Алиман Дүйшеналиева: «АЛИМАН ЭМЕС, АЛИША ДИАМЫН»

№486 24-февраль - 1-март, 2012-ж.

Кымча белдүү кыялкеч кыздардын арасында Алиман да бар. Учурда кыргыз тасма талаасында көптү үмүттөндүргөн актрисалардын катарында. Ал эле эмес, бул селки учурда бойдок кыздардын сап башында, жигиттердин карегинде.

– Кандайсың, Алиман? Жакында эле Москвадан кайтып келдиң. Ал жакта эмне иш менен алек болуп жүрдүң?
– Ата-энем ошол жакта болгондуктан, аларды абдан сагындым. Жакындарымдын жанында болуп, сагынычымды таркатып кайттым.

– Бир жолу экөөбүз баарлашканда "имиджимди өзгөртсөмбү деп ойлонуп жатам" деп калдың эле...
– Ооба, өзгөрүүнү мен аты-жөнүмдөн баштадым. Эми мен сахнага Алиман эмес, Алиша Диа деген ысым менен чыгам. Кичинемден эле Алиша деген ат мага абдан жакчу. Ал эми Диа деген сөз – фамилиямды эле кыскартып койгондогум.

– Жакшы. Кел, сүйүү, бойдокчулук, мырзалар тууралуу сүйлөшөлү. Жигитти тандоодо биринчи эмнесине көңүл бурасың?
– Эң биринчиден, мырзалардын эркек деген атка татыктуу болушун каалайм. Албетте, ага чечкиндүүлүк, акылдуулук, өзүнө ишенимдүүлүк, тапкычтык жана башка ушуга окшош көп сапаттар кирет. Өтө эле шок балдарды жактыра бербейм.

– Сыр болбосо айтсаң, биринчи жолу качан өбүштүң эле?
– Ий, кокуй, кызарткан суроо берип салдың го...
18 жашымда бир бала мага сүйүүсүн арнап жүрчү. Эми ойлоп кетишпесин, “засос” деп. Андай деле болгон эмес. Ал бала менен катарлаш отурганбыз. Анан мени Алишка деп чакырса эле бурулуп карай салсам, экөөбүз тиктешип калдык. Анан... Бирок аябай уялып, ушундай жаман болгом. Ошол күндөн кийин экөөбүздүн ортобузда “симпатия” жаралган.

– Сүйүү үчүн кандай курмандыктарга бара аласың?
– Сүйүү үчүн анча-мынча курмандыктарга бардым. Анын баарын санап отурбай, бирөөнү эле атайын. Сүйүү деп ата-энемден алыс, бул жакта жалгыз жашап жүрдүм. Эгерде менин курмандыгым экөөбүздүн ортобуздагы мамилени сактап кала турган болсо, мен баарына эле даярмын.

– Бардык эле курмандыктарга бара алам деп жатасың. Эгерде сен тандаган мырза актрисалык карьераңа чекит кой десечи?
– Мындай сунуштар мага карата айтылган. Негизи, мени көп ойлонтту, башында бул суроо. Бирок аялзатынын биринчи максаты – бул жашоодо бала төрөп, жакшынакай жар болуу, андыктан мен андай сунушка макул деле болом. Дайыма эле үйдө отура берген айым болгум келбейт. Кичине да болсо ишкердүүлүк менен алек болуп, өзүмдү жакшынакай алып жүрсөм дейм. Сонун да, балдарың мактануу менен "бул менин апам" деп турса.

– Эгерде болочок жолдошуң башка айым менен мамиле түзүп алса, кечире алат белең?
– Айтып коюшат го, көп эле эркек аялынын көзүнө чөп салат деп. Менин жолдошум ошондой жорукка барса да, мага таптакыр билгизбеши керек. Бирок мен табигатымдан кечиримдүүмүн. Алдыма жыгылып келсе, кантип кечирбейм? Үй-бүлөнү сактап калууга аракет кылыш керек да, көк беттене бербей.

– Ушул жашыңа чейин канча мырза менен мамиле түзүп көргөнсүң, санап бере аласыңбы?
– Мм, эки мырза сүйүүсүн арнап, мамиле түзүүгө аракет кылган. Бирок сүйүү эки тараптуу болбогондон кийин жыйынтык чыккан эмес.

– Өзүңдү сулуумун деп эсептейсиңби?
– Сулуу болбосом да, сымбаттуумун.

– Эң романтикалуу “свиданиеңди” айтып берсең...
– Нурик деген дос балам жолугууга чакырып калды. Эч нерседен капарым жок эле чыккам. Бир маалда машинасынын эшигин ачса, розалардын желекчелери куюлуп эле жатып калды. Сизге калп, мага чын. Машинанын салонун роза желекчелери менен толтуруп салыптыр. "Бардачокту ач" деп жатпайбы. Ичимден "ии, болду эми, бардачокто шакек болуш керек" деген ой келди. Ачсам, дагы деле роза желекчелери, анан бир роза гүлү бар экен. Тим эле толкунданып, апама чалгым келип араң токтодум. Кафеге барып орун алган соң менюну ачсам, анда да толтура роза желекчелери. Ошентип, бул жолугушуу эң романтикалуу болуп эсимде сакталып калды. Бирок ал досум бойдон калып, мамиле түзгөн жокпуз.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Алиман Дүйшөналиева: "Жашоомдо азыр оор кырдаал болуп жатат"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(46)
SUPER.KG видео
27.02.2012. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дааааааааа чыынында эле аябай токтоо, аябай акылдуу кыз экен. мен современный мирде жашап жатам деп озун которбой жонокой, уялып ыймандуу экен, мен ойлойм сен алибетте оз бактынды, принцинди табасын иншаллах
SUPER.KG видео
27.02.2012. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
актриса катары айта албайм- тасмаларын коро элекмин-трейлерлерин эле коруп- образды жакшы жаратканын байкадым. Ал эми адам катары- сонун суйлогондоруно. мунозуно, жашоого болгон коз карашына, жонокойлугуно мыкты деген баа берем. чыгармачылыгына ийгилик!!! оз бактысын тапсын
27.02.2012. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец!!!Ийгилик сага!!!!!!
27.02.2012. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай берген атын менен деле элге таанымал болсон болот. Алиша диасы жок деле.
27.02.2012. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул сумканы 500 эле сомго дордойдон сатып алгам дегени жакты.
Молодец.Очень простая,красивая и талантливая девушка.Я смотрела казахский сериал "жаным".Мне очень понравилось,что вы играли ни чуть не хуже казашек.Так держать.
А все кто против ,не завидуйте.Наоборот нужно поддерживать наших!
27.02.2012. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойда жиликтепсинер го байкуш кызды )))) параметрлерин айтам да ))) а так ийгилик, жакшынакай кыз.
27.02.2012. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul ozu kim degi?birin4i jolu koruwum :D
27.02.2012. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Knt, бул кыз актриса...Ыссык Кульский Беш бармак..деген кинодон коргом.
27.02.2012. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adelima,боорду эздин гоо
28.02.2012. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таланттуу актриса,анан ырдай корбо деги озундун кадырынды гана тушургонун калат............
28.02.2012. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жакты молдес абжекен
28.02.2012. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сыр болбосо айтсаң, биринчи
жолу качан өбүштүң эле? – Ий, кокуй, кызарткан суроо берип
салдың го...
18 жашымда бир бала мага сүйүүсүн
арнап жүрчү. Эми ойлоп кетишпесин,
“засос” деп. Андай деле болгон эмес.
Ал бала менен катарлаш отурганбыз. Анан мени Алишка деп чакырса эле
бурулуп карай салсам, экөөбүз
тиктешип калдык. Анан...-ушул жери жакты:)
SUPER.KG видео
28.02.2012. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик каалаймынт, таланытынды сыйлайбыз!!!!
28.02.2012. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
500 сомдук сумкасы анан синдисинен тартып алган туфлиси жакты, молодец башкалардай болуп мынча сомдук туфли мынча сомдук сумка деп мактанбай ачык айтыптыр, жакты мага!
29.02.2012. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алиман красавица!!! Фильмди да жакшы аткарасын!!! Чыныгы актрисасын жана ушундай жонокойлугундон кайтпа!!! Ийгилик сизге!!! Эх туфлянды тартып алсам...хехехе!!!!:)))
29.02.2012. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орду менен сүйлөгөн, жөнөкөй кыз экен. Негедир ойсоке болсо керек дечүмүн.
29.02.2012. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! Казакстандын "Жаным" деген сериалында жакшы ойноптурсун, таланттын орчундой берсин, Ийгилик!!!
29.02.2012. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтчы Алиша диа эмне учун менин куйоомо дружба предлагать эттин бугун?
01.03.2012. 04:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janim kinonu online korsok bolobu?bilgender shilteme berip koigulachi plz.
02.03.2012. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
issikkulskiy bewbarmaktagi karmaym,bajagin 4igaram degeni jakkan
03.03.2012. 00:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talantyna tawkyndap,onoru orkundoi bersin,asamat!!!!!! men jonokoiluguno baa berdim
SUPER.KG видео
03.03.2012. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baarynanda jasalma bolbouy chininda ozun korsoto algani jakty, jonokoy kichi peyil kiz eken, iygilik:)
03.03.2012. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантынды улантышын керек, таштап салбай.......
SUPER.KG видео
06.03.2012. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец эжеге ийгилик каалайм !!!!!!!!!!!! аябай талантту ,айрыкча казактардын сериалында укмуш ойногон бул эже
SUPER.KG видео
09.03.2012. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперская девченка!!! молодец!!! алга алга))
omur_alay полностью с тобой согласна))
SUPER.KG видео
14.03.2012. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кыз экен
SUPER.KG видео
15.03.2012. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кыз менен баланын ортосундагы достук болбойт" дегенге мен да кошулам. Анткени мен да жолдошум биринчи "дос" болуп, анан "уй булоо" болуп калганбыз.
01.04.2012. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец она действительно талантливая девушка.ошо эле учурда жонокой кыз,мага жонокойлугуу менен абдан жагат,бирок берген интерьвюсунда настроениеси аябай жоктой корунот го.
SUPER.KG видео
23.06.2012. 06:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чындыгында мен бул кызды танычу мес кенмин, но характер смотрю у нее офигенский)) молодчинка)) если у нее факультет международные отношения..думаю она там училась отлично...по своей специальности тоже смотрю далеко пойдет...нам такие и дипломаты нужны особенно в это наше нелегкое время..но и как актриса я уверена она талантливая...выбор за ней)) что бы не выбрала она девушка развита все сторонне) Дерзайте Алиман эжешка)) успехов вам самых высотных)))
SUPER.KG видео
23.06.2012. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ИншаАллах мынча ширин кыз аявай жакты ийгилик!мамилеси аябай жакшы корунот!
SUPER.KG видео
24.06.2012. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба жакшы кыз экен
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо