ШАХМАТ БОЮНЧА КЫРГЫЗСТАНДЫН ЧЕМПИОНУ - НУРИЗА ОТОРБАЕВА

№488 9-март - 15-март, 2012-ж.

Бул ысымды укканда көпчүлүгүбүз көз алдыбызга чаар ала шахмат тактасын карап отурган кызды элестетебиз. Нуриза ачык, шайыр кыз экен, аны менен тил табышып кетүү оңой болду.

Туулган жылы – 1989-жыл, 12-январь.
Туулган жери – Жети-Өгүз району, Саруу айылы.
Жактырган ыкмасы – Испандык партия.
Кумири – Гарри Каспаров, Юдит Полгар.
Жетишкендиктери – Шахмат боюнча кыздар арасында КРнын 2 жолку, Универсиаданын 3 жолку чемпиону. Анкарада өткөн түрк тилдүү элдердин мелдешинин коло медалчысы. Эркектер арасында КРнын спорт чебердигине талапкерлигинин нормативин толтурган.
Үй-бүлөдө 2 уул, 2 кыздын үчүнчүсү.
Бойдок. Учурда Бишкекте жашайт.
Исхак Раззаков атындагы КТУнун бизнес жана башкаруу факультетинин 3-курсунун студенти.

– Саламатсызбы, майрамыңыз менен куттуктайбыз!
– Саламатчылык. Рахмат.

– Жүрөгүңүздү түшүргөндөй болбоюн, бирок «сүйүктүүңүз барбы?» деп сурагым келип жатат. Дегеним, майрамдан эмне белек күтүп жатасыз?
– Ооба, бар. Жакында үйлө­нүшүбүз мүмкүн. Негизи, мен китепке жакынмын. Буга чейин мелодрама жанрындагы чыгармаларды окучумун. Жакындан тарта детектив жанрына кызыга баштадым. Ошондуктан китеп үмүт этип жатам. Баса, китеп демекчи, өзүм Кыргызстандагы шахматты чагылдырган китеп жазып жатам.

– Шахматты сүйгөн жан экенсиз, акылдуулардын оюну менен кандайча табышып калгансыз?
– Эл шахмат ийримине 3-4 жашта кабыл алынса, мен 13 жашымда үйрөндүм. Үй-бүлөдө баары шахмат ойногондуктан, алгач атамдан үйрөнгөм. Биринчи жолу мектепте ойноп, кийин райондук мелдештерге катыша баштадым. Эсимде, көп жолу байкем экөөбүз финалга чыгып, сүйлөшүп алып бири-бирибизге алмак-салмак утулуп берчүбүз. Алгач райондо, анан облуста чемпион болуп, көп өтпөй Республика чемпиондугун утуп алдым. Мындай чоң бурулуш бат эле болуп кеткенине кубанам. Өзүм Бишкекте жашаганым менен, Ысык-Көл облустук Шахмат федерациясынын атынан чыгам. Дүйнө чемпиондугуна чыккан алгачкы шахматчы катары былтыр облустун 70 жылдыгында мени облустун тарыхына жаздык дешти. Ошондой эле 2010-жылы Данияр Көбөнов Азия оюндарын утуп келгенде «Саруу айылынын сыймыгы жана жылдын мыкты спортчулары» деп экөөбүздү сахнага чыгарып сыйлашты.

– Шахмат кол оорутуп, бел жоорутпаган спорт түрү эмеспи. Бирок анда деле түйшүктөр болсо керек?
– Ооба, бар. Башка спортчулар аз тамактанып, ашыкча салмактан качышса, биздин диета – ашыкча маалыматтан качып, сыналгы көрбөө. Анткени телевизор көрүү менен мээге ашыкча маалыматтар киргенде ойду бир жерге топтоо кыйындап, ой жүгүртүү начарлап кетет. Ошондой эле улам түрдүү татаалдыктардагы жүрүштөрдү чечмелейбиз. Анан да отуруп ойногонубуз менен, биз да чуркап, көнүгүү жасап, физикалык жактан даярданабыз. Беттеш алдында ой жүгүртүүнү тездетүү үчүн көп кофе ичебиз.

– Дүйнөлүк шахматтын алпы Гарри Каспаров менен кезигиптирсиз...
– Ооба. Аны менен Орусиянын Ханты-Мансийскте өткөн Дүйнө биринчилигинде жолукканбыз. Сыйлуу конок катары чакырылыптыр. Кумиримди көргөндө андан кеңеш сурап, сүрөткө түшкөнгө ашыккам.

– Кумириңиз эркек экен. Негизи, шахматты эркектер жакшы ойнойбу же аялзатыбы?
– Негизи, эркектер күчтүү келип, алардын ой жүгүртүүлөрү да башкача. Кыздар тыкан ойношот да. Балдар “бардак” кылып, чачыратып ойношот. Мен эркектер менен көп ойноп өстүм. Анткени алар менен ойногон кызыктуу. Анан да алар менен ойногон соң кыздарды оңой жеңип алууга болот.

– Спортчулар көчүп-конуп эле жүрүшөт эмеспи. Сиз кайсы өлкөлөрдө болдуңуз?
– Негизи, “саякатым” 2005-жылы Франциянын Бельфорд шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда башталып, 2006-жылы Ташкентте, 2007-жылы Анталияда, 2010-жылы Ханты-Мансийскте, Анкарада болдум. Чынында, көп жерге жолдомо алып, бирок каражат жоктугунан бара албай калам. Былтыр каражат жок, мени Кытайда өткөн Дүйнөлүк Универсиадага барган курамдан чыгарып салышыптыр. Азыр жылуулукту университеттен гана сезем. Мен университетти аяктаган соң мага экинчи окууну сунуштап, азыр бекер окуп жатам. Бул үчүн окуу жайдын ректору Турат Дүйшөналиевге ыраазычылык билдирем.

– Намаз окуй турганыңыз көрүнүп турат. Качантан бери ыйман жолундасыз жана шахматка исламда жол берилеби?
– Исламда күрөшүүгө болот. Бирок кумар оюндарына жана бири-бирине зыян келтирген спортко тыюу салынат. Шахмат оюндардын кумар түрүнө кирет. Мен балагатка жеткенден тарта намаз окуп келем жана шахматты кумарга жеткирбей ойноп, буга искусство катары карайм.

– Жакшы экен. Рахмат маегиңизге.


Шахмат чебери Нуриза Оторбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(19)
SUPER.KG видео
09.03.2012. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик сизге!!!! колунузга дарт бербесин!
SUPER.KG видео
10.03.2012. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oo menda chempion bolchumunda shahmattan :) Iyigilik ejege alban.
12.03.2012. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец ийгилик сага, ушул бойдон токоп калбай алдыга умтул, сенин келечегин али алдыда, дуйнону багындырга шахмат оюнчусу болушуна толук ишенем!!!
12.03.2012. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ataktuu bolgondor ar dayim iymandi unutup koyot,a sen ekoonu ten birdey alip ketipsin,ushunundan jazba iygilik saga Nuriza
SUPER.KG видео
13.03.2012. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла жолунда жургондор дайыма ийгиликте
13.03.2012. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушу шахмат боюнча эн чон жеиишке жет.
13.03.2012. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай ыймандуу кыз экен, Аллах ыраазы болсун! ийгилик каалайм!
SUPER.KG видео
13.03.2012. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйманду сулуу кыз екен кыргызстандын атыны аламга танытатурган ийгиликтерге жетин.
13.03.2012. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындан ары да ийгиликтер коштоп Кыргызстанды дуйного танытышына ишенебиз алгаааа!
14.03.2012. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нурыйза саламацызбы?шакматтан алган жеңышыңыз кут болсун!мен кытайлык кыргыздардан болом.шакматка дүйнө боюнча кытайларды кыйын ойнойт деп уккамын. сыз бул көз карашка кошуласызбы?
14.03.2012. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип сыймыктанбайбыз, андан дагы менин жердешим экен да. Азамат! Ийгилик! Мындан да чоң ийгиликтерге жетиш дейт элем.
14.03.2012. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нуриса мен абдан суйундум. Анткени, намаз окуган аял затына бизде тийишип, суйролуп, жоолук салынып деп тийишкендерге сабак болот. Эми менин тилегим окумуштуулар чыкса экен. Жогорку Кенещке депутат намаз окуган аялдар барса экен.
SUPER.KG видео
16.03.2012. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур, Рахмат сиздерге, ушундай "чымыны учкан" жаштарды эфирге коп-коп алып чыгып туруунуздарды коптон-коп суранаар элем. Азыр коптон бери Кыргызстанга барбай, бул жактан жаш баланы коргонго зар болот экенсин, анан да байке-эжемдин балдарын сагынгангабы, айтоор 7:11 мин-гыны турдуруп карасанар жаш бала мотурайып келип туруп калды, соонун корунот экен козго биздин кыргыз бобоктор, деги силер бар болуп , деги силер тырышып окуп, журокторуноргоЫйман толсунчу, билимгесуусап!ИншааАллах!
18.03.2012. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат. мен да жакшы ойнойм. кантип турнирге чыксам болот?
20.06.2012. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dan-29-05-92, eger Shahmattan turnirlerge katysham deseng, Bishkektegi shahmat klubuna bar, je bolboso al jerdegi okutuuchular menen suiloshkonung eg yngailysy dep oyloym. Men bilgen okutuuchulardyn biri Baktygul Tilenbaeva anyn telefonun kaalasang senin pochtanga jazyp berem. Menin bobogum aga baryp, jakshy ostu. Menin daregim- nurmatello@mail.ru, jooptu kutom.
18.03.2012. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец
19.03.2012. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына ушундай!
Жолугун кийсе да намаз окуса да баардык тараптан аракет кылып журот, бул озу улгуу!
Исламга кыйшык коз менен карагандар билсин Исламды карманган адам баардык тараптан болуш керек,намаз менен эле чектелип калбайт,Ислам дини баарыбызды баардык тараптан чыгышуубузду каалайт,адам баласын эмгекчилдике,мээнеткичитике,аракеттуулуко,умтулууга,талыкпай эмгек менен алдыга жылып жашоосун талап кылат,
22.03.2012. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аллага шугур
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо