АРСТАНДЫ АСЫРАГАН МЫШЫК

№488 9-март - 15-март, 2012-ж.

Бир күнү мышык жаңы туулган эки баласын жоготуп алат. Ары чуркайт, бери чуркайт, таптакыр таппайт. Акыры айласы кетип, айылдан тышкары жакка эле барып жашоону чечет да, тоону көздөй бет алат. Бир күн тынбай жол жүргөн мышыктын курсагы ачып, алы кетип, анан бир жерге отура кетет. Аңгыча алыстан кичинекей мыймыйларынын үнүнө окшогон үн чыгат. Ыйлап жаткандай. Дароо тура калып эле ал жакты көздөй жөнөйт. Жакын барганда гана бир чоң арстандын өлүп жатканына күбө болот. Жанында баласы ыйлап турган эле.
– Ыйлаба, сен акылдуу бол,- деп арстандын баласын башынан улам жалап соороткон мышык аны аяп кетип, ансыз да сүткө толуп турган эмчегин бере коёт. Ошентип, мышык арстандын баласын багып алат.
Күндөр өтө берди, арстандын баласы чоңоё берди. Энесинин – мышыктын таап келген олжосуна курсагы тойбой, өзү жортуулга чыга баштайт. Ошондой күндөрдүн биринде арстандын колуна эч нерсе илинбей, жортуулдан капалуу кайтат. Курсагынын ачканынан көзүнө эттен башка эч нерсе көрүнбөй, баккан энесин – мышыкты жемекчи болот. Муну сезген мышык андан-мындан бир тийип, дароо качып барып бактын үстүнө чыгып кетет. Ошондо арстан мышыкка:
– Ой, ак сүтүн эмизип асырап баккан энем, тууган энемден да ысыксың. Бар акылыңды үйрөтүп, эмне үчүн тал башына атып чыкканды үйрөткөн жоксуң?- дейт.
Анда мышык:
– Балам! Сени кичинекейиңден боорума басып өстүрдүм. Билген акылымдын баарын үйрөттүм. Бирок баары бир жырткыч болго­нуңдан улам сенин кулку­нуңдан коркуп, бир өнөрүмдү үйрөткөн жок элем, аным акыл болуптур,- дептир.
“Кулкуну жаман кууратат” деген макал ошондон калган экен.

Чолпон Сүйүнбаева
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо