга туура келет.

– 14-февралда эмне белек кылды?
Г.: – Эч нерсе.
М.: – СМС жаздым.

– Кайсы жагында калы же тырыгы бар?
Г.: – Сол кашынын үстүндө жана далысында калы бар. Тырыгы жок.
М.: – Чекемде калым, оозумдун оң жагында тырыгым бар.

Бирге түтүн булатып, чогуу жашап жаткандарына 10 жыл болгонуна карабастан, азырынча бул түгөйлөр бирин-бири толук таанып-биле элек экен деген жыйынтыкка келдик. Жан шериктерге үй-бүлөлүк бакыт каалайбыз.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


Мүзүр Мамбетов: "Гүлмира өзүнүн агайын сүйчү"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(51)
SUPER.KG видео
27.02.2012. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ar dayim baktyluu bolushsun!!!
SUPER.KG видео
27.02.2012. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар дайым бактылуу, YЛГYЛYY YЙБYЛОДОН болгула!!!!!
SUPER.KG видео
27.02.2012. 04:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула.Аман эсен коз жарып алсын.
SUPER.KG видео
27.02.2012. 08:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маааааааааашааллах ар дайым ушунунардан жазбай журо бергиле))))))))))
SUPER.KG видео
27.02.2012. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамды омур бою билуу мумкун эмес, ошол себептен мындай тест жургузуп, тыянак чыгаруу туура эмес деп эсептейм
27.02.2012. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары сонун)Бактылуу болушсун.
SUPER.KG видео
27.02.2012. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантип эле аялы болуп туруп кайда журдун деп сурабасын,аман эсен коз жарып алсын эми
27.02.2012. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ekoo olo soonun para go.maga abdan jagat/bakyt kaalaim
27.02.2012. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktiluu bolgula Muzur sari tishini ak tish salip alchi

SUPER.KG видео
27.02.2012. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага эн жаккан жери. Музур кайсыл созду коп айтасын?- десе "иншаллах" деди эле аялы болсо "энендурайын" деген созду коп айтат деди го. Ой кулдум да (хахахахааха.
SUPER.KG видео
27.02.2012. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы уй булоо экен мага да жакты эненди урайын дебесе аялы андан да жакшы коруп койчудай
SUPER.KG видео
27.02.2012. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула
28.02.2012. 06:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
da biri birin koburook tanip bilishi kerek birok biri biri jakshi ele korushot eken baktiluu bolushsun semeini bolup kalgandan kiyin tushuk bolup kobun unutup kalishat da atak 4 plusom bul tugoilorgo
SUPER.KG видео
28.02.2012. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кармашкан колунар узулбосун туболуко бактылуу болгула
SUPER.KG видео
28.02.2012. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман эсен коз жарып алыныз!
SUPER.KG видео
29.02.2012. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун 10 жылы 100 жылга узарсын.
SUPER.KG видео
29.02.2012. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун эээээээн сонун уй булоо аман болунуздар.Музур байке балдызынынз жокбу бажа болойлу ха ха
SUPER.KG видео
29.02.2012. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйоосу аялын жакшы билет экен +5)))
03.03.2012. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула баланардын кудайым омуру ден соолугу мээрими менен бергени чын болсун
03.03.2012. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялы эненди урайын десе,куйоосу иншалах деп койгону ото кулкулуу болду
03.03.2012. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жакшы коргон ырчыларым го. Аябай жакшы ырларды ырдашат. ундору да жагымдуу. Силерге чыгармачылык ийгилик каалайм.Гулмира аман-эсен коз жарып ал.
03.03.2012. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы ынтымактуу уй було болуш керек.Ушинтип жакшы уй було болуп, жаштарга улгу болгула. Гулмиранын вкусу аябай жакшы болуш керек. Эмне болсода бактылуу болгула.
04.03.2012. 03:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула!!!
SUPER.KG видео
04.03.2012. 04:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кармашкан колунар узулбосун туболукко и кадыр барктуу момун мусулмандардан болгула.Аллаа озу клодосун.
SUPER.KG видео
17.03.2012. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
birin biri jakwi ele biliwet, birin birin jakwo biliwpeyt eken dep jiyintik chigaruu tuura emesko, aman esen koz jarip alsin, baktilu uy buloo eken, Allahim ozu koldosun bul uy buloonu
SUPER.KG видео
18.03.2012. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы !!!! Бактылуу уй було болгула!!! Чыгармачылыкта да эн мыкты. Эч кимге окшошпогон ойлор менен дайыма алды да !!!
SUPER.KG видео
20.03.2012. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силердин ырынардын коштоосунда синдимди турмушка узатканбыз. Ошондуктан, силердин ырларды уккан сайын ошол сонун кун эске тушот. Бактылуу болгула.
SUPER.KG видео
28.03.2012. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырлары чын эле жага бербейт,бирок абдан сыйлайм бактылуу болушсун,кинону тытып коргону жакты.
SUPER.KG видео
14.05.2012. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула,бизге да аябай жагасынар!
SUPER.KG видео
14.06.2012. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aman esen bolso eken Gulmira eje.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо