№487 2-март - 8-март, 2012-ж.
"ӨКМӨТ КЕТСИН!" ДЕГЕН ТАЛАП
1-мартта саат 11:00дө Ош шаарынын борбордук аянтында оппозициячылар уюштурган митинг өтөрү белгиленген болчу. Митинг башталганга чейин эле бул аянтка “Ата Журт”, “Бүтүн Кыргызстан”, Коммунисттер партиясы, Ош шаарынын жана башка аймактардын жашоочулары топтолду. Үч сааттан ашык созулган митингге болжолдуу түрдө 15-20 миңге чейин адам катышты. Митинг тынч өтүп, эч кандай тополоң болгон жок.
Митингге лидерлерден Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Жылдыз Жолдошева, Талант Мамытов, Искендер Гаипкулов, Мария Исанова, Ахматбек Келдибеков, Исхак Масалиев жана башкалар катышты. Адахан Мадумаров баарына жол башчылык кылып, биринчи талап – өкмөттүн кетиши, экинчиси – жаңы өкмөт түзүү жана 1993-жылкы Конституцияга кайтуу керек деп чыкты. Ага кошумча Июнь жана Апрель окуяларындагы күнөөлүүлөрдү жана АУБнын ячейкаларынан табылган акчаларды алгандарды таап жазалоо, жергиликтүү Кеңештерге өтө турган шайлоону таза өткөрүү талаптарын сунуштады. Митингчилердин мындай талаптары 15-мартка дейре орундалбаса, партиялардын лидерлери эл менен кайрадан аянтка чогулушарын айтты.
Адахан мырза милиция кызматкерлерине “бекер эле бензин коротуп мени, Камчыбек Ташиевди жана Ахматбек Келдибековду аңдыбай эле койгула, биз жергиликтүү Кеңешке шайлоо бүткөнчө бул жерде болобуз” дегенге да жетишти.
МЭР КСДПны АЙЫПТООДО
Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов 4-мартта өтө турган Ош шаардык Кеңешинин шайлоосуна карата билдирүү жасады. "Жергиликтүү шайлоолорду таза, демократиялык түрдө, акыйкат жана административдик ресурстарды колдонбой өткөрүү талабын биринчи кезекте президенттин партиясы болгон КСДП бузуп жатат",- деп билдирди. Ал ИИМ да саясий максаттарды көздөп административдик ресурстарды колдонбошу керек экенин белгиледи. Бул шайлоого байланыштуу абалды курчутуп жибериши ыктымал экенин кошумчалаган мэр:“Эгер абал курчуп кетсе, биринчи кезекте КСДПнын өкүлдөрү жана укук коргоо органдарынын башчылары жоопко тартылышы керек”,- дейт. Ал эми буга жооп катары КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков "саясий максатты көздөп административдик ресурстарды шайлоо процессине колдонуу" деген айыптоолор негизсиз экенин баса белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан 2010-жылы парламенттик, 2011-жылы президенттик шайлоону таза жана ачык өткөрө алганы буга мисал.
Митингдин катышуучусу Дастан мырза:"Мен саат 11де митингге келгем. Ошондо эле эл көп болчу. 1 сааттын ичинде эле абдан көбөйүп, алардын саны 10 миңге жетти. Аянтка, атүгүл мэриянын алдына дейре адам толуп кетти. Бул митингге Бишкек, Чүй жана башка жерлерден келген адамдар катышып жатат. Алар 1993-жылкы Конституцияга кайтууну талап кылып, көпчүлүгү учурдагы бийликке нааразы экенин айтып жатышат",- дейт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
эмне болду дагы кимге эмне жакпай калды.
уже бул жакта туруп эле журок ооруй турган болдуго. Кыргызстан.
Туура айтасын!
((,,)))))