Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫЛМЫШТАР ЖАНА КЫРСЫКТАР

№486 24-февраль - 1-март, 2012-ж.

МЕКТЕПКЕ КИРҮҮ 20 МИҢ СОМ
Башкы прокуратура Бишкек шаарындагы №13-мектеп-лицейдин директоруна карата Кылмыш жана жаза кодексинин 304-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш ишин козгоду. Башкы көзөмөл кылуучу органдын маалымат кызматынын 18-февралдагы билдирүүсүндө, мектептин директорунун демилгеси менен “Ой-Булак” аттуу коомдук фонд уюшулган. Фонддун эсебине аталган мектептин окуучулары “өз эрки” менен акча которуп турушкан. Балдарын мектепке киргизүү үчүн ата-энелер директордун буйругу менен сөзсүз түрдө бул фондго 20 миң сомдон төлөшчү экен. Ошондой эле директордун демилгеси менен мектепке “Чынар” ЖЧКсы
11 миллион 391 миң сомдук оңдоо-курулуш иштерин жүргүзгөн.
Текшерүүнүн натыйжасында аткарылган жумушка кеткен каражат 852 миң сомго ашыкча экендиги белгилүү болгон. Учурда иликтөө жүрүп жатат.

ЭКИ КЫЗ АБЫШКАНЫ МУУНТУП ӨЛТҮРҮПТҮР
Кочкор районунда “63 жаштагы абышканы өлтүргөн” деп шектелип эки айым кармалды. Нарын ОИИБинин маалымат кызматынын билдиришинче, 7-февралда милицияга Кочкор айылынын 1949-жылы туулган Б.О. аттуу тургунунун жансыз денеси өзүнүн үйүндө табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Соттук-медициналык экспертиза Б.О. муунтулуп өлтүрүлгөндүгүн аныктаган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөөнүн натыйжасында Кочкор айылынын 32 жана 23 жаштагы тургундары М.А., О.И. аттуу айымдар кармалган. Маалыматтарга караганда, кылмыш чогуу ичимдик ичип отуруп, урушуп кеткенден улам чыккан. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

ТУННЕЛЬ КАЗЫП, ТҮРМӨДӨН КАЧМАКЧЫ БОЛУШКАН
№1-абакта кылдаттык менен бекитилген, өткөөл үчүн казылган жер табылды. Жаза аткаруу кызматынын билдиришинче, казылган жердин узундугу 10 метр, тереңдиги 2 метрге жеткен. Туннель пландык тинтүү учурунда табылып, абактагылардан 103 саюучу курал, акча, уюлдук телефондор, оюн карталары, фотоаппарат жана башка тыюу салынган буюмдар алынган. №1-абак Чүй облусунун Молдовановка айылында жайгашкан.

ЭЭСИ БАЙЛАНУУ, РУЛДА ТОНООЧУЛАР
15-февралда таңкы саат төрттө Чүй облустук ИИБинин түнкү мобилдүү тобу Бишкектин Алма-Ата көчөсү менен Чоң Чүй каналынын кесилишинен шектүү көрүнгөн Фольксваген Гольф автоунаасын тосушкан. Бирок автоунаанын айдоочусу токтобой качып кетүүгө аракет кылган. Милиционерлер артынан кууп барып, Аламүдүн айылынан жете келип, жолдун чекесине кысып токтотушат.
Текшерүү учурунда айдоочуда автоунаага тиешелүү эч кандай документтер жок, анын жана эки жүргүнчүнүн кызуу экени билинет. Арткы орундукта колдору байланып турган дагы бир эркекти көрүшөт. Көрсө, ал аталган автоунаанын ээси, Лейлек районунда төрөлгөн, 25 жаштагы Осмаил Сегизбаев экен. Ал Бишкек шаарында жашап, таксист болуп иштеп жүргөн.
Оңой акчага марыгысы келген үчөө автоунаасын тартып алуу үчүн айдоочуну сабап, жамбашына бычак сайып, андан кийин көзүн тазалаганы алып баратышыптыр. Милиция кызматкерлери ошол замат шектүүлөрдүн колдоруна кишен салып, РИИБге алып барышкан. Кармалгандарды текшерүү учурунда алардын мындан 2-3 саат мурун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылында дагы бир таксистке кол салышкандыгы билинген. Таксист Руслан Асандилдеевди да себепсиз эле сабап, бутуна бычак сайганда ал качып кеткенге үлгүргөн. Тоноочулар анын 1800 сом акчасын, уюлдук телефонун жана автоунаага тиешелүү документтерин алып кетишкен.
Кармалгандар 1989-жылы туулган Кант шаарынын тургуну Азамат Кочкорбаев жана 1990-жылы туулган Бишкек шаарынын тургундары Алмазбек Туркунбеков, Дүйшөнбек уулу Руслан экендиги аныкталды. Учурда алардын үстүнөн каракчылык жана киши өлтүрүүгө аракет жасоо беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, СИЗОго киргизилген.
Булардын башка да ушундай кылмыштарга тиешеси болушу мүмкүн деп эсептеген милиция кызматкерлери жапа чеккендер болсо, төмөнкү телефондор аркылуу кабарлап коюуну өтүнүшөт:

Чүй ОИИБи:
(0312) 43-88-85, Аламүдүн
РИИБи: (0312) 36-35-23

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(13)
27.02.2012. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сакта мындай мыкаачылардан!
27.02.2012. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аиий жапжаш балдар ээ
28.02.2012. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аяоосуз жазалаш керек.
28.02.2012. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ииий ужас, ушундайда таш бор болушабы,мыкачыларды аябаш керек,оз жазасын алышсын
28.02.2012. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чекчейип турган коздорун ойуп салыш керек.Бул макулуктар бул жашоонун кызыгын корбой калсын.
28.02.2012. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Joke82, ошону айтсаныз
28.02.2012. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уят уят кыргыз кыргызды тоногону
28.02.2012. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эже байкелер антип суйлобогуло булар да акча жок иши жумушу жогунан ушул ишке барышты да баарына биздин окмоттогулор куноолуу жок дегенде борбор жакка ишкана курушпайбы жаштар иштей турган мен да айткым келет олтургуло жазалагыла деп бирок ушундай учурда озубуздун бир тууугандар болуп калбаганына шугур дегиле.
29.02.2012. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
turmogo 2-3 jil oturushat anan dagi mikachi bolup chigishat kim bilrt dagi kancha adamdi tonop olturushot
01.03.2012. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
karysh emnege okmot kunoolyy bizge ne okmot jardam berip jatyptyrby uwuga okwogon akmaktar uwundai mikaa4y boluwat tualet tazalap jok degende ko4o wipirsin zato meenet bularga okwogondordu atiw kerek za4em bagyp ewe tyrmodo!!!!!!!!!!!!!
02.03.2012. 03:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мамлекетти куноологондо эмне,же мамлекет бизди багыш керекпи ар ким озу аракет кылса анан туруктуу мамлекет болот!!!аларга окшогон мыкаачыларды коомго корсотуп жазалаш керек,аларды корушуп башкаларда андай жолго барбаш учун.
02.03.2012. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушинтип журушкондон коро эл катары иштешиип,тынч эле журо беришсе.
03.03.2012. 07:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bular emneni oilop jyrgonyn kim bilet, birok ata enesi jakwi oi m/n bulardi bagip 4onoitkon j/a bulardan 4on ymytory barda, birok al ymytyn orundabai kaldigo, biroonon kan 4igargan bul uje karak4i bolup baratkandin birin4i belgisi, men kapamin bizdin jaw baldar uwundai iwterdi kilip jatkanina, Kirgizstandin kele4egin mindai kiwiler oiloboit, mindailar kaira maskara kilat, menin oium bulardi katuu jazalaw kerek mindai jazani bawkalar dagi koryw kerek, kilardin aldinda oilonot jaza jonyndo bawkala
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо