Каныбек Сагынбаев, «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «2011-жылдын супер спортчусу»:«ЖАКЫНДА АТА БОЛОМ»

№489 16-март - 22-март, 2012-ж.

Бүгүнкү каарманыбыз өткөн аптада үйлөнүү тоюн өткөрсө, эмки аптада Бишкекте анын демилгеси менен бильярд боюнча Дүйнөлүк чемпиондук өткөнү жатат. Андыктан маектешүүгө “2011-жылдын супер спортчусу” Каныбек Сагынбаевди чакырдык.

КАКЕ ЖӨНҮНДӨ

Бишкекте туулуп-өскөн. 26 жашта.
Бильярд боюнча Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону.
Жактырган...
...бильярдчысы – Евгений Сталев.
...тасмасы – “Оушендин 11 досу”.
...ырчысы – Гүлнур Сатылганова.
КУУнун экономика факультетин бүтүргөн.
Үй-бүлөлүү. Учурда Бишкекте жашайт.

– Биринчиден, чын жүрөктөн куттуктайбыз! Үйлөнүү тоюңду өткөрүпсүң. Маегибизди ошол тойдон баштасак. Кандай өттү, эмне кызыктар болду дегендей? Тойду былтыр, туулган күнүңө – 11.11.11ге тууралап жатпадың беле?
– Рахмат! Той жакшы өттү. Эң негизгиси, коноктор ыраазы болуп кетишти деп ойлойм. Элге той берип бата алдык. Ооба, негизи, келинчегим Айша менен былтыр жазында кол кармашып, тойду күзгө, туулган күнүмө пландаштырганбыз. Кийинчерээк жазгы маанайда өтсүн деп 11-мартка жылдырдык.

– Шоу-бизнес өкүлдөрү менен да алакаң бар экенин билебиз. Алардан кимдер болду?
– Ырчы досум Мирбек Атабеков күйөө жолдоштун милдетин аркалады. Менин жакшы көргөн ырчым Гүлнур Сатылганова жана Омар келип куттуктап кетишти.

– Адатта тойдон кийин эс алышат, бирок сен билек түрүп ишке киришкен маалың. Кыргызстанда Дүйнө чемпиондугун өткөрөм деп бир нече жылдан беричуркап жүрдүң эле, акыры тилегиңе жетип отурасың. Айтсаң, бул маселе кантип оң чечилип калды?
– Ооба, көптөн бери туулуп-өскөн жеримде бильярд боюнча Дүйнө чемпиондугун өткөрүүнү максат кылып, бильярд боюнча Эл аралык комитет менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдим. Мелдеш өткөрүүгө тендер жарыяланып, утуп алдык. Дүйнө биринчилигин өткөрүүгө казактар да талапкер болушкан эле. Бул маселе президент Алмазбек Атамбаевдин колдоосу болбосо чечилбей калуусу да мүмкүн эле. Ага кайрылгам, колдоо көрсөттү. Ажо бильярд боюнча Эл аралык комитеттин президенти Александр Никифоровду кабыл алып, Бишкекте Дүйнө биринчилигин өткөрүү демилгесин колдоду. Александр Никифоров ыраазычылыгын айтып, мындай жогорку деңгээлдеги мелдешти ийгиликтүү өткөрүү үчүн президенттин колдоосу абдан маанилүү экендигин белгиледи. Мамлекеттик кызматта иштебесем да, Кыргызстан үчүн сыймыктанчу иш жасадым деп ойлойм. Баарын эл таразалайт. Көздөгөн башкы максатым – эл аралык аренада Кыргызстандын аброюн көтөрүү. Дүйнө чемпиондугу – жогорку деңгээлдеги иш-чара. Кыргызстан жарнама болот.

– «Мелдештин датасы такталдыбы? Кимдер демөөрчү болуп жатат? Байге фонду канча? Дүйнөгө белгилүү бардык кий чеберлери катышабы?» деген суроолор бильярд сүйүүчүлөрүн кызыктырып жатат...
– Мелдеш бильярддын айкалышкан пирамида түрү боюнча 22-25-март күндөрү болмокчу. Негизинен, президенттин колдоосу астында өтөт. Мындан тышкары демөөрчү болуп жаткан ири компаниялар бар. 30дан ашуун өлкөдөн 128 кий чебери күч сынашат. Байге фонду 30 миң доллар. Жеңүүчү 8 миң доллар алат. Кожоюн катары бизден мелдешке баарынан көп, 16 бильярдчы катышат. Оюндар “Кондор” жана “Тагай бий” бильярд клубдарында өтүп, финалдык беттешти гана Спорт Ордосу кабыл алат. Күйөрмандар Александр Паламарь, Ярослав Тарновецкий, Евгений Сталев сыяктуу атактуу чемпиондордун өнөрлөрүнө күбө боло алышат. Иши кылып менмин деген бардык кыйындар катышуу тилегин билдирген.

– Өзүң катышасыңбы?
– Албетте.

– Кандай максат койдуң? Даярдык кандай?
– Максат бир гана – чемпион болуу. Даярдык, буюрса, жакшы. Машыгуу жагынан да, уюштуруу жагынан да жетишип жатабыз.

– Жакында акыркы 2 өлкө чемпиондугунун финалдарында жеңилүүгө аргасыз болдуң. Эмне себептен жеңилдим деп ойлойсуң?
– Биринчиден, бүт күч-аракетимди Дүйнө чемпиондугун өткөрөм деп чуркап жүрүп коротуп койгондуктан болуш керек. Экинчиден, мен жеңилип калган балдар менен бир командада болгондон кийин катуу “настрой” менен ойной албайм. Аларды колдоп, духун көтөрүп койгум келет. Дүйнө чемпиондугунда өзгөчө “настрой” менен ойнойбуз.

– Балким, үй-бүлө курганың таасирин тийгизип жаткандыр. Негизи, үй-бүлө кургандан бери кандай өзгөрүүлөр болду?
– Эми баары өз орду менен, акырындан болуп жатат. Кадимкидей эле үй-бүлөлүк жашоо. Жашоо образым өзгөрдү десем болот, үйгө эрте келип дегендей. Бир үйдүн кожоюну болуп, жоопкерчиликтүү болуп калдым.

– Үй-бүлөңөр кичинекей тапичке менен качан толукталат?
– “Пополнение” күтүп жатабыз. Келинчегим Айша кош бойлуу. Буюрса, жакында ата болом.

– Оо, ата болууга даярдык кандай анан? Кандай сезимдер болуп жатат?
– Жакшы эле. Эң негизгиси, аман-эсен көз жарып алса деп тилек кылып жатабыз. Сезимдер, мм... Эми биз, эркектер, көрмөйүнчө ишенбейбиз да.

– Кимди күтүп жатасыңар? Деги канча балалуу болгуң келет?
– Уулбу же кызбы, буюрганы. Канча балалуу болууну да айтуу кыйын го.

– Үйлөнгөн досторум айтып калышат, “аялзаты кош бойлуу кезде чыргоо, эрке болуп кетет” деп. Ал жагы кандай болуп жатат?
– Анысы болот. Эми ага чыдайсың. Анын үстүнө менден 8 жаш кичүү болуп жатса.

– “Болочок жубайымдын сабырдуу болгону мен үчүн чоң мааниге ээ. Анткени мелдештердин айынан үйдө көп болбой калышым мүмкүн. Ошонун баарына чыдап, түшүнүү менен мамиле кылуусу керек” деп айтканың бар.
– “Аялды башынан, баланы жашынан” дейт. Баарын башында кандай алып кетсең ошондой болот да. Башкысы, орусча айтканда, “доверие” болсо болду. Калганы сүйүү арманы менен кете берсе керек. Буюрса, баары жакшы, жашоом бир калыпта.

– “Тажрыйбамды жаштар менен бөлүшүү максатында Кыргызстанда бильярд мектептерин ачмакчымын” деген элең. Ал иштер не болуп жатат?
– Азырынча ача элекмин. Спорт Ордосунан ижарага кеңсе сурап жатам. Буюрса, күзгө жакын чечилип калыш керек. Августта ал жактагы көптөгөн ижаралык келишимдер бүтөт экен.

– Дүйнөнүн 4 жолку чемпиону, КРнын Бильярд спорт федерациясынын президентинин милдетин аткаруучусу, “Супердин” тандоосу боюнча “2011-жылдын мыкты спортчусу”, КМШ боюнча популярдуу жүз. Мына ушундай абалда “скромный” болуу кыйынбы?
– Мен үчүн кыйын эмес. Кандай тарбия алып өскөнүңдөн болуш керек. Мен карапайым, “скромный” эле үй-бүлөдө өсүп-чоңойгонмун.

– Эгер мүмкүнчүлүк болсо, атактуу инсандардын кимиси менен жолугушуп, баарлашат элең?
– Роман Абрамович менен. Аны мен ий­гиликтүү адам катары билем. Бизнес боюнча ал дүйнөнүн көп жолку чемпиону да.

– Келечекте саясатка аралашайын деген оюң жокпу?
– Убакыт көргөзөт.

– Маегиңе рахмат! Максаттарыңдын орундалышына тилектешпиз.

Базарбек Абдураимов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(22)
19.03.2012. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо торт озгочо болуптур Айша мыкты кожейке экен анда азаматысын ийгилик жана уй-булолук бакыт!!!
19.03.2012. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!!!Келинчегин аман-эсен коз жарып алсын!!!


19.03.2012. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу Болунуздар!!!
19.03.2012. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ммм жакшы тойго кеткен чыгымдарынды добрдай болуп соз кылбасан эле болду коп зыян тартып калдым деп
19.03.2012. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuigan.,Каныбеке тиешелуу нерсени жазсан! болбогон нерсени эмне кыласын жазып? Добр андай мааниде айткан эмес зыян тартып калдым деп.
23.03.2012. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuigan., monchok туура айтат, Добр андай мааниде айтпаптырго, ал озунун жаш туруп сынгандыгы тууралуу зыян тартып калдым деп жатат
20.03.2012. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Каныбек!!!эми мелдеште дуйно биринчилигин бербей женишине тилектешпиз.АЛГА Каныбек
20.03.2012. 03:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын Каныбек
20.03.2012. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик!!!
20.03.2012. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз, сизге ийгилик!!! Кыргыз элинин сыймыгы болуп журо бериниз.
20.03.2012. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
женишине чын журоктон тилектешмин бактылуу болгула туз эфирде коробузбу бильядды
21.03.2012. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик сага кыргызстандын атын ааламга тааныт!!!!
21.03.2012. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсынбы Каныбек! Таластыктардан ысык салам. Айрыкча Бакай-Аталыктардан чоон салам. Куш боон бекем болсун, омурунор узуун болсун, кармашкан колунар эч убакта узулбосун. Алдынарды бала бассын, арканарды мал бассын. Туболуко бактылуу болуп жургуло. Деп тайакен Талант!
21.03.2012. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула )))
21.03.2012. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец жигит Каныбек.кыргыз элин дуйного таанытып атасын спорт менен,бул биз учун чоооон сыймык.ден соолукта бол!!!
21.03.2012. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец
22.03.2012. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
торт озгочо дегенге кошулам бирок, мага Айшанын койногу ото жакты! Бактылуу болгула!
23.03.2012. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каныбек алгаааа, Паламарьдан калба, чемпион болушуна тилектешбиз!!!
24.03.2012. 05:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aywa 18 jawta eken, jawyraak eken, kuyoo bayke bolup chonoytosunda emi)))
25.03.2012. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бакттылуу болгула чемпен байкебизге ийгилик кыргыздын атын которуп журоберин
25.03.2012. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Каныбек, профессионалдуулугун арта берсин, келинчегин менен бактылуу бол!!!
29.03.2012. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец!бактылуу болгула!Айша экоон окшош экенсинер...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо