Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КАРКЫРА МЕНЕН ТҮЛКҮ

№490 23-март - 29-март, 2012-ж.

Бир күнү Каркыра уясына келип, чөптүн арасына катып койгон жумурткасын таппай калат. Ары чуркап, бери чуркап жүрүп кошуналарынан аны Түлкү жеп кеткенин угат. Каркыра ачууланып, ач Түлкүдөн өч алмакчы болот.
Күндөрдүн биринде Каркыра токой аралап баратып дөңсөө жерде ойлонуп турган Түлкүгө капысынан кезигип калат.
– Эмне мынча ойлуусуң, Түкө?
– Асман кезип учканга кызыгып турам.
– Кел, сага учканды үйрөтөм. Эки канатымдын ортосуна отур,- деп Каркыра Түлкүнү үстүнө отургузуп алып учуп жөнөйт. Бир кезде:
– Эми буттарыңды каккылап, ылдый карай учуп түш,- деп Түлкүнү коё берет. Түлкү жерге кулап түшөт. Артынан Каркыра келип жанына конуп:
– Учкан оңой эле бекен?
– Оңою оңой дечи. Конгонду үйрөнүү керек болуп турат,- деп Түлкү белинин ооруганын айтып онтолоп жиберет.

 
– Анда кайра үстүмө отур, эми конгонду үйрөнөсүң,- деп Түлкүнүн ой-боюна койбой Каркыра кайрадан үстүнө отургузуп алып андан да бийикке учуп барып Түлкүнү жерге таштап жиберет. Түлкү ташка түшүп, буту-колу сынып, аябай кордук көрөт. Ошондон кийин Түлкү бирөөгө жамандык кылса, сөзсүз жазасын аларын жакшы түшүнүп калыптыр.

Чолпон Сүйүнбаева
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо