Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«СҮЙГӨН АДАМЫМ АГАМ БОЛУП ЧЫКТЫ»

№488 9-март - 15-март, 2012-ж.

«Бул окуя мени бүтүндөй өзгөрттү. Адамдарга болгон көз карашым, мүнөзүм, кыскасы, жашоом толугу менен башка нукка түштү. Башыма түшкөн окуяны сиздерге айтып алсам, жеңилдейт белем деген ой менен кайрылдым»,- дейт каарманыбыз.

«ЖЫЛУУЛУК ТАПТЫМ»
– Ал күнү аялдамада автобус күтүп тургам. Аңгыча жаныма кара түстөгү машина келип токтоп калды. Терезени түшүрүп:
– Кайда барасыз?- деди бир жигит.
Барар жеримди айтсам, “отуруңуз, жеткирип коёюн” деди. Мен да коркпой эле отуруп алдым.
– Атыңыз ким, ушул райондо жашайсызбы?
– Ооба, ушул аялдаманын артындагы үйдө турам. Атым – Мира.
– Меники Болот...
Барчу жериме жетип, жылуу коштоштук. Бейтааныш жигит андан ары кетти. Мен машинанын номерин эстеп калдым. Эки күндөн кийин дагы аялдамада турсам, алдыма келип токтоду. Түшүп баратканымда телефонумдун номерин сурады. Күндөрдүн биринде телефон шыңгырап, Болот:
– Эгер эртең бош болсоң, кечки тамакка барып келбейлиби?- деди.
– Макул.
Эртеси кечке жумуш менен алек болуп жүрүп кечке жуук үйгө келдим. Аялдамага чыксам, Болот бир кучак ак роза гүлү менен тосуп алып, бетимден назик өөп, машинага отургузду. Жан дүйнөм башкача бактылуу, мындай сезимге биринчи жолу кабылышым. Көчөлөрдү аралай кафелердин биринин алдына токтоп, алдын ала заказ кылынган столдон жай алдык. Кенен сүйлөшүп, өзү тууралуу да айтып отурду.
– Убагында Орусияда иштеп жүрүп орус кызга үйлөнүп, бул жакка келгем. Бирок көнбөй кайра кеткенбиз. Эми ажырашып кеттик.
Экөөбүз бири-бирибизден көп окшоштуктарды таптык. Убакыт өтө берди, тез-тез жолугуша баштадык. Жеңилимди жерден, оорумду колдон алып, көп жумуштарыма жардамдашып жүрдү. Болоттой эркектер чанда кезиксе керек.
Мен үйгө, Жалал-Абадга жөнөп жаткам. Ал күнү Болот убакыт бөлүп мага келип, таттууларды алып берди. Жөнөп жатканда эмнегедир “апаңа белек алдыңбы?” деп сурады, мен “ооба” деп жооп бердим.
– Бул дүйнөдө энеден ашкан ыйык эч нерсе жок, бирок менин энем кайда экенин билбейм... Мейли, бул теманы токтотолу, сен жакшы барып кел...- деп маанайы суз коштошту.

«ТАГДЫРЫБЫЗДЫ ӨЗГӨРТКӨН ТҮН»
– Арадан эки-үч күн өтүп, шаарга кайттым. Болотту сагынып келгем, андыктан ал үйүнө чакырганда каршы болгон жокмун. Ал түндү биз бирге өткөрдүк. Көзүмдү ачсам, таң сүрүп калыптыр, Болот чыгып кеткен экен. Текчеде турган буюмдарга көз жүгүртүп, аларды кызыгуу менен карап жаттым. Чоң эски альбомго көзүм түштү. Аскердеги сүрөттөрү альбомдун жарымына чейин экен. Аларды кызыгып карап жатканда Болот бөлмөгө кирип келди. Жаныма отуруп, сүрөттөрдү чогуу көрө баштадык. Барактап жатып өзүмдү, апамдын сүрөтүн көрүп шок болуп калдым. Мен бул сүрөттү бала кезимде өз үйүмдөн да көргөн болчумун. Аны үй жыйнап жатып шкафтын алдынан таап алгам. Анда апам колуна мени алып отуруп, жанында 5-6 жаштагы бала турган. Апама көрсөтүп, сүрөттөгүлөр ким экенин сураганымда “колумдагы кыз сенсиң, бул – курбумдун баласы. Аты – Болот” деген болчу.
Ал сүрөттөгү кыз мен экенимди Болотко айта албадым. “Булар кимдер?” десем, “бул менин апам жана карындашым...” деп оор үшкүрүнүп алды.
– Менин апам түштүктөн болгон экен, атам экөө бул жерде окуп жүрүп эч кимге айтпай баш кошуп алышыптыр. Төрөлгөнүмдү апамдын туугандары укканда мени атама таштатып, апамды алып кетишиптир. Апам карындашымды дарылатып жүргөндө атама жолугуп, “жок дегенде баламды бир көрүп кетейин” деп эстеликке мени менен сүрөткө түшкөн экен. Мунун баарын атам жашоосунун акыркы күндөрүндө айтып кетти. Атамдын айтканы боюнча, апамдын бактылуу турмушу, балдары бар экен. Карасаң, апам мага окшош,- деп бекем кучактап койду.
Жүрөгүм кансырап, жер астын-үстүн болуп, көзүм караңгылап кетти. Ал бөлмөдөн чыгып кетери менен сумкамды алып сыртка чуркап чыктым. Үйүмө жетсем эле тынчтанам деп ойлодум, бирок андай болбоду. Мен сүйгөн адам өзүмдүн бир тууганым экенине ишене албай, жүрөгүм эзилип жатты. Менде бир эле жол бар экенин түшүндүм, кетишим керек.
Ошол эле күнү агенттикке барып, батиримди жарнамага берип койдум. Андан соң таксиге отуруп Жалал-Абадга жол тарттым. Чарчап барганыма карабай үй жыйнамыш этип, ошол сүрөттү издей баштадым. Бирок таппай, апамдан сураганга туура келди. “Менин сүрөттөрүм бар эмес беле, ошону чоңойтоюн дегем” десем, апам бир заматта таап келди. Бул сүрөттүн сырын билеримди, ичимдеги бушайман ойлор муунтуп жатканын айта албадым. Себеби апамдын кан басымы жогору эле, апамды жоготуудан корктум. Түн бир убак болуп калганына карабастан, бул окуяга чекит койгум келип, апамдын бир тууган эжесиникине жөнөдүм. Колумдагы сүрөттү көрсөтүп, баарын айтып бердим. Көрсө, апамдын мурдагы турмушу болгонун эч ким билбейт экен, жадакалса атам да ушул күнгө чейин билбептир. Таежем гана билчү экен. Баары чечилди, сырдын бети ачылды...
Болот, мунун баарын өзүңө жолугуп айтып бере албайм. Билем, сен мени көп жолу издедиң. Мени кечир, Болот ага! Сен ушул гезитти дайыма калтырбай окуйсуң. Бул окуяны окуп түшүнөрсүң. Сага бакыт каалайм!
Мира

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(72)
13.03.2012. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аха мен эми тушундум биринчи эринен тиги баласы калган экен,и еще экинчи эринен алдагы кызы торолуп жаткан турбайбы ээ?!значет бул жерде энелери бир аталары башка турбайбы ээ?!.
13.03.2012. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Демек куноонун баары ,жаштык мастык кылган энесинде болуп жатпайбы?
14.03.2012. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болот жe Мирa жaмaнырaaк журот окшойтко, кудaйым aтaйын коргозуп койгон.
14.03.2012. 05:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо бул тексттерди которушса керек башка тилден менин оюмча.Себеби мен да башка журналдан окуган жайым бар.Кээ-кээде которушат бирок жакшы кылышат бизге,адамдарга бул сабак болот да ар бир кадамыбызды абайлап таштап калабыз.
14.03.2012. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jamalym, жок, бул окуя которулган эмес. Чыныгы окуя, чыныгы каармандын өз оозунан жазылып алынган.
17.03.2012. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jamalym, Андай эмес башка тилден которулган эмесго.Кыз айтып жатпайбы Жалал-Абадка уйуно деп.
14.03.2012. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жомок экен
14.03.2012. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карындаш жомокту кобуроок окуп койсонуз керек, себеби мындай окуяларды коп жазышчу болду, окурмандардын конулун тартуу учун. Сиз кызыксыз токтогон машинага эле тушо берген. Бизде уят,ар, намыс сапаты ото аксап баратат
14.03.2012. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм..iwenbeim jomok go???Mumkun...
14.03.2012. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам достор жакшы окия экен ошол себебтен айтарым никесиз туш келген менен жатпаш керек деп ойлойм нике менен болгондо бул океа болмок эмес.Зынадан Никесиз жаткандан алыс болгула
14.03.2012. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге эле таанышып алып эле, суйуп калып, анан тошокко шашышат. Баштары иштейби. Олуп бара жатышабы. Бир-эки ай кое турса, балким тигил суротту коруп калса, бир туугандар бири-бирин таап, абдан жакшы болот эле. Европаны туурап, же кыргыз эмес, же иши кылса бирдеме. Зынадан тапкан пайданар ушул болмок.. Табаа эмес тобоо. Ээ, Алла Таала ушул сыяктуу нерселерден сакта кыргызды, жана кыздарды.
14.03.2012. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кунонун баарын кыздарга койупсунар азаматсынар ,ал эми ал эркектин башы жок бекен чыныгы эркек болсо артынан бармак баласын алып
14.03.2012. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бу Мальвинахан жанагы Бактыгул Бадыеванын клибин коруп отуруп эле ильхому туйлап кетип шоктонуп койгон го дейм.Маладес окшоштуруптур.А вообще эле ушул сыяктуу учурлар болбос учун тамырыбызды таза тутуп,бабалардын созун эстен чыгарбаш керек.Кыргызда жети атанды бил дейт.Жети атанды билсен ким менен куда,таяке жээн экенин таблицадай эле озу чыгып калат.Жети ата откондон кийин тукум алмаша берсе руксаат.Кыргыздын кыйындыгын билбейсинер да.
14.03.2012. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Calipso siz tuwunboi kaldynyz okwoit , atalary bawka , enesi bir , alardyn tymyzyn uilonup alywkanyn bilgende ata eneleri choogu jawawyna karwy bolup ajyrawyp ketet , Bolot atasynda kalat , apasy bawka turmuw bawtait , kyzyn owol kuioosunon bolot , kiyin apasy kelip , ech bolboso estelik uchun uulum menen surotko tuwup alaiyn dep tuwkon surotu , eger dagy dele tuwunbogon bolsonuz , teksti kaira okuunuz
15.03.2012. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай жаман жиркеничтуу ишке барып жатса, болот машинеге отур деп кафеге анан уйуно алып барып ал кыз менен бир тошокто жатса, эмне кыз ойлогон жок??? Анан эле бир тууганы менен бир тошокто жатканын куноо деп билип калат. Негизи жат, намахрам эркек менен суйлошкон чоооон куноо. Кудайым туура жолго баарыбыз баштасын, аминь!!!
15.03.2012. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eh kanday gana okuya kanday gana chigarma EY URMATTUU КЫРГЫЗДАР achan bolgondu toktotobuz aytkilachi je emne tunduk-tushtuk dep boluno berebizbi? Men 2-nersege okunup turam: 1-Baykesin suyup kalgan kizga 2-Men tunduk sen tushtuk degen КЫРГЫЗ jaraninna. Bir kol ech kachan dobush chigara albayt kachan gana 2 kol jardamga kelgende un chigat
15.03.2012. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корейский кино болуп кетиптирго ишенгин келбейт аттин....
15.03.2012. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балким чын, айбай кайгулу болуптур ушу око бирге жатбаганда айта алат еле
16.03.2012. 04:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кордунорбу кыздар жеткизип койойун деген еле машинеге олтура бербегиле ато акенер чон атанар таякенер чыгып калышы мумкун
17.03.2012. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кайгылуу окуя болуптур го.ошон учун кошогого кирмейинче эч ким м.н кошулбаш керек да
17.03.2012. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anday tagdyrdan kuday saktasyn
17.03.2012. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билбейм негедир Бадыеванын клипин элестетип кеттим,Болот эшке чыкканда качып кеткенге чейин!
17.03.2012. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
никеси жок жигиттер менен жаткан озундо куноо!дура!ошондойлорго ким боорооруйт?!тем более ал жигит биринчиси эмес,и непоследний!мало тебе дура!!!
18.03.2012. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирок Болот менен Мирага ото кыйын туйшук тушуптур башына.
18.03.2012. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
энкыйын мааал эекоонотен.
18.03.2012. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым ушундай тагдырды эч кимге жазбасын.Бул деген тиги апасынын жазаланышы го.куйоосунун никесине таза кирбей анан кызына корунуп жатпайбы.ар бир адам озунун намысынын астында таза болсо экен.Кудайым шайтандын жолунан куткар.
30.03.2012. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
калпко
06.04.2012. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bolushu mumkun.
14.04.2012. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы калп экен
18.04.2012. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турмушта бардык нерселер болот экен, ушуга окшош мисалды укканым бар, эн кейиштуу окуя экен бул жашоодо ар бир адам бактылуу болууга укуктуу,бирок мындай нерселерден кудай озу сактасынын.
29.04.2012. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле го деп ойлойм.бирок ушундай нерселерди окусам эле жиним келет не азыр кыргыздарда намыс жок калганбы не бала.?отур десе коркпой таныбаган адамдын жанына отуруп алып.анысы аз келгенсип сраз никесиз жатып алып.муну окуган жигитер баардык кыздар ушундай деп ойлошот да.ушундайлардын айынан баардык кыздар жаман корунуп жатабыз.
02.05.2012. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздар жаман эмес,ар бир кыз оз агасын жакшы корот.А Мира жакшы коруу сезимин суйууго алмаштырып алган Бул ата-эненин куноосу курбумдун баласы дебей эле аган бар деп айтуу керек болчу,Аты жонун да,,,
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо