ФУТБОЛЧУЛАРДЫН МАРТЫ КИМ?

№488 9-март - 15-март, 2012-ж.

Каталондук «Барселонанын» жана Франция курама командасынын коргоочусу Эрик Абидаль бөйрөк оорусунан улам операция жасатуу үчүн бейтапканаларды түрө кыдырып жүргөн. Коомчулук анын ден соолугунан кабар күтүп жатса, ал күтүлбөгөн жаңылык жаратты. Бейтапканалардын биринде ал рак менен ооруган 15 жашар балага жолугуп калып, аны карап тура албай колундагы саатын чечип карматкан. Футболчу муну жашырганы менен, ал сааттын 30 миң доллар турары аныкталды. Бул окуя элдин эсине Оливье Капону түшүрдү.



Франциялык Капо 2008-жылы «Бирмингем Ситинин» стадионунда бут кийим тазалагыч болуп иштеген 20 жаштагы Жеймс Мак Пайкты катуу кубанткан. Бут кийим тазалагыч футболчудан эстеликке бут кийимин берүүсүн суранып, күтүлбөгөн жерден Мерседес S 320 үлгүсүндөгү унаанын ачкычын кошо алган. Оливье баасы 58 миң фунттук унааны тартуулап чектелбей, кийин да ага жардам берип жүргөн. Ооба, «футболчуга жыргал. Жөн эле ойноп, миллиондорду кучактап жатат» деген чындыкка туура келген кеп бар. Бирок ким эле ал акчасын атасы тааныбаган адамга жардам иретинде коротуп жатыптыр? Азаматсыңар!

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
12.03.2012. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон гана эмне дейт элем азаматсынар балдар менде да ошондой акча болсо чон машыгуу залын ачсам дейм бирок тилегиме жете аламбы...дунуйону топтогон менен олсон кошо алып кете албайбыз го
17.03.2012. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эрик Абидаль - мусулман футболчу..
02.08.2012. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллаа ыраазы болсун сенден, мындан кийин сенин оюнуна болеть этем буюрса.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо