КЫЛМЫШТАР ЖАНА КЫРСЫКТАР

№488 9-март - 15-март, 2012-ж.

ЗОРДУКЧУДАН КАЧЫП, 5-КАБАТТАН СЕКИРГЕН
3-мартта кечки саат алтыларда Бишкек шаарындагы батирлердин биринде эркек адам жаш келинди зордуктоого аракет кылып, келин 5-кабаттан секирип кетиптир. "Зордуктоого аракет кылган" деп шектелген адам Ленин РИИБинин оперкызматкерлери тарабынан кармалган. 30 жаштагы Э.Х. чет өлкөдөн поездде келе жатып таанышкан келинди үйүнө конокко чакырган. Зордуктоого аракет кыла баштаганда келин 5-кабаттан секирип кеткен. Жабырлануучу оор жаракаттар менен шаардык ооруканалардын бирине жеткирилген. Кийин белгилүү болгондой, келиндин боюндагы 6 айлык наристеси төрөлбөй жатып каза болду. Ленин РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 28, 129-беренелер (зордуктоого аракет кылуу) жана 102-берене (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

ОКУУЧУ КЫЗДАР ТОНОП ЖҮРҮШКӨН
Бишкек шаардык милиция кызматкерлери шаардык мектептердин биринен жогорку класстын окуучулары каракчылык кылган фактыларды таап чыгышты. Иликтөө иштеринин натыйжасында мектепте жана колледжде окуган 16-17 жаштардагы 4 кыздын 6 жолу каракчылык кылгандыгы билинген. Мурун жабырлануучулардын ата-энелери 4 кызга карата чара көрүү тууралуу кайрылышкан эле. Бул кыздар 25-февралда күч колдонуп, мектептин 8-10-классынын окуучуларынын акчаларын, бир нече уюлдук телефондорун жана моюн орогуч, өтүктөрүн алып коюшкан. Бул факт менен Кылмыш жана жаза кодексинин 167-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

ӨЗ ТУУГАНЫН ЗОРДУКТАП, ӨЛТҮРГӨН
4-мартта Бишкектеги үйлөрдүн биринде 20 жаштагы Э.С. аттуу айымдын киши колдуу болуп өлгөн денеси табылган. ИИМдин басма сөз кызматынын билдиришинче, бул кылмышка шектүүнү дароо эле кармашкан. Бишкек шаарынын 26 жаштагы М.А. деген тургуну мас болуп алып алысыраак тууганы болгон кызды алдап чакырган да, зордуктап салган. Каза болгон айымдын курсагынан бычактан алган жаракат байкалган жана далил буюм катары аш бычак табылган. Маркумдун денесинде муунтуунун издери да бар. Бул факт боюнча Ленин РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө уланууда.

СУУЧУЛ-БРАКОНЬЕРЛЕР КАРМАЛЫШТЫ
28-февралдын түнүндө Ысык-Көл облусундагы “Аквафонд-К” ЖЧКсынын балык чарбасынын кароолчусу форель балыктары уурдалганын байкап калган. Кароолчу жээкте турган автоунааны көрүп, бул тууралуу Балыкчы ШИИБине маалымдаган. Милиция кызматкерлери автоунааны токтоткондо ичинен суучулдун эки комплект жабдуусу, 7 тор жана 40 килограмм форель табылган. Браконьерлер муну менен балык чарбасына 450 миң сомдук зыян келтиришкен. Маалыматтарга караганда, 2 жылдан бери балык чарбаларынан жаңы ыкма менен, тактап айтканда, суу астындагы жабдуулар менен балыктарды уурдап кетүү күч алган. Бул факт боюнча материалдар Балыкчы ШИИБинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
12.03.2012. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЗОРДУКЧУДАН КАЧЫП, 5-КАБАТТАН СЕКИРГЕН сооп болот тааныбаган кишинин уйуно эмнеге барат кызык дураа

12.03.2012. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балык жейм дегендер балээге калыптыр.
12.03.2012. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kunduza, Балыкты сатам деген болуш керек кымбат турат эмесби форель
15.03.2012. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
monchok, Seninoyuncha emne kilish kerek dep oyloysun Forel uurularina?
12.03.2012. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тиги келин жакшы тааныбаган адамдын уйуно эмнеге барды экен?кош бойлуу да болсо башы жок келин.
13.03.2012. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
çındap ele taanışsa ele bara berebi kızık.Kuday saktasın
14.03.2012. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул келин эмнени билип коюуптур ал кишинин жаман экенин ошол эркекти олтуруш керек эле да замана эмне болуп жатат
18.03.2012. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жaнaгы кeлин aл кишинин уйуно нe мaксaтдa бaрды дeймдa.
30.04.2012. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман ойу менен барса 5 кабаттан секирбейт эле!... Кылмыштын санын азайтуу учун катуу чараларды колдонуш керек. Олум жазасын кайрадан мыйзамга орнотуу керек!
30.04.2012. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балык уурдагандардын колун кесип жазасын берип анан камака алыш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо