Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Зарема Асаналиева: «ТАГДЫР МЕНИ ЖАКШЫ ЭЛЕ КАЛЧАДЫ»

№487 2-март - 8-март, 2012-ж.

Кино талаасында бүчүр байлап, жаңыдан ачылып келе жаткан актрисалардын катарында Зарема Асаналиева бар. Ооба, “Боз салкындагы” Анара” десе, көпчүлүк дароо тааныйт. Бул актрисаны көргөндө эле “эмнеге муңайган ролдорду аткарат?” деген суроо жаралбай койбойт.

Туулган жылы – 1987-жыл, 25-ноябрь
Кичи мекени – Каракол шаары
Билими – Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун театр жана кино факультетин бүтүргөн
Тартылган тасмалары – “Боз салкын”, “Уурунун махабаты”, “Гаишниктер” жана “Күкүк Шахра”
Бою – 165 см
Салмагы – 48 кг
Фобиясы – терең суу

– Салам, Зарема. Алгач келе жаткан майрамың менен куттуктайын!
– Рахмат, мен да сөз башында ааламды гүлгө орогон аялзатынын баарын майрамдары менен куттуктап, бакыт тилейм!

– Майрамдык маанай тартуулап, майрамдатчу мырза барбы?
– Эки жыл болуп калды, мамиле түзүп жүргөн жигитим бар. Бирок алдыга шашылып, жарыялап салгандан корком. Ал мырза менен баш кошуп, түтүн булатып кетмейинче алдын ала чогуу болобуз деген ойлорду айтуудан алысмын. Жашоодо ар кандай бурулуштар болуп кетиши мүмкүн. Андыктан ысымын атабай эле коё турайынчы. Өзүмдүн эле жердешим, Көлдөн болот. Негизи, мен алыс жакка турмушка чыккым келбейт. Өзүмдүн эле тегерегимде калгым келет. Менин оюмча, эки адамдын мүнөзү бирдей болбош керек. Ал жигиттин мүнөзү менин мүнөзүмө таптакыр карама-каршы болгондуктан, бири-бирибизге төп келишебиз. Мисалы, мен аябай шашмамын, бир ишти аягына чыкмайынча чый-пыйым чыгып кетет. Ал болсо аябай токтоо.

– Мырзалар “айымдар сыртынан назик, жумшак көрүнгөнү менен, “стерва” болуп чыга келишет” деп айтышат. Сен кандайсың?
– Мен деле ошондой кыздардын катарына кирип калат экенмин. Бирок мындай болуп калышыңа жашоо түрткү болот экен. Мектепте окуп жүргөнүмдө өзүмдү аябай токтоо алып жүрчүмүн. Азыр мага тийишип, эски жарамды чукуп киргендерге ачуум келип уруша кеткенге чейин барам. Сөзсүз жообун кайтарам. Чыгармачылыкта бирге жүргөн адамдардын арасында деле кемчиликтеримди эле чукуп жүргөн адамдар менен урушкан учурлар болгон. Аттарын атабай эле коёюн, даттангандай болуп.

– “Өзгөрүшүмө жашоо түрткү болду” дейсиң го...
– Мени жашоо аябай эле калчады. Азыр деле бардыгы “шоколад” эмес. Үйдүн түркүгү – ата, коломтосу – эне болот эмеспи. Мен ошол түркүктөн бир жаш төрт айымда эле ажырагам. Атам Каракол шаарындагы эт комбинатында электрик болуп иштечү. Бир жолу ал жактагы муздаткычтарды оңдоп жатканда ток уруп, 30 жашка чыгып-чыкпай ошол муздаткычка жабышкан бойдон кете бериптир. Эжем алтыда болсо, иним курсакта калыптыр. Апам 28 жашында жесир калып, жашоонун каарын көп тартты. Бизди багам деп жүрүп жүрөк ооруга кабылды. Ошо (катуу үшкүрүп), 2010-жылы операция жасатууга жеткизбей ажал биздин колубуздан апамды да сууруп, 48 жашында каза болуп калды. Апаңды эч бир жан алмаштырбайт экен. Мурда жакшы жаңылыгым болсо, биринчи апама чалчумун. Азыр ичиме катып эле өзүнчө кубанып коём. Эжем өз үй-бүлөсү менен алек. Иним азыр жаш, көп нерсени түшүнө элек кези. Балалыгым деле бактылуу өттү дегенден алысмын. Кыздар менен ойноп калсам, алар “менин атам муну алып келип берди, менин атам момундай” деп мактанып калышчу. Мен болсо мүрзөсүнө барганыбызды айтып, “а биз атабыздын уясына барып келдик” дечүмүн. Кийин мектепте окуп жүргөндө орус тили мугалими “8 сомдон чогулткула, концерт келет” деп калды. “Сөзсүз барышыңар керек” деп кыйнап эле туруп алды. 8 сом биздин үй-бүлө үчүн чоң акча болчу. Билем, апамдан сурасам деле акча жок экенин. Сураганга оозум барган жок. Эжей жанды сууруп күндө сурайт. Мен болсо ар кандай шылтоону айтам. Бир күнү “жолдон жоготуп жибердим” десем, экинчи күнү “унутуп калыптырмын” деп. Ошентип, концертке барган жокмун. Эжекем “мен билеттин акчасын төлөшүм керек” деп күндө каарый берди. Акыры ошол эжейден коркуп, сабакка кетем да, мектепке жетпей көчөдө жүрө берчүмүн. Бир ай ошентип жүрүп, акыры эжекем апама жолугуп калып билинип калган. Ошондо апам болгон ишти угуп, зыркырап ыйлаганы көз алдымда. Азыр да ошол эжейди көрсөм, жиним келет.

– Келечектен көптү үмүттөндүргөн актрисалардансың. Тартуу аянтчасына кандайча келип калдың?
– Апамдын жаш чагында “актриса болсом” деген аткарылбай калган кыялы бар экен. Ошондон уламбы, мени актриса кылам деп аябай аракет кылып, жолго салган ошол киши болду. 9-класста окуп жүргөндө Жамал Сейдакматова театры менен гастролдоп келип калышты. Апам Жамал эже менен мен тууралуу сүйлөшүп, тагдырымды ошо күнү чечишиптир. Ага чейин мен ырчы болууну кыялданып, шаарыбыздагы “Зуура” деген топто ырдачумун. Анан 11-классты бүткөндө апам чемоданымды колума карматып, Бишкекке жөнөттү. Элестетиңиз, буга чейин борборго бир эле жолу келгем. Ичимден “адашып кетсем не болот?” деп коркуп келе жатам. Анан таксист театрдын жанынан түшүрүп койду. Чемоданымды сүйрөп кирсем, Кудай буюруп, Жамал эже бар экен. Ошентип, эженин үйүндө бир жыл жашап, театрда иштеп да жүрдүм. Анан бир жылдан кийин окууга тапшырдым.

– Алгачкы жолу сахнаны кайсы роль менен аттадың?
– Алгач “Махабат жылдызы” деген мюзиклда башкы ролду жараттым. Кийин “Менин революциям, менин сүйүүм” деген спектаклдын бет ачарында Эрнест Абдыжапаров көрүп, “Боз салкынга” роль сунуштап калды. Негизи, Анаранын ролу тасмада сөз менен эле айтылып кетмек экен. Анан мени көргөндөн кийин атайылап роль жазылыптыр.

– “Боз салкында” жомок окуган жериң өзүңдүн үнүңө окшошпой калган...
– Ии, укмуш акцент менен жомок окуган жеримби. Ал жерде мен Ош шаарына кетип калган үчүн башка актрисанын үнүн колдонушкан.

– “Ырчы болом” деп жүрдүң эле, ал жаатта кандай жаңылыктар болуп жатат?
– Негизи, актрисалык өнөрүмдү баары бир биринчиликке коём. Анан актриса ырдаганды, бийлегенди да билиш керек да.

– “Күкүк Шахра” тасмасына жазылган ыр боюнча биздин сайттын колдонуучуларынын сынын окудуңбу?
– Окудум. Негизи, ал ыр студиядан жазылган жок. Шашылыш түрдө тасманын бет ачарына чейин бүтүш керек болуп калды. Чынын айтсам, анда ырдаганым өзүмө да жаккан жок. Чийки болуп калган. Силердин сайттагы бир комментарийге жооп айта кетейинчи. Тасма тууралуу “бул тасманын көп жеринде менин тагдырым чагылдырылган” дегеним бар го. Анан “эмне, Зареманы зордуктап кеткен бекен?” деген мааниде талкуу болуптур. Окшоштугу деп мен “апаң каза болду” деп угузган учурларды айткан элем. Ошол жерден каалабасам да башымдан өткөн кайгылуу күнгө кайра кайткандай болгом.

– Жалаң эле кайгылуу ролдорду жарата бересиң, сенден качан шайыр образдар жаралат?
– Ошону айтсаңыз, мага эмне роль тийсе эле кайгылуу болуп калат. Комедия жанрындагы ролдорду деле ийине жеткире аткара алам. Театрда комедиялуу ролдорду жакшы эле аткарам.

– Жашоодо да кайсы жерде көрбөйүн муңайымсың, жаркырап күлгөнүңдү көрө элекмин...
– Көп адамдар менен тил табышып, кошулуп кете албайм. Бирок досторумдун арасында шайырмын.

– Тасма талаасында жакындашып кеткен, сүйүшүп кеткен учурлар көп кездешет. Сенде мындай учурлар каттала элекпи?
– Ооба, тасма талаасында мындай нерселер көп кездешет. Бирок мен жамаат ичиндеги “флирт” деген нерселерден алысмын. Дегеле келечектеги жолдошумду актёрлук чөйрөдөн элестете албайм.

– Артисттерге жарытылуу айлык берилбейт, анын үстүнө жаш актриса болсоң, билесиң да, кээде гонорар деле төлөнбөй калат дегендей...
– Кээде ойлонуп кетем. Ушундан көрө башка эле кесипти тандасам болмок деп. Мындай ой бир мүнөт созулат да, кайра эле чыгармачылыкка толгон жан дүйнөм баш бербей, оюмду оңдоп кетет. Ушунчалык деңгээлге жетип алып, таштап салганым болбойт деп ойлойм.

– Маегиңе рахмат. Муңайбай, жылмайып жүр.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Зарема Асаналиева: "Тагдыр мени жакшы эле калчады"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(33)
SUPER.KG видео
02.03.2012. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маек болуптур!!! ийгилик сага Зарема!
SUPER.KG видео
03.03.2012. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emne jarymyna kelip ele toktop kalip jatat?
SUPER.KG видео
03.03.2012. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик сага азаматсын жакшы ролдорду жарата бер
SUPER.KG видео
03.03.2012. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tagdyr go kalchaptyr jakscy ele deit, biro oto ele kyiyn bolup koiuptur! Senden dele jakshy atkargan aktrisalar bar, talanttuular bar. Alardy ayabai tomon tushurup aitypsyn aktrisa dep eseptebeim dep! Belgiluu Sabira Kumushalieva okugan emes, emne degen shedevr roldordu jaratkan.Kudiym kandai talant bergen enebizge, Men okup anan ishtep men ele tatyktuu aktrisamyn dep koigonu tuura emes!Okuunu butup dele tatyktuu pol; jarata albagandar chetten chygat.Artister silr eldin adamysynar,
SUPER.KG видео
03.03.2012. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
El memen jerde jonokoi bolgula, bir eki rol'go tuchup asha chaap asmandan suiloboi!!! Talant menen bilimdi salyshtyrboo kerek! Siz emes chon el artister myndai kyiyn bolup interv'iu bergen emes eken oilop korsok. Oshonduktan sizge iygilik, Sabira Kumushalievadai dankka jetip anan usnundai suilosonuz jarashaar ele deim!!!Bolboso bat jerge tushup kaluunuzdu kaalabaibyz. El degen taraza, synchy bolot, oshonduktan el menen ishtep birinchi elge jaguunuzdar shart, Cygarmachylyk iygilik kaalaibyz!
SUPER.KG видео
03.03.2012. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу бол!!!
SUPER.KG видео
03.03.2012. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маек жакшы отуптур. Мен Зареманы кичине болсун дагы билип калдым. Чыныгы кыргыздын кызы. Турмушта абдан жонокой кыз(стерва эмес). Ушул тандаган кесипчилигинди таштаба. Чыгармачылыгына ийгилик!!!
SUPER.KG видео
03.03.2012. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зарема Жибек дос кызын мага чалып койсунчу 0770 003 770 Мурат В1688J.
SUPER.KG видео
04.03.2012. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Зарема! Чыгармачылыгын оркундой берсин, бактылуу бол!
05.03.2012. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kullup jurson suluu bolup kalat ekensin, baktuluu bol..

SUPER.KG видео
05.03.2012. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy onorun oorchui bersin
SUPER.KG видео
05.03.2012. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай "грустный" маек болуптур чындап, кейип эле угуп отурдум, шайыр, ачык деп ойлобойт экенсин- актрисаны, башынан коп нерсе откону окунучтуу.....бирок ииий деп тамшанып уга турган эч нерсе айтып берген жок...же балким суроолор ушундай кызыксын болдубу....ортосунда "посторонний звуктар" угулуп атат го....
05.03.2012. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи токтоо кыз турбайбы, азамат кино тармагында ийгиликтерге жетишип, бактылуу бол.
05.03.2012. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнегедир Асемага окшотура берем, кээ бир суротторунон.
05.03.2012. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zarema senin atkaruuchuluk talantyn maga ayabai jagat
saga negizgisi chyn densooluk. ui-buloluk bakyt kaalaim bardyk oilogon oi maksattaryn orundalsyn sindim
05.03.2012. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол !!! мен сага ийгилик каалайм
SUPER.KG видео
05.03.2012. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец
05.03.2012. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай Таалам бакыт берсин сага! Ата-энендин калган омурун сага берсин!Чыгармачылыгын оркундоп,алдыга карай умтула бер!
SUPER.KG видео
05.03.2012. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маек куруптур,чыныгы актриса десе болот,жасалма эмес.Бактылуу бол!!!!
06.03.2012. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кээйибе жашоодо ар кандай нерселер болот.Тагдырдын сыноосу булда босо.Ата - энендин артын кайырлуу кылсын кудайым
06.03.2012. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлогондору да Асемага окшошуп кетет, ийгилик сага

06.03.2012. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз!
Сиз аябай таланттуу адамсыз!
Чыгармачылык ийгилик сизге!
06.03.2012. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зарема, ийгилик сага...башыман оор турмуш откордум деп кейибе...сен да бактылуу болосун..ошого ишен....
08.03.2012. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktilyy bolgyla !!! Sizdi Kyrgyz kyzy katary siylaybiz Ene tildi saktaniz.Negizinen akildyy jondomdyy chirgarmachil zamanbap kelechekte kopty umytondyrgon Kyrgyz aktrisasiz.Ar dayim bar bolyhyz.
08.03.2012. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зарема сизге чыгармачылык ийгиликтерди каалоо менен бирге сизден мыкты образдарды кутуп калабыз. Жеке жашоонузда бактылуу болунуз.
SUPER.KG видео
10.03.2012. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат кыз турбайсынбы,ийгилик ишине!
SUPER.KG видео
11.03.2012. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kinodogu Anaraday meskne,,, ozuno tig,sozuno tig,chechendigi jakty,,,iygilik jakshi roldordu jaratip jurober!!!
14.03.2012. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец эч нерседен тайманбаган татынакай кыз экенсин.Удачи во всем!!!
SUPER.KG видео
20.03.2012. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйла эле мактанат экенсин айтпасан деле коруп турбайбызбы биз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо