Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БИЗ БИЛГЕН ДЕМИР ЖЕ МУРАТ ЙЫЛДЫРЫМ

№486 24-февраль - 1-март, 2012-ж.

“Аси”, “Сүйүү жана жаза” деген түрк сериалдарынын баш каарманы, узун бойлуу, кең далылуу, сүрдүү, келишимдүү жана атактуу Мурат Йылдырымга кимдер гана кызыкпайт? Кыздардын кыялына айланган жылдыз, түрк актёру Мурат – биздин макаланын баш каарманы.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • “Сүйүү жана жаза” сериалында Бодрум шаары кеңири сүрөттөлөт. Мына ушул шаарда Мурат жубайы Бурчин менен бал айын өткөргөн.
  • Актёрго Туба Бүйүкүстүн жакчу, бирок кыздын текеберлиги анын көңүлүн сууткан.
  • Балалуу болууну кыялданган Мураттын бул каалоосун жубайы азыркыга чейин ишке ашыра элек.
  • Энеси жактан тукумунда сириялыктардын каны бар.
  • Саясатка аралашкысы келбейт. Кийинчерээк киностудия ачууну максат кылат.
  • Оң каармандын ролун көп сунушташат.
  • Голливуд жылдыздарынан Хавьер Бердам, Шон Пенн, Жонни Депп менен бир тасмада тартылгысы келет.

АТАСЫ ӨЗҮНҮН МУГАЛИМИ
Түрк сериалдарынын мегажылдызы Мурат Йылдырым 1979-жылы 13-апрелде Түркиянын Конья шаарында жарыкка келет. Апасы араб тили боюнча котормочу болсо, атасы театр менен алектенчү. Мураттын актёрлук кесипке болгон шыгынын эрте ойгонушуна атасынын кошкон салымы зор. Ал мектепте окуп жүргөн кезинен эле окуусунан сырткары театрдагы ийримдерге катышчу. Ийримдеги мугалими, албетте, атасы эле. Мындан улам Мураттын актёрлук билим-тажрыйбасы эрте башталган...

АКТЁР ЭМЕС, ИНЖЕНЕР
Мектепти аяктаган соң болочок актёр Стамбулдагы “Йылдыз” техникалык окуу жайынын машина куруу факультетине тапшырат. Инженер-механик адистиги боюнча дипломдуу болгон Мурат университетте окуп жүргөндө да актёрлук чеберчилик боюнча кошумча сабакка барып жүрөт. Студенттик театрда ойноп жүрүп, 1999-жылы “Айрылсак да бирге болушубуз керек” деген сериалда роль аткарып, актёрлук тушоосун кесет.

БАШТАЛЫШЫ СӨЗСҮЗ ТАТААЛ БОЛОТ
Адамды теше караган көз караштын ээси Мураттын карьерасынын башталышы ийгиликтүү болгон жок. Ал 2003-жылы “Түбөлүк сүйүү” сериалында роль жаратып, бирок сериалдын рейтингинин төмөндүгүнөн улам анын 11 гана сериясы көрсөтүлүп, калганы көрсөтүлбөй калган. Андан соң 2004-жылы “Баары менин балдарым” жана “Зор калп” деген сериалдарга тартылып, аз да болсо эл эсинде калганга жетишет. Эми гана киноиндустрияга аралашып келаткан таланттуу актёрго Түркиянын мыкты сериалдарын жараткан режиссёрлор көз сала башташат.

ЖУБАЙЫН “БОРООНДОН” ТАПКАН
Йылдырымга популярдуулук алып келген тасма – 2006-жылы тартылган “Бороон” сериалы. Ушул сериалдагы ролу үчүн Мурат Түркиянын “Оскары” катары эсептелген “Алтын апельсин” сыйлыгын алат. Атак алып гана тим болбостон, сериалдагы өнөктөшү актриса Бурчин Терзиоглы экөөнүн ортосунда махабат оту жанып, 2008-жылы түгөйлөр баш кошкон.

«АСИДЕН» КИЙИН ДЕМИРГЕ АЙЛАНАТ
2007-жылы чыккан “Аси” сериалындагы Демирдин ролунан кийин актёр Түркияда гана эмес, чет өлкөлөрдө да жогорку суроо-талапка ээ актёрлордун тизмесине кирет. Атактуулуктун туу чокусун багындырган Мураттын күйөрмандары эми Германия, Болгария, Румыния, Иран, Азербайжан жана Борбор Азия өлкөлөрүндө миллионду чапчыйт. Мындай бийик абройдон улам актёр роль сунуштаган режиссёрлордун келишимдеги пункттарына өз талаптарын киргизип калган. Аны чет өлкөлүк тааныштары жана күйөрмандары «Демир» деп чакырышарын айтып, муну актёр сериалдын популярдуулугу менен байланыштырат.
“Аси” сериалын тартуу учурунда актёрдун жубайы Бурчин жолдошу аткарган ар бир эпизоддо аны жандап жүргөн. Анткени Муратты тасмадагы өнөктөшү актриса Туба Бүйүкүстүндөн (Аси) абдан кызганарын айтышат.

ЖУБАЙЫН КҮЙӨРМАНДАРЫ ЖЕК КӨРҮШӨТ
Түркияда бир топ эле популярдуу болгондугуна карабастан, Бурчин Терзиоглы күйөөсүнүн чектен ашкан күйөрмандарынан көп жолу жапа чеккен. Айрым басылмалар “Бурчин күйөөсүнүн карьерасы үчүн өзүнүкүн курмандыкка чалды” дешсе, кээ бирлери “Бурчин өтө кызганчаак. Сулуу актрисалардан Муратты кайтарып жүрүү үчүн эле өзүнүн карьерасын унутуп калды” деп айтышат. Ал эми Муратты сүйгөн кыздар Бурчинге “үй-бүлөңдүн акчасы үчүн эле сага үйлөнгөн”, “сен байкушсуң” деген сыяктуу сөгүш сөздөрүн ар кайсы интернет булактарына калтырышчу. Мындай билдирүүлөрдү Бурчин кадимки көрүнүш катары кабыл аларын айтат.

ТУБА БҮЙҮКҮСТҮНБҮ ЖЕ НУРГҮЛ ЙЕШИЛЬЧАЙБЫ?
Мураттын катышуусундагы 2009-жылы тартылган “Сүйүү жана жаза” сериалы да эң ийгиликтүүлөрдүн бири. Мураттын бул сериалдагы өнөктөшү Ясминдин ролундагы актриса Нургүл Йешильчай экөөнүн ортосунда ысык мамиле бар экени тууралуу кептер тарап кеткен. Бирок Мурат бул сөздөрдүн баарын төгүнгө чыгарган. Түркияда Туба Бүйүкүстүн менен Нургүл Йешильчай кадыр-барктуу актрисалар жана ортолорунда күчтүү атаандаштык бар. Нургүл Йешильчай Туба катышкан сериалга тартылуудан баш тартканы бул нерсени далилдейт. Мындан улам “Мурат Йылдырым эки атаандаш актрисанын кимисин тандайт?” деген интригалуу макалалар интернет булактарына байма-бай чыгып турат.


Биз билген Демир же Мурат Йылдырым

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(31)
SUPER.KG видео
24.02.2012. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер актер обожаю его!!!!!!
SUPER.KG видео
24.02.2012. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии менин жакшы коргон актер актрисам тугойлордон экен)) Кубанычтамын.
SUPER.KG видео
26.02.2012. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ролик менен кетип аткан эмне деген ыр,суранам айтып койгулачы
27.02.2012. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Murat cok agir karakterli,cok cok hemde cok seviyorum!
SUPER.KG видео
27.02.2012. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tuba bayüküstün emes büyüküstün
27.02.2012. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Аси"сериялын коргондон кийин мага да абдан жагып калды бул актер.Кээде кыялданып да кетем...ушундай жигитке жолугаар бекемин деп...
27.02.2012. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Любовь и наказание" деген сериалын коргуло кыздаааар...Саваштын ролун мыкты ойногон.
SUPER.KG видео
27.02.2012. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мурат мага абдан жагат красавчик.
28.02.2012. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынарга АСИни коргуло деп сунуш киргизем, эн сонун сериал!!!
SUPER.KG видео
28.02.2012. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жагат
28.02.2012. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул сериялдан кийин мен да "Asiyo"болуп алгамын да
SUPER.KG видео
29.02.2012. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вааай красавчег да абдан!!! Фильмдерди жакшы аткарат!!!
29.02.2012. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ваааай дайыма эле васхишастете берем да!!! Нак красавчег гооо!!!))
SUPER.KG видео
29.02.2012. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сериалдары аябай кызыктуу да.
29.02.2012. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул актёрдун "Сүйүү жана жаза" сериалындагы образы жаккан. чыныгы эркектин ролун аткарган.
SUPER.KG видео
29.02.2012. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eger ozunun jawoosunda dagy munozu Savawtykynday bolso? anda men iwenmekmin duyno juzundo samom dele idealniy mujik bar eken dep...
29.02.2012. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба Демирдин дагы,Саваштын дагы ролун сонун аткарган.Негизи,турмушта деле ошондой сыяктуу боло берет...СУПЕР АКТЁР!!!
SUPER.KG видео
29.02.2012. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a jakshi sonun serial,e bul aldidagi jazuu kazakcha,tili oruscha go,kirgizdar dele kotorup chigishbaybi,aytmakchi turkchodon kirgizchaga sonun kotormochu bolup berem,eger izdegender bolso.

SUPER.KG видео
01.03.2012. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ooba chyn ele mykty men da Jaza kinosun tolugu menen kordym abdan jakty kiziktuu eken
SUPER.KG видео
01.03.2012. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер ошол фильмдеги Саваштай болсо чыныгы жашоодо оо анда мыкты экен. Кана эми эркек аттуунун баары ошол образдай болсо.
SUPER.KG видео
09.03.2012. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вааааааааааааааааай восхищениядан олом ггоооооооооо)))))
SUPER.KG видео
17.03.2012. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
от слов ни фига ничего не понятно...........че попало балдырап суйлоп,эптеп ишин бутурду да
SUPER.KG видео
17.03.2012. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super soz jok
super info rahmat
SUPER.KG видео
18.05.2012. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
en soonun, kinodo 4ynygy rkektin brazyn atkargan... murat maga jagat.
SUPER.KG видео
15.07.2012. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
борон деген кандай тушунсо болот чапкын бороонбу же кандай жооп жазгылачы сураныч
SUPER.KG видео
18.08.2013. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге деле ушундай балдардан болсо экен.
SUPER.KG видео
18.08.2013. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен деле ушундай
11.02.2015. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой мен савашты бактылуу кылуум керек деп туну менен коруп чыкчум коз ирмебей качан ясмин экообу чогуу болот анан да баласын билсе экен деп )))))))))
28.12.2016. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурат Йылдырым эн мыкты актер!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо