Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖООМАРТТЫК ДЕГЕН ЭМНЕ?

№487 2-март - 8-март, 2012-ж.

(Башы өткөн санда)

Падыша бала менен энесин сынамакка:
– Кечиресиздер, бирок мен койдун бөйрөгүнөн башка эч бир этин жей албаймын,- дейт.
Анда баласы:
– Апа, эки бөйрөк менен бир коноктун курсагын тойгуза албай калабыз го, он койдун баарын соёлу,- деген сунуш айтат. Апасы уулунун шагын сындыргысы келбей, анын үстүнө бул сөз дубананын көзүнчө айтылгандыктан, ары карап ыйлап, бери карап күлүп, айласыздан макул болот. Ошентип, он койдун бирин калтырбай союп, бөйрөктөрүн дубананын куржунуна салып беришет.
– Сиздерге чоң рахмат! Мага кылган жакшылыгыңыздарды унутпаймын,- деген сөзүн айткан дубана жолго чыгат.
Хан падышалыкка келип, өзүнүн хандык тактысына отуруп, 40 күн, 40 түн өткөрүлгөн тойдун жыйынтыгын укмакка вазирлерин чакырат.
– Ии, айткылачы, эл-журтка жоомарттык деген эмне экендигин көрсөттүңөрбү?
Үч вазир тең тойдун жакшы өткөнүн, бир дагы адамды “сен кулсуң” же “сен бай-манапсың” деп бөлбөгөнүн айтышат. Ошондо падыша нааразы болуп:
– Мунун баары калп. Жоомарттыкты көрсөтө алган жоксуңар. Үчөөңөрдүн бириңер да кайыр сурап барган дубананы “тойго кел” деп дасторкон четине чакырбадыңар. Бириңер да дубанага конуп кетүүгө орун бөлүп бербедиңер. Ошол дубана мен элем. Силерди сынамакка барган болчумун,- дейт. Анан:
– Тээтиги айылдын сыртында, тоого бараткан жолдо бир кемпир менен жаш баланын кара алачыгы бар. Ошол жерде жашаган баланы тезинен мага алып келгиле!- деп буюрду.
Хандын сөзү эки болбостон, тез арада баланы алып келишти. Ошондо хан балага карап:
– Кечээ түнү сенин үйүңө конуп кеткен дубана мен элем. Меймандостугуңа абдан ыраазы болдум. Он койдун бөйрөгү менен чыныгы жоомарттыкты көрсөттүң. Жоомарттык байлыкта эмес, ар бир адамдын жүрөгүндө экен,- деп аны биринчи вазири кылып алган экен.

Чолпон Сүйүнбаева
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
08.03.2012. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men bul jomoktu takkyr bashkacha tushundum, bul jerde joomarttyk emes koromchuluk go!!! oshol 10 koidu soiboi koboitup, kedei kembagaldarga berse oshol joomarttyk da!!!
22.05.2012. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктуу экен))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо