№488 9-март - 15-март, 2012-ж.
Майкл Кёртистин “Касабланка” фильминде Экинчи дүйнөлүк согушта Мароккодогу Касабланкада болгон окуя чагылдырылган. Негизги ролду Хамфри Богарт, Ингрид Бергман жана Пол Хенрейд ойнойт. Фильмдин бет ачары 1942-жылы АКШда өткөн. Сатыкка 1943-жылы чыгып, 1944-жылы кино “Оскардын” 8 наамына ат салышып, “Мыкты режиссёр”, “Мыкты фильм” жана “Мыкты сценарий” деген 3 наам боюнча жеңип алган. “Касабланканын” чыкканына 70 жыл толгондугуна карата кино АКШда кайрадан көрсөтүлмөкчү. Бир гана сеанс болуп, ал 2012-жылдын 21-мартында Американын 500 кинотеатрында көрсөтүлөт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
2
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |