Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Султан Садыралиев: «МЕНИН ЖАШООМДОГУ АЯЛЗАТЫ...»

№487 2-март - 8-март, 2012-ж.

Мейли сүйүү тууралуубу, мейли асылзаттар, мейли Ата Мекен темасындагы ырлар болсун, Султан эт жүрөгү эзилип аткарат. Албетте, чын дилден аткарылган ырлар жүрөктөргө жетет. Бул жигит кыялкеч айымдарды сулуу деп эсептейт экен. Сөз учугун Султан өзү уласын.

«ЭНЕМДИН ЖҮРӨГҮН ООРУТКУМ КЕЛБЕЙТ»
– Апам Гүлмария азыр 60 жашта. Бул дүйнөдө эң жакшы көргөн, эч кимге алмашкыс адамым. Апам саанчы болчу. Мен болсо уйдун куйругун кармап жардам берчүмүн. Ал бизди кыйналып чоңойтту. Ошондуктан азыр энемдин жүрөгүн ооруткум келбейт. Апамдын жакшылыкты көргөнүнө ашып кетсе беш жыл болду. Азыр өзүн жакшы карап жүргөн апаларды көргөндө “турмушу жеңил болсо, менин апам деле ушундай болмок” деп ойлоп, жүрөгүм сызыла түшөт. Келинчегим толготуп кыйналып жатканда да “ии, апа, сиз да мени ушинтип кыйналып төрөгөн турбайсызбы” деп боорум ачыды.
Балалык куракта көп тентектик кылчумун. Анда апам мени уруп койчу. Бир жолу мультфильмден жумуртканы чертип эле койсо жөжө чыга бергенин көргөм. Аны туурап, басып жаткан тоокту тургузуп салып, жумурткалардын баарын жарып салган элем. Жөжө чыкпай коюп капа болгонум аз келгенсип, апам көрүп алып кубалап, чыбык менен сабаганы эсимде. “Экинчи антпейм” деп ыйлагам ошондо.

«МЕН ПОСЛЕДНИЙ ПАТРОНМУН»
– 5 бир тууганмын. 3 эжем, байкем бар. Кичүү бала болгондуктан, апам тамашалап, “последний патронум” деп калат. Эжелерим турмушка чыгышкан, бала-чакалуу.
Улуу эжелерим – Жаксыгүл, Таттыгүл. Аларды сыйлайм, бирок алар менен сыр чечишип сүйлөшө албайм. Үчүнчү эжем Бурул менен жакыныраакмын. Бирок баары бир эң жакшы сырдашым – апам. Эжелеримдин да жинине тийчүмүн кичинемде. Алар үйдү таптаза кылып жыйнашат, мен кир бутум менен үйгө кирип кетчүмүн. Алар кыйкырып эле калышчу.

«ҮЙЛӨНДҮҢБҮ, БАЙЛАНДЫМ ДЕЙ БЕР»
“Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат?” деген сөздө чындык бар. Кыз кезинде билбейсиң, кандай экенин. Дайыма созулуп, алып бергениңди жеп, сенин айтканыңды угат. Үйлөнгөндөн кийин эле эртеси күнү үйдөн чыгып баратсаң, “эй, каякка?” дейт. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Мындай маселе ар бир эркектин башында бар. Кыздар өзүмдүк кылганды жакшы көрүшөт. Муну өзгөртө албайбыз.
Аялзатына кол көтөрбөйм. Бирок бир жолу көтөргөм. Бир кыз менен сүйлөшүп жүргөн кез. Кой десем болбой, тилин тартпай туруп алганда чыдабай чаап жибергем.

«КЫЗГАНЫЧТАН КАЗАН-АЯК КАГЫШАТ»
– Келинчегимдин көп мүнөзү жагат. Бирок кээде чагылгандай чарт-чурт болуп кеткенде жакпай кетет. Асел менен бир мектепте окуганбыз. Кайненем ошол мектепте физика сабагынан мугалим эле. Бир күнү Аселге тийишип, бетинен өөп, кучактап койсом, ал апасына айтып, апасы мени урушуп, “эй, Садыралиев, менин кызыма жолобой жүр!” деген эле. Ошондо “баары бир Аселди алам” деп максат койгом. Келинчегим мага эмнеси менен жакканын түшүндүрүп бере албайм. Турган турпаты жагат, сөзү жагат, өзү жагат, көзү жагат. Үйдө, албетте, казан-аяк кагышат. Бизде көбүнчө кызганычтан болот.

«КАЙНЕНЕМ ЫНТЫМАКТЫ САКТООГО АРАКЕТ КЫЛАТ»
– Кайненем жакшы адам. Мугалимдер жан дүйнөсү бай адамдар болушат. Балдарды окутуп жүрүп психолог да болуп калышат. Кайненем камкор, ынтымакты сактоого аракет жасайт. Мен жалгыз күйөө бала болгондуктан, “кайталангыс күйөө бала” дешип, эркелетип жакшы көрүшөт. Камыр тамакты айран менен жегенди жакшы көргөнүмдү билип, апам мен барарда айранын таап, тамагын даярдап турат.

«СҮЙҮҮ БАЛАҢА ӨТӨТ ЭКЕН»
– Аялзаты, биринчиден, келбети менен сулуу болот. Тарсылдаган кыздарды сулуу деп эсептей албайм. Түшүнүктүү, жан дүйнөсү бай, кыялкеч, жөнөкөй аялдарды сулуу деп билем. Асел азыр канчалык кыялкеч экенин билбейм. Азыр анын кандай адам экенин толук аңдап түшүнүп бүтө элекмин. Мурда сүйүү бар экенине ишенчүмүн. Экөө бири-бирин катуу жакшы көрүп, дайыма кучакташып, такыр урушпай, эзилишип жүрө бергенди сүйүү деп элестетчүмүн. Сүйүп жүрүп кийин ичип кетип, селсаяк болуп калса, экинчиси да ошонун жанына барып жашап алса, ошол сүйүү деп билчүмүн. Адамдарды көрүп, турмушту түшүнгөндөн кийин жумушуна, жетишкендигине карап мамиле кылып, бир аз кыйынчылыкта калсаң, кыр көрсөтүп калган аялдар бар экенин билдим. Келинчегим менен деле сүйлөшүп жүргөн кезде сүйүшүп-күйүшүп отура беребиз деп ойлочумун. Жок, балалуу болгондо сүйүү балаңа өтөт экен.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


Султан Садыралиев: "Менин жашоомдогу аялзат..."

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  18 
Комментарийлер(74)
06.03.2012. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sultan - azamatsyng. Jashoonun chyndygyn aitypsyng.
06.03.2012. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
модолееецко =)), искусственно эмес, чын омурдо кандай болсо ошондой суйлоптур. Уй булоно бакыт =))
SUPER.KG видео
06.03.2012. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уйлонгондон кийин токтолуп каласын дегенге муруш ишенчу эмесмин, Султан мага шайыр шок жигит корунот эле, азыр токтоо, жашоону тушунуп калган жигиттерден болуп калыптыр! урматка татыктуу ырчы экен)
07.03.2012. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы суйлоптур ийгилик чыгармачылыгына! Бактылуу болгула!!!
SUPER.KG видео
07.03.2012. 06:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sultan ot duwi suilopsun at tai ewek degen sozun jakty birok taidy minebi 9?
SUPER.KG видео
07.03.2012. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sultan abdan talantuu yrchy kandai yr bolsun ugarmandyn juroguno jetkire alat,chynygy talant. KtRde yrlary korsotulboi murdagy produseri but tosup jatat dedi ele bir interviewsunda, SUPERge rakhmat daiyma koldop-koshtop dem berip jatkanynarga,myndai talanttar ochposhu kerek!Ui bulon m-n baktyluu bol!Apan silerdin jakshylygynardy dagy koro bersin!
07.03.2012. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sultan-krasava!
07.03.2012. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага эн негизгиси, ачык, болгонун болгондой суйлогону жакты.
07.03.2012. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!
SUPER.KG видео
07.03.2012. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец
07.03.2012. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayabay kyzyktuu maek kuruptur :)
SUPER.KG видео
08.03.2012. 02:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кандай маек болгонун билбейим бирок,жамгыр токту деген ырды иттей эле бузган кармасам чокуга эки чабам го.
08.03.2012. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм кандай гана создор аябай жагымдуу, адам менен аябай жакшы дос боло турган, журогу таза адам экен .Бирок суйуу бар биз суйобуз бизди суйбойт ошондой болуп калышы мумкун кобунчо.. эч качан суйуудон умутун узбо суйууго мен ишенем суйуу бар ар бир адамда озунун журогундо аны бирок сезбей же суйуудон таарынгандар болот
SUPER.KG видео
08.03.2012. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жан дуйносу таза чындыгында чыгармачык адам, анан да журогундо аябай бай чыгармачылыгы жашырынып, суйууго суусап же башкача айтканда суйуудон умутун узо баштаган адамдай.... бирок суйуу бар экенин айтмакчымын Султан байкеге
Медиа-портал
08.03.2012. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага аябай жагат бардык ырдаган ырлары Султан ырдагандай менин да жашоом ырга айланып калган айрыкча Султандын ырларын озгочо угам , жамгыр деген ыры журокту ыйлатат жакшы ырдаган аябай
SUPER.KG видео
08.03.2012. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула ийгилик сага Султан
09.03.2012. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красавчик Султан создорун чын журоктон чыккан!Жашоо ушунусу менен кызык да!
09.03.2012. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соз жок, молодец... мен ушундай жонокой жигит деп ырдаганына жараша жигит экен... уй-булоно бакыт алтындай болгон апама узун омур каалайм...
SUPER.KG видео
09.03.2012. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kele4egin ken bolsun.
SUPER.KG видео
10.03.2012. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cултан сен азамат екенсин бар жокту ачык айрым атканы.апаларды ардайтайлы достор.
SUPER.KG видео
13.03.2012. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
урматту супер инфо онугуп келейтасынар баары онолуп келейтат бирок журналистер силер деле суро бергенде микрафон тагып албайсынарбы залдан эле угулуп угулгус суйлоп койбой?
SUPER.KG видео
23.03.2012. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taza erkin chin konyl menen maek beriptir.
09.04.2012. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар дайым бар болсун апалар энелер эжелер синдилер султан садыралиев мен сени ото сыйлаймын ар дайым туз айтат
SUPER.KG видео
06.05.2012. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
султан молодец ушундай энесин суйгон барктаган жигтер коп кандай сонун болмок карагылачы энесин эстегенде козуно жаш толот кандай жакшы жигит ачык суйлойт экен !!! султан ар дайым бар бол бактылуу бол!!
SUPER.KG видео
20.05.2012. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Султан сизге анан сиздин АПАНЫЗГА АЛЛА омур берсин бактылуу болунуз Апанызга ден соолук берсин
SUPER.KG видео
20.05.2012. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин суйун "хоть на край света "-болду.Азаматсын Султан,атына жарашкан мырза кенсин.создору орду менен.бакыт каалайм
SUPER.KG видео
25.05.2012. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султан азаматсын! Мен сенин талантынды жана жонокойлугунду ото баалайм. Ырларынды эргуу менен угам. Кыргызстанда сенин унуно тен келген ырчы жок деп эсептейм. Уйбулолук бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайм. Убагында сени суйуп да жургон элеееем...
25.12.2012. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандагы эн таланттуу жана эн жонокой ырчы!
SUPER.KG видео
13.02.2013. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayabai jakwy maek boluptur! Azamatsyz Sultan baike Algaa
04.06.2014. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо азыр аялыны суйбойт экенсинда э
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо