САХНАНЫН САРКЕЧ ЖЫЛДЫЗДАРЫ

№488 9-март - 15-март, 2012-ж.

Ырчылар сахнага чыкканда алардын кийимин, макияжын сынамай адатыбыз бар. Белгилүү стилисттердин жардамы менен сахна адамдарын иргеп алып WWW.SUPER. КG сайтыбызда сурамжылоого коюп, сахнанын саркечтерин аныктадык. Алардын алдыңкылары төмөнкүлөр...

ОМАР: «5000 СОМГО БИР КӨЙНӨК АЛГЫЧА, 500 СОМДОН ОН КӨЙНӨК АЛГАН ЖАКШЫ»
– Омар, каяктан кийинесиң?
– Эл сыяктуу дүкөндөрдөн эле кийинем.
– Кийимде эмне маанилүү?
– Анын түсү чоң мааниге ээ. Ар бир адамга жарашкан өң бар. Мага жашыл, көк өңдөр жагат. Кийимдин кымбатынан да тазалыгы маанилүү.
– Эң кымбат кийимиң...
– Өтө кымбат кийим алып көрө элекмин. Ашып кетсе 25 миң сомдук костюм-шымдарды алам.
– Эң арзаны...
– 20 сомдук байпак, 10 сомдук жүз аарчы. Ак көйнөктүн сапаты анча деле билинбейт го. Ошондуктан 5000 сомго бир ак көйнөк алгандан көрө, 500 сомго ошол көйнөктөн онду алган жакшы.
– Саркечсиңби?
– Өзүмдү саркечмин деп айта албайм. Жашоонун маңызы саркечтикте эмес, кылган ишиңде.

"Non-Stop" дуэти: «КИЙИМ САХНА АДАМДАРЫ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ»
– Чолпон, Максат, каяктан кийинесиңер?
– Жарашыктуу кийим көрүп калсак, кымбат-арзанына карабай ала беребиз.
– Сахнага чыкканга чейин кандай кийинчү элеңер? Азыр ал стиль өзгөрдүбү?
Чолпон: – Кыздар көбүнчө модага карап кийинебиз да. Журналдарды карап, ошого окшоштуруп кийинчүбүз. Сахнага чыкканда өтө деле өзгөргөн жокмун. Азыр команда менен кеңешип, кандай кийинип чыгарыбызды чечебиз.
Максат: – Азыркыдай эле кийимге көңүл бурчумун. Кийимимдин бир жери айрылып же бир нерсе болуп калса, шыр эле үйгө барып аны алмаштырчумун.
– Сахнадагы кийим кандай болушу керек?
– Ырга жараша болушу керек. Кыргызстан тууралуу ырдаса, кийими кыргызча, батыш стилинде ырдап жатса, ошого жараша кийинүү туура.
– Эң кымбат жана арзан кийимиңер...
Ч.: – 450 долларга тиктирген көйнөгүм – эң кымбат, 70 сомго алган байпагым – эң арзан.
М.: – 350 долларга Дубайдан ветровка алгам. Ошол эң кымбат кийимим. Эң арзан байпактар болсо керек, 50 сом.
– Кийим деген...
Ч.: – Адам жөнүндө маалымат берет.
М.: – Сахна адамдары үчүн маанилүү нерсе.

Каныкей: «САХНА МЕНСИЗ КЫЗЫКСЫЗ»
– Каныкей, каяктан кийинесиң?
– Сахнадагы кийимдеримди дизайнерлер-модельерлер тигип берет. Күнүмдүк кийимдеримди базардан эле сатып алам. Оригиналдуу кийимдерди алганды жакшы көрөм.
Кайсы түстү жактырасың?
– Жан дүйнөмө сары түс жагат. Акыркы учурда көгүш түс жагып жүрөт.
– Кийимине карап кандай адам экенин билүүгө болот дегенге кошуласыңбы?
– Билип койсо болот деп айтышат. Бирок өзүм деле кээде кызыктай кийинип алам. Ошондуктан айта албайм.
Эң кымбат жана арзан кийимиң...
– Кымбат, арзан деп майдалангым келбейт. Мага баары бирдей.
– Сахнадагы стилиңди жактырбагандарга кандай карайсың?
– Мени карап көздөрү жооруп жатканы үчүн аларды аяйм. Сахнада баары улуу жана сулуу. Ошондуктан мендей бирөө болбосо, жашоо кызыксыз болуп калат го.
– Негизи эле кийим деген сен үчүн эмне?
– “Адамдын көркү – чүпүрөк” дегендей, ал жөн гана чүпүрөк. Бирок чүпүрөктү өтө бийик көрбөйм. Анткени адам өлгөндөн кийин чүпүрөктөн эч кажет жок.

Бактыгүл Бадыева: «ЧЕТ ЖАКТАРДАН КИЙИНЕМ»
– Бактыгүл, каяктан кийинесиң?
– Чет жактардан кийингенге аракет кылам. Көпкө чейин чет жактарга чыкпай калсам, борборубуздагы дүкөндөрдөн эле кийинем.
– Кийимдин эмнесине көңүл бурасың?
– Албетте, кийим деген биринчи кезекте модалуу, экинчиден, сапаттуу, үчүнчүдөн, жарашыктуу болушу керек.
– Кайсы түстөргө басым жасайсың?
– Ак, кара, кызыл.
– Эң кымбат кийимиң...
– Кымбат кийим сырткы кийим болушу керек, менимче. Алар менин шубаларым. Бирөөсүн Москвадан, бирөөсүн Түркиядан алгам.
– Эң арзаны...
– 3000 сомго көйнөк алгам.
– Кийим деген сен үчүн...
– “Кийимге карап тосуп алат, акылына карап узатат” деген макал бар го. Ошондуктан, менин оюмча, ар бир аялзаты жакшы кийинип жүрүшү керек.

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


Сахнанын саркеч жылдыздары ким?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(42)
12.03.2012. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
омардын айткандарына кошулам
12.03.2012. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгул эже жакчу эле......
SUPER.KG видео
12.03.2012. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Omar4ik super
12.03.2012. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгул зооо сомго эмес зоо сомго десен болмок.
12.03.2012. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super info, koro albai jatam((((
13.03.2012. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгул канча кымбат кийинбесин, саркеч деп айтууга болбойт))
13.03.2012. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыр Омар Нон стоп, анан да Жаным Айзат Гульнур эже жарашыктуу кийинишет
13.03.2012. 02:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Letty, мен да сага кошулам бирок алардын арасына каныкейди да кошуп кетмекчимин
SUPER.KG видео
13.03.2012. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Omar krasavchik!
13.03.2012. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныкейди саркеч деп эсептебейм. Ал андай образы менен сахнага гана чыга алат. Ал жагынан алып караганда аны жон гана озгочо дейт элем. Ал эми кунумдук жашоодо кийингендегисин коруп байкуштун кийими жокпу деп ойлойп кетем. Ал эми кыргыз шоу бизнесинде корунуктуу адамдардын чектен чыгып саркеч болуп кеткендери жага бербейт. Ар бир адам озунун жаш-курагына да жараша кийингенди билсе. Мисалы, Гулнур эженин талантына соз жок, бирок жашына жараша эмес жаш кыздардай кийинип алганы жага бербейт.
13.03.2012. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм... биздин ырчылардын ичинен ким саркеч кийинет? Ойлондурат экен. Сахна адамы болгондон кийин өзүнүн келбетине кам көрсө (толуп кетпей), жүрүм-турумуна(алар эл жүзү экенин унутпаса), сүйлөгөн сөзүнө (маданияттуу, орундуу) чейин маани берсе, өзүн жөнөкөй алып жүрсө "звезда" болуп кетпей. Андай адам чет өлкөнүн же ашыкча кымбат кийинбесе деле аны
13.03.2012. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эл сыйлайт, ырларын сүйүп угат, андан үлгү алат жана аларга саркеч кийинет деген ат өзү эле жабышып алат чапталып. Жогорудагы ырчылардан мен Омарды көрсөтөт элем.
13.03.2012. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул ырчылардын сахнадагы образын коруп алып эле буларды саркеч-жылдыз деп айтканга болбойт, бул жон эле озунчо бир стиль-оригиналдуу, озгочо- чыгармасына жарашадыр мумкун. ал эми мындай жашоодо канчалык саркеч экендерин айта албайм...негизи кийимдин кымбатына карабай, жарашыктуусуна караш керек...Каныкей озгочо-бирок эч эле саркеч эмес-аны озу да тушунсо керек! Арсен, Омар, Замир мырзаны белгилейт элем- ушул жерден!
13.03.2012. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Истил-мистилинерди билбейм ай. Иши кылып жакшы ырдаса эле болду мага :)))
13.03.2012. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл көзүндөгү адамдар болгондон кийин эң биринчи саркеч эмес жарашыктуу кийинишсе дейм. Кеп кийимдердин арзан,кымбатында эмес. Анан саркечтикти коюп үндөрүн оңдоп алышсынчы. Ушул кээ бир ырчылар жаңы кийими менен мактаныш учүн да чыгышат. Ошолорго таңмын. Андан көрө вокал боюнча сабак алышып, үндөрүн тапташса эмне.
13.03.2012. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сахнанын саркечтери туура эле тандалган дейм. Мисалы, Омар, Бактыгүл. Булар дайыма үлгулүү кийинишет. Мага жакпаганы Айгерим Расул кызынын кийингени. Шалдыр-шулдурдун баарын тагынып алат. Жана бул кыз абалга жараша да кийингенди билбейт. Өткөндө афган ардагерлерини күнүнө арналган кечеде жарым жылаңач болуп ырдап жүрөт. Бул саркечтик эмес, бул кийимди туура тандаганды билбегендик.
SUPER.KG видео
13.03.2012. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге очуп кеткен 13-числого откондо жазган коменттер
SUPER.KG видео
13.03.2012. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
омар молдессин
13.03.2012. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгул Дордой плазадан кийинет.
13.03.2012. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акчасы болсо киине берсин да
SUPER.KG видео
14.03.2012. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
омар жакшы жооп бериптир азаматсын каныкей да сонун алга омар каныкей
SUPER.KG видео
14.03.2012. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омар сени тарбиялап остургон ата-энене ото ыразычылыгымды билдирем ,сага окшогон балдар кобойо берсин Кыргызстанда .чыгырмачылык ийгилик каалайбыз !!!
15.03.2012. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгуль кичине жонокойроок болсо- эл колдомок..."будь проще и люди потянутся к тебе"....калп эле чолжоктоп- элге окшоп байпак, перчатки дегендерди албайбы не...
15.03.2012. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар молодец баарын чын айтыптып,бирок Бактыгуль сеники окшошпой калыптыр...мактанганын аябай билинип калыптыр
16.03.2012. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Non stop tobu kyrgyz tilinde oilorun toluk bere alywpait eken((((
16.03.2012. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
omarchik sonun balasin da
19.03.2012. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktiguldun en arzan kiyimi 3000 somduk koynok bolso anda baypaktari andan da kimbat goooo...
19.03.2012. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cosmopolit, ха ха ха реально. 10000 сомго же долларбы?
23.03.2012. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Omar 4ep4estno otvetil
SUPER.KG видео
25.04.2012. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайырдын эн арзан кийими 3000 сом болсо ич кийими алтын жалатылган окшойт э?
SUPER.KG видео
13.05.2012. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте биздин баардык эле шоу бизнестеги кыз жигиттерибиз жакшы кийинишет. Омар дагы жакшы кийинет бирок супер деп айталбайм. Бирок Омардын популярдуулугу анын талантында, озуну алып журусундо, суйлогон созундо. Азаматсын оркундоп осо бер.
МЕН СЕНМ СУЙОМ!!!
04.11.2014. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактыгул сахнага жаны чыга баштаганда аябай жонокой татынакай болчу ошол убакта аябай сыйлачуму, кийин эле атак данкты которой албай кетти корунот
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо