КАРА ДУБАДАН КАНТИП КОРГОНУУГА БОЛОТ?

№490 23-март - 29-март, 2012-ж.

Адатта жарыяланган макалабыз бир топ талкуу жаратат. Бирок бул жолу замандаштарыбыздын талуу жерине тийгенби, телефондун жаагы басылбай койду. Сөз гезитибиздин мурунку санында “Сүф, сүф, сүйдүрүп берем, баасына жараша...” деген аталышта, учурда коомубузга кеңири жайылган "баш айлантуу" тууралуу жарыяланган макалабыз жөнүндө. Көзү ачыктар кантип башты айлантары жана баалары тууралуу жазганбыз. Окурмандардан “мындай дубалардан кантип коргонууга болот?” деген суроо көп келгендиктен, кайрадан бул темага кайрылдык.

«КАРА ДУБАЛАРДАН СҮННӨТ ДУБАЛАРЫ КОРГОЙТ»
Равшан Эрматов, Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгынын үгүт- насаат бөлүмүнүн башчысы:
– Кара дубанын өзүнө токтоло турган болсок, бул – көзү ачыктар үчүн акча табуунун жеңил жолу болсо, алсыз адамдардын үмүтсүздүгүнөн келип чыккан өзүн-өзү алдоо. Жакшы дубабы, жаман дуба, кара дуба болобу, алардын кабыл болушу бир гана Жараткандан. Дуба оңой эле кабыл алынып калчу нерсе эмес. Ысытып, суутуп, сүйдүртүп, кара дубалатып салам дегендер ашырып сүйлөгөндүк жана бул сөздөрдүн кудурети жок.
– Бирок жашообузда бул ыкма менен күйөөлөрдү тартып алгандар же ушундай жол менен үйлөнгөндөр да жок эмес. Практикада көрүп жүрөбүз го...
– Мындан коргонуу системасын Алла Таала өзү берген. Эң негизги коргонуу системасы адамдын өзүндө. Дайыма даарат менен жүрүү, экинчиси, эртең менен жана кечинде сүннөт дубаларды калтырбастан окуу – эң бекем коргонуу. Үйдөн чыгып жатканда “Аллага тобокел кылдым” деп, үйгө кирерде “Ассалом Алейкум, Бисмиллахир рохмаани рохиим” деп келме келтирсе, шайтандын кадамы эшикте калат. Жатар төшөктү үч сыйра силкип, “Алхамдуллила” деп Аятул Курси жана кыска сүрөлөрүн окуп, алакан жайып бата кылуу керек.
– Кара дуба кимдерге таасир этет?
– Ооба, мындай көрүнүштөр да бар. Кара дубанын таасири окутулган адамдын коргонуу системасы жок болсо, толук тийиши мүмкүн. “Дубаны дуба кайтарат” дейт, ал адам өзүнө тийиштүү сүннөт дубаларды, келмелерди келтирип жүрсө, андай жаман дубалардан оолак болот.
–“Өтүшүп кетиптир” деген кептерди да угуп калам...
– “Тиги төлгөчүнүн дубасы өтүп кетиптир” деген нерсе – анын аброюн көтөрүп жаткан нерсе. Биз күндүзү жүрүп калабыз же түндөсү, анан биздин жаныбызда дайыма жин-шайтандар да аралашып жүрөт. Адамга таасир этип калганын байкабай калабыз. Кээде жүрөгү сыгылып, кулактарына шуулдаган үндөр угулуп калат. Медициналык аппараттарга түшсө таза чыга берет. Бирок адам уктай албай, кыжалат болуп, кыйнала берет. Мына ушундай учурда көзү ачыкка барса, ал “силерге кара дуба түшкөн” деп айтса, ал оорулуу адам ого бетер ооруп калат. Орусча айтканда, “самовнушение”. Жин окуган атайын адамдар бар, ошолорго кайрылып жинин куудуруп салса, ал адам айыгып кетет. Көздүн сугу түшүп калышы мүмкүн, көз түшсө кабыргага чейин алып баруучу күчү бар дейт. Адам баласы мындан да коргонуп жүрүшү керек. Жин-шайтан, көз, сөз тийбеш үчүн анын тиешелүү дубаларын окуса, андан арыла алат. Ошондуктан кара дубага ишенүү менен мамиле жасабаңыздар. Кара дубага ишенсең, бул дубанын таасирин күчөтөт. Кара дубадан коргонуу үчүн Фатиха, Аятул Курси, Кафирун, Ихлас, Фалак, Ан Нас сүрөлөрүн окусаңыз болот.

ТӨЛГӨЧҮ ЦЫГАНДАРГА АЛДАНБАЙЫН ДЕСЕҢИЗ, ОКУП КӨРҮҢҮЗ!
Светлана Бровкина, психолог:
– Адамдын психикасы бала кезден баштап калыптанат. Чоң эне-чоң аталары, ата-энеси мындай иштерге ишенген болсо, балада да мистикага, төлгөчүлүккө же ушул сыяктуу нерселерге ишеними калыптанып калат. Гипноз бар экени илимий түрдө аныкталган. Бирок бул нерсенин ар бир адамга эле күчү жете бербейт. Гипноз – өтө терең транс абалы. Бизде транс абалына түшүрүүчүлөр гана бар.
Адамдын жүзүндө микромимикалар бар жана аны адам өзү көзөмөлдөй албайт. Көп учурда көзү ачыктар адамдын ички толгонуусун мимикасы аркылуу окуп коёт. Анан аларды көзү ачыктар өз кылтагына оңой эле иле алышат. Цыгандар ушул жол менен иштешет. Мисалы, кайгылуу, ойлуу бара жаткан адамга келип “сен азыр аябай кыйналып жатыптырсың, көйгөйлүү маселе болуп жатыптыр” деп айтат. Тиги таң калат, ал турсун Кудайындай ишенип алат. Анткени ал чындап эле кыйналып жатат да. Ошентип, өзү билбестен аны менен сүйлөшүүгө кирет. “Мени тааныбаган эле адам менин көйгөйүмдү кайдан билсин, мунун көзү ачык окшойт” деген ойдо калат.
Цыгандар адамдын психологиясын жакшы өздөштүргөн жана адамды тез эле башкарып, өзүнө ишендирип алышат. Ал сизге сүйлөйт, сиз ага жооп бересиз, ошентип, сиз өзүңүздү алдоого шарт түзүп жатканыңызды байкабай калышыңыз мүмкүн. Мен төлгөчү, көзү ачыктардын баары тең алдамчы деп айтуудан алысмын. Ичинде чындап эле алтынчы туюму күчтүүлөрү бар. Бирок алар чанда кездешет. Азыр элдин жашоого болгон көз карашы тар, ошол себептен алар ар кандай көзү ачык дегендерге ишенүүдө. Алардын кылтагына илинбөө үчүн “ЖОК!” деп катуу үн, ишенимдүү жүз менен айтышың керек. “Шашып жатам” деп айттыңыз дегиче анын кылтагына илинип, акчаңыздан айрыласыз. Сиз ага жооп берүүңүз менен өзүңүзгө аны жакындатууга жана алдоого шарт түзүп жатасыз. Ал эми "мени дубалап салыптыр" деп ишенүү туура эмес. Медицинада муну плацеба деп атап коёт, мындай айтканда, өзүн-өзү ишендирүү. Адам баласы өзү каалаган нерсеге гана ишенет.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg


Кара дубадан кантип коргонууга болот?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(11)
SUPER.KG видео
24.03.2012. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ассаламу алайкум! Рашван дамыла кичине туура эмес жооп берип койду. Бул передача исламдан алыс болуп калгандарга болуп жатат. Намаз окуган фалак насты биле турган адамдар өздөрү эле аябай жакшы билет алардан кантип коргонуш керек.Азыр китептен көп нерсе жок. Бул жерде исламдан алыстап калган адамдарга туура жолго багыттап, аларды Аллага ибадат кылууга чакырып, "мусулман болсон сага эч бир шайтан жакындай албайт" деген нерсенин негизинде айтса болмок.
SUPER.KG видео
25.03.2012. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rila: vealleikum salam! Momun Musulman adamdy daiyma shaitan jandap jurot,antkeni shaitan adamdy koro albait(kyskanat) Allah adamdy jaratkanda,baardyk perishtelerge jana shaitanga aitkan adamga bagynasynar(kyzmat) kylasynar degende, shaitan naarazy bolgon........ Shaitan kaalabait adamdar Allah'dyn ishenimin aktoosun.Oshon uchun daiym bashka jolgo burup turaat..........
SUPER.KG видео
27.03.2012. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенеш болуптур, пайдалуу да ушцл тема мени да ойлонто берет болчу,эми толугу менен тушунуп алдым десем жанылышбайм рахмат Super.kg сайытына.
28.03.2012. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
man oiloim adam ozu kanchalik ishense oshocho tasiri tiet
SUPER.KG видео
29.03.2012. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы айткан бирок кыскача айтса ток этеер жерин айтса болмок . не дейбиз шарятты билбегендерге эч абзели жок аларга тез тез дуа кылып турууу керек ар бир адам как говорится все человеку надо узнат коково цел жизн и себе нойдет ответы нодеюсь СЛАВА АЛЛАХУ........
SUPER.KG видео
30.03.2012. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ИншаАллах!
12.06.2013. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аср сук дегенди уктунар беле? ал эмнеси ким билет?
16.05.2015. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кара дуба жазагандарды атыш керек! Бул адамдардын омуруно балта чабууга барабар!
06.11.2018. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондой адамдарга жаза колдонсо болбойбу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо