Добр: «ЖУБАЙЫМ МЕНЕН ЖЫЛДЫЗЫБЫЗ КЕЛИШПЕЙ АЖЫРАШТЫК»

№486 24-февраль - 1-март, 2012-ж.

Демейде жаркылдап шайыр жүргөн Добр редакциябыздын босогосун аттаганда эле эмнегедир маанайы суз болуп, салкын саламдашты. Жан дүйнөсү буулугуп тургандай сезилди...

– Салам, Добр, кандайсың? Неге маанайың суз?
–Жакшы эле, баары жайында. Аба ырайынан го.

– Ошондой эле болсун. Чыгармачылыгыңда эмне жаңылык?
– Акыркы бир айдан бери мага илхам келбей жатат. “Патриот” жана “Мигрант” деген ырларды баштап койгом. Бирок аягына чыгара албай жатам. Чет жакка гастролго барып, ал жактагы мекендештерибиз менен баарлашып калганда ар кандай тагдырларды, ый-муңдарды угасың. Ошол нерселердин баарын “Мигрант” деген ырымда чагылдырып жатам. Буюрса, эң мыкты ырлардан болот. Мындан сырткары ушул жылы жети дубанды кыдырып концерт берүүнү чечтим. Көлдөн баштадым. Эми Нарынга сапар алууга даярдык көрүп чуркап жүрөм. Продюсерим жок болгондуктан, концерт уюштуруу абдан кыйын болууда. Бирде жетишсем, бирде жетишпей калам.

– “Продюсерим жок” дейсиң. Ишиңди жеңилдетер продюсер караштырып көрүүнү ойлоно элексиңби?
– Көп эле мыкты продюсерлерден сунуш түшкөн. Бирок чыгармачылык тушоом кесилгенде эле алдыма өз күчүм менен ийгиликтерге жетишим керек деген максат койгом. Ошондуктан баарына өзүм жетишүүгө көнүшүм керек деп жүрөм. Кыскасы, мага продюсердин кереги жок.

– Чыгармачылык демекчи, “Кел, бийле” деген чыгармаңдын артынан мурчтуу сындар айтылды. Деги эле сен ыр жазууда маанисине эмес, уйкаштыкка көңүл бурат окшойсуң?..
– Андай эмес. Сөзсүз түрдө маанисине андан да башкысы, тарбиялык жагын карайм. Ооба, “Кел, бийле” ырына сын-пикирлер көп айтылып жатат. Мен муну билип туруп эле жазгам. Себеби мындай стилде жазылышында бир сыр бар.

– Кандай?
– Сыры жөпжөнөкөй. “Кел, бийле” ырымды 3 тилде жазгам. Эгер башка тилдерди билсем, аларды деле текстке кошуп салмакмын. Муну менен мен башка улуттун угармандарын кыргыз ырларына тартылсын деп чалма ыргытууга аракет кылдым десем болот. Мисалы, англис тилдүү угарман капысынан кыргыз ырынан өз тилиндеги сөздү укканда сөзсүз “бул эмне ыр, кайсы тилде ырдалып жатат?” деген кызыгуу жаралат да.

– Иниң Эрболду сахнага чыгарам деп айтып жүрдүң эле...
– Сахнага чыгарайын деген оюм деле жок болчу. Бир жолу Эрбол “байке, мен да сизге окшоп ырдагым келет. Сиз менен чогуу ырдап көрөйүн” деп калды. Ырдатып көрсөм, шыгы бар өңдөнөт. Андыктан алдыңкы пландарымда иним менен чогуу ыр жаздыруу бар.

– Чыгармачыл чөйрөдө сени “музыкалык билими жок, стили өзүнө жарашпайт” деп сындашат. Айтылган сынга карата түздөлөсүңбү же өзүңдүкүн бербейсиңби?
– Айтылган сындагы кемчиликтерди оңдоого тырышып эле келе жатам. Негизи эле сын мыкты болууга түрткү болот. Менин шоу-бизнесте алдыга жылып жатканыма канчалык бир деңгээлде айтылган сындар таасир берди болуш керек. Ошондуктан сындай беришсин, мен кабыл ала берем.

– Эми сөздү үй-бүлөңө бурсак. Үй-бүлөңдө толуктоолор күтүлө элекпи?
– Мм, үй-бүлө... Учурда өзүмдүн үй-бүлөм менен эле жашап жатам.

– Кандайча өзүмдүн?
– Жылдызай экөөбүз чогуу жашабай калдык. Жубайым менен жылдызыбыз келишпей ажыраштык. Кыскасы, ушуну эле айта алам. Тагдыр ушундай экен. “Сенден кетти, менден кетти” деп урушуп-талашпай эле акырын чечишип алдык.

– Экөөң тең жашсыңар, кайра элдешели деп аракет кыларсыңар?
– Азырынча эч кандай ашыкча сөз айткым келбей турат. Эмне дээримди да билбейм. Жашоонун өз мыйзамдары болот экен. Ошолорго баш ийип жашаш керек экенбиз.

– Ооба, жашоо өзү дайым биз күтпөгөн нерселерди даярдап турат эмеспи. Жеке маселеңерди чечип, бирге болчу күн бардыр...
– Жок, баары жакшы эле. Баары жакшы болот.

– Өткөндө базар аралап жүрсөм, диск саткан сатуучу “Добр пираттар аркылуу популярдуу болду” деп калды. Пираттар менен көп иштешет окшойсуң?
– Алгачкы ырларым телефондон телефонго өтүп таралганы чын. Анан дисктер чыга баштады. Пираттар менен түздөн-түз иштешпегеним менен, алар менин ырларымды таркатышты. Каршы эмесмин.

– Кыргызча рэпти алгачкылардан болуп алып чыктың. Эл аралык деңгээлге алып чыга алам деп айта аласыңбы?
– Адам алдыга максат койгондо кененирээк коюш керек экен. Албетте, кыргыз рэпин эл аралык аренага чыгарууга аракет кылам. Жок дегенде Евразияга чыгарууга болгон аракетимди жумшайм. Көпчүлүк сынга алып жаткан “Кел, бийлени” ушундай деңгээлге чыгаруу максатында жазгам. Бул аракетим акталат болуш керек. Себеби клубдарга барып ырдап калсам, башка улуттун өкүлдөрү да бийлешет. Анткени чет өлкө жыттанып турат да.

– Рулда жүргөнүңө 2-3 жыл болуп калды. Машинаңдын бузулган жерин өзүң оңдоп алууга жарап калдыңбы?
– Айдаган жактан сөз жок. Анча-мынча жерин оңдоп деле алам. Досторумдун, тааныштарымдын көбү эле “момундай машина алсам, тигиндей болсо” деп көп кыялданышат. Мен андайлардан эмесмин. Чынын айтсам, азыркы айдап жүргөн машинам деле атамдыкы. Ошол себептен атама бир машина алып берүүнү пландап жатам.

– Карындаштарың бой жетип калбадыбы. Аларды катуу кармайсыңбы же?..
– Кээде жумшак болсом, кээде катуу, абалга жараша. Кээде экөөнү отургузуп алып түшүндүрүү иштерин өткөзүп турам.

– “Спорттун самбо түрү менен машыккам” деп айтканың бар. Азырчы?
– Азыр деле самбо менен машыгып жүрөм. Негизи, спортко кызыгуум 7-класста башталды. Классташ балам «самбого катышам» деп эле өзүнчө кыйын болуп жүргөнүнөн мен деле барып көрөйүнчү деп, анан кызыгып кеткем.

– Мырзалардын көбү эле мушташтан кайра тартпайт. Сенде деле ошондой жоруктар катталса керек...
– Жаңжалга жакын эмесмин. Менин дарегиме жаман сөздөр айтылса кызаңдап, жообун кайтаргым деле келбейт. Бирок ата-энеме, бир туугандарыма жамандык каалагандарды карап тура албайм.

– Маегиңе рахмат.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Добр: "Жубайым менен жылдызыбыз келишпей ажыраштык"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(97)
28.02.2012. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaidagy nerselerdi ele jazyp salgansynar oilonup jazsanar,kimin bilip koidun ertenkin kynynordy,bagy barga dagy bar degen soz bar,Dobr saga aitarym birinchisi birinchisi deit birinchisi esten ketkiz bolot,oilonup on joldu tamda,yigilik.
SUPER.KG видео
28.02.2012. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tao туура айтат.Идеалдуу адам болбойт аны идеалдуу кылуу оз колубузда. Ал эми Жылдызы келишпей деген болгону бир шылтоо, жылдызынар келишкен учун баш коштунар да...Болбосо бир кызды айып кылбай,жакшылап ойлонуп туруп уйлонсонор болмок экен. Нике антына бек тура албасанар, Кыргызстандын белгилуу жылдызы катары куйормандарынарга кандай улгу корсото аласынар?
28.02.2012. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
доске, биринчи соода соода, коз ачып коргонун деп коюшат, жарашып алсан дурус болмок, кийинкиси андай болбойт
SUPER.KG видео
28.02.2012. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соопсонун пара булчу мага жагат,ачуу душман акыл дос эртерззк жарашкыла куйормандарынар кутот
28.02.2012. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде уй-було куруу деген машина алмаштыргандан да оной иш болуп калды окшойт...Айрыкча,биздин жылдыздарда,же оздорун ушунтип жарнама кылышабы,тушуно албайм!!!Жылдызы келишпей ажырашат,эртен кайра башкасы менен баш кошот...Жылына уй-було кургандардан ажырашкандардын саны коп десем жанылышпайт окшойм...
29.02.2012. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вааайййо неге уйлондун анда, мимолётный увлеченияларга да берилесинби!!! Бирок творчестванга ИЙГИЛИК!!!
29.02.2012. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин ырчыларга тан калам. Башында ыр менен алектеништи, андан кийин гезиттерден эле машина алыптыр - темир тулпарлуу болуптур болуп калды. Кийин ошолор эле аялдарына мактана башташты. Эми ажырашмай эле калды эле. Билип койгула жаны чоноюп келе жаткан жаштар силерди карап жатат, силер аларга үлгү болгула. Жашоо ушу анан турмуш ушу калганын айта албайм дебей. Оозунар менен ар нерсени оттобой ырдаганды үйрөнүп алгыла. Чанжырап жүрөсүнөр да эми
29.02.2012. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз-жигит болуп канча эетелешсен да,баари бир баш кошкондон кийин тушунбостуктор келип чыга берет эмеспи.Бир аздан кийин балалуу болосун,же аны жетим кылып таштап,же омур бою балам учун кыйналсам да жашайын деп озунду кыйнап жашагандан коро эртелеп бири-бирин тушунгону жакшы го...
29.02.2012. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
башында эскерттим беле жээним татынакай капа кылба деп озунон кор арман кылбагынын сенден артыгына татыктуу кыз!
SUPER.KG видео
29.02.2012. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарайсын добр буйруса 21 ноорузда дагы корушобуз москвада
29.02.2012. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ay mincha Dobrdi kunoologonsunor,mumkun Kizdadir kunoo...?
29.02.2012. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dobr iygilik saga,bashindi iybe,jeke jashoondo emne bolso dagi,chigarmachiligina toskool bolushuna uruksat berbe.
29.02.2012. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
да турмушун эшек араба, туулдун калдын баалеге
01.03.2012. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Добр сен азаматсын турмуш жонундогу ырларын жагат .Женеша менен кайра жарашкыла бактылу болгула
SUPER.KG видео
01.03.2012. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кокуйгун жаман болуптур ...ондору окшош адамдар эч качан бирге боло беришпейт
01.03.2012. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте уй-булоону кургандан кийин аны сакташ керек. Керек болсо кээ бир нерселерден баш тартууга туура келсе, баш тарта билуу керек. Уй-булоону биринчи оорунга кюш крек деп ойлойм. Силер кайра кол кармашып, бакылуу жашашынарга тилектешмин.
01.03.2012. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Добр если хочешь то остовайся с своей семьёй и будь маменьким сыночком.Такую как Жылдызай тебе не найти остовайся у разбитого корыта.Мы её забираем в Россию.мы своих не бросаем !!!!!
01.03.2012. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
От любви к ненависти один шаг!
SUPER.KG видео
02.03.2012. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тао сен озунчо эле чон ата болуп алгансынгоо сын такпа? жашооодо ак кара боло берет.эгерде Добр жаман Жылдызай жакшы болсо мин куусада кетпейт болчу.Жакшы аял жаман эрекети эр кылат Бир нерсеси барда ошон учун ушул нерсе болду
02.03.2012. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
добр аялын менен жараш еркек бир суйлойт а сен уже жашсын созуно бекем бол ертен алдыда бала кутот аны да ойлошун керек корочи башка аял менен да жашоонду елестет андан коро келинчегин менен жарашып ал турмушту женишин керек
SUPER.KG видео
05.03.2012. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай биздин бешенебизге жазган деген созго ишенбегилечи суранам! Кудай эч качан бешенеге жазбайт. Ал бизди бул дуйнодо татыктуу жашасын деп жаратат. Бешенеде жазылуу болсо анда тытынып иштебей эле отура бербейлиби? Жазылганын коробуз деп коюп! Добр сага айтаарым жакшылап ойлонуп кайра жараш.Аял куйоонун ортосунда уруш талаш боло берет.Экоонор бактылуу болосунар!Жылдызай сен да акылдуулук кыл. Элге уят болбогула.Отконду унутуп, келечекти, озунорго окшошкон бойтойгон балдарынарды ойлогула!
05.03.2012. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
balkim keptin baary kelin menen kainenin kelishpestiginde , jeke menini oum ,balkim men janylyshyp jatam maga oshundai korundu.DOBR birinchi aylga ech kim jetpeit!!!
05.03.2012. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Добр, элдешкилечи?! Жакшы тилек менен курулган уй-булонор ушинтип эле урап калышын каалабайм.
SUPER.KG видео
12.03.2012. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baaary jakwy bolot! 4okpo!!!
SUPER.KG видео
16.03.2012. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Добрды биз уй булообуз менен сыйлайп,ырларын угуп келебиз.Жылдызай экоо бири-бирине окшош экен.Бакыт каалайм,ДОБР АЯЛЫН МЕНЕН ЖАРАШГЫНЫН!демекмин
26.03.2012. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
добрды ырчы катары корбойм!!!
21.04.2012. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ДОБР азаматсын!кыргыздарда сендей потреттор коп болсун.мен сени ото баалайм.жубайын менен жарашып бактылуу болушунду каалайм.
SUPER.KG видео
27.05.2012. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен. Адилеттин ырларын дайыма угам, мага жагат. Азаматсын!!! Жашоодо бардыгы болотда, менимче сен туз жургон, уй булом деген адамдардансын балким аялындан ката кеткендир. Эмне болгон кундо да бактылуу бол, аман бол.
SUPER.KG видео
11.06.2012. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адилетке айтарым биринчи аялдан экинчиси эчкачан жакшы болбойт. Жылдызга дагы айтам экинчи жолдошун биринчиден жакшы болбойт. Муну закон природы дейт. Время лечит менин кааларым кармашкан колунар узулбосун эч качан.
08.07.2012. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кобунчо аял кишиден отот баардык куноо........................... иштерине ийгилик Добр.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо