«ЭЖЕКЕ, СВЕТТИ ӨЧҮРБӨЧҮ, БАЛА БОЙДОН КАЛГЫМ КЕЛЕТ»

№489 16-март - 22-март, 2012-ж.

Жүрөгү “Тамашоу” деп согуп калган жаштардын кезектеги оюну 10-11-март күндөрү Спорт Сарайында болуп өттү. Жарым финалдан үйүнө 4 команда кубанып кайтса, калган 7 команданын оюнчулары “аттиң, ай” деген арман менен кетишти. Алардын өкүнгөнүнө себеп, эгер бул оюнда бир кадам артка эмес, алдыга шилтешсе, финалчы атка конуп, 4-сезондун жеңүүчүсү болууга болгону бир кадам калмак...

“ЭКСКЛЮЗИВ” ТРИУМФАТОР БОЛУШУ МҮМКҮНБҮ?
Оюн старт алган маалда “финалга бул команда чыгат, жок, тиги команда” деп биз да мелдеше кеттик. Саламдашуу, триатлон, видеосынак, музыкалык үй тапшырма сынагы боюнча "тамашоучулар" арасында кызык жана кызуу таймаш болду. Ар бир команданын өз өзгөчөлүгү, фишкасы бар эмеспи, айрымдарынын аты да чыгып калган “мыкты “тамашоучу” деп. Оюндагы максат – кандай болсо да финалга чыгыш болгондуктан, айрым оюнчулар тамаша аралаштыра “финалда биз да ойноп көрөлүчү” деп калыстарга кыйытып сөз айтууга үлгүрүштү. Күткөн жана күтүлбөгөн оюндар болуп, жыйынтыгында финалга 10-мартта “Моника Беллуччи”, “Эксклюзив” ("Жигиттер", "No name", "Достук", "2-рота" ыргып кетишти), 11-мартта “Ак-Өргө City”, “Ак кеме”("КG 77", "Nomads", "ЧЕЗ" ыргыды) командалары жолдомо алышты. Алыскы Баткен облусунун өкүлдөрү “аяш авалар” – “КГБ” командасы келбей калганы өкүндүрдү, күйөрмандарын. Анткени жарым финалдагы ар бир команда жеңүүчү болууга татыктуу болчу. Команданын келбей калгандыгы тууралуу долбоордун жетекчиси Эрмек Нурбаев "биринчиден, команда жакшы даярдана албагандыктан жана демөөрчүсү акыркы күнгө чейин макул болуп, сөзүндө турбай койгонунан" деп билдирди. Алматыдан келген “Эксклюзив” командасы эсте каларлык жакшы оюн көрсөтүп, жадакалса бул жылкы триумфатор болууга эң чоң атаандаш экенин сездирип кетти. Анын сыры эмнеде дейсизби, көрсө, команданын капитаны Дастан атактуу
"Астана КZ" командасы менен аралашып жүргөн, 31 жаштагы профессионал КВНчи экен. Бирок кандай күн болгондо дагы эң мыктысы, татыктуусу 4-сезондун жеңүүчүсү аталат деген ишенимдебиз. Андыктан, финалчылар, тагдырыңар өз колуңарда!

ТАМАШАЛАР:

  • “Өнөрүң болсо өргө чап” деген макалды орусчага которгондо “Если у тебя есть талант, тогда прогиб сделай” болот. (“КG 77”)
  • Нарындыктардан эт калбай калып, карышкырлар эми чөп жей башташты. (“Ак-Өргө City”)
  • Терминатор сүннөткө отургузулду. Аны отургузган Кайрат – “сварщик”. (“Эксклюзив”)
  • Пенсионер апа өзүнүн короосунан миллион доллар таап алып, "жасалма экен" деп ишенбей өрттөп салды. Кийин жасалма эмес экенин билип, өзүн өрттөп салды. (“Эксклюзив”)
  • Индиялык актриса Айшвария Рай Баткенге барыптыр. Баткендиктердин анын атына тили келбей, “Аяш апа” деп атап алышыптыр. (“Достук”)
  • Жөнөкөй үй-бүлөдө болгон окуя. Эжеке, светти өчүрбөчү, мен бала бойдон калгым келет. (“2-рота”)
    – Футбол калысы биринчи нике түндө жубайына симуляция үчүн эки эскертүү кагазын көрсөтүп, төшөктөн айдады. ("ЧЕЗ")
  • Жакында Дүйнөлүк Олимпиадага Кыргызстандан 70 киши барат экен. Алардын ичинен 2 спортчу, 68и делегаттар. (“Жигиттер”)
  • Урмат Усенов Неляны “жаным” деп эркелетсе, Максим Галкин Алла Пугачёваны “чоң апоу” деп эркелетет экен. (“Ак-Өргө City”)
  • Аябай ачка болгон өрт өчүрүүчүлөр өрттөнүп жаткан тоокканага атайын кечигип барышты. ("Моника Беллуччи")


КЫЗЫКТЫН БААРЫ АЛДЫДА...
“Тамашоучулар” күйөрмандарына кыргыз тилиндеги заманбап "Жаңы кыргыздар" аттуу юмор скетч-шоу тартуулаганы турушат. Долбоордун алгачкысы апрель айында көгүлтүр экрандан бериле баштайт. 10го жакын типаж, Чика жана Дэн – булар райондогу аябай боорукер “братандар”, Саке, Боке – акылман селсаяктар, Бурус Ли – кунг-фу боюнча сабак берген өзгөчө машыктыруучу... Демек, кызыктын баары алдыда... Андан сырткары 25-март күнү Астана шаарында Александр Масляковдун (кенжеси) алып баруусунда КВНдин расмий Орто Азия лигасынын ачылышында "Тамашоунун" курама командасы катышып, күчтөрүн сынап келмекчи.

Гүлжамал Бөрүкулова
tamasha@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
19.03.2012. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар!
19.03.2012. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх...Бишкекте болсом барат элем созсуз. Суперинфо силерден сураныч видеосун созсуз сайтка киргизип койгулачы. Жаны Кыргыздарды да сайттан коруп калам д-н умуттомун)) Алдын ала рахмат!
19.03.2012. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мен да барат элем
19.03.2012. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сураныч сайттын биз да королу ээ
19.03.2012. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чондон чон отунуч сайтка киргизип койгулачы, алыста жургондор да королу артта калбай.
20.03.2012. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kany., жакынкы күндөрдө көрүүгө мүмкүн болот. Күтө туруңуздар! Рахмат!
20.03.2012. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сайттын биз да королу
20.03.2012. 05:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да коргум келип жатат.тилеке каршы мен да алыстамындааа :(((
20.03.2012. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ошонун неси кулкулуу.
22.03.2012. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
men da bargim keltat ayaw ava
25.03.2012. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сайтка киргизип коюосуздарбы сураныныч биз да королу ээ
15.06.2016. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ха ха
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо