Данияр Эрматов, ырчы: «ЭҢ КЫСКА СҮЙҮҮМ БИР ТҮН БОЛГОН»

№490 23-март - 29-март, 2012-ж.

Данияр Эрматов «Токто, жаным» деген ырын жүрөгү жараланган досуна арнап, обонун өзү жараткан. Шоу-бизнеске жаңы аралашып келаткан ырчы жигит «жүрөгүм бош, көктөм менен кошо сүйүү келишин күтүп жүрөм» дейт.

Толук аты-жөнү – Эрматов Данияр Бурканбекович
Туулган жылы – 1989-жыл, 1-февраль
Туулган жери – Ош облусу, Өзгөн району, Куршаб айылы
Бою – 173 см
Салмагы – 62 кг
Кыздардагы баалаган сапаты – Жөнөкөй, шайыр, ички дүйнөсү менен сырты төп келишкен
5 бир тууган, уулдардын кенжеси
Репертуарындагы популярдуу ырлары – «Токто, жаным», «Махабатым» жана башка
Учурда – Бойдок, жүрөгү бош
Жактырып жегени – Лагман
Жактырган майрамы – Ак калпак күнү
Чаап жүргөн күлүгү – Субару Легаси

– Данияр, ырдоо хоббиңби же кесиппи?
– Алгач хоббим болчу, эми болсо кесип катары карайм. Буга чейин кафелерде иштеп келгем, азыр баарын жыйыштырып, чыгармачылык жолуна түштүм.

– Алгач кыздын колун кармаган күнүң эсиңдеби?
– Мектепте баарына жетиш­чүмүн. 8-классымда бир кыз менен сүйлөшүп жүргөм. Кийин болбогон эле себептерден сүйлөшпөй калдык. Демек, сүйүү эмес экен деп ойлоп калам азыр. Чын сүйүү башыма келе элек азыркыга чейин.

– Биринчи сүйүүңдү кантип билдиргенсиң?
– Биринчи жолу 5-классымда классташ кызыма кат жазгам. «Аязгүл, мен сени сүйөм» деп, аягына «Данияр+Аязгүл» деп жазып койгонум эсимден кетпейт. Кыз деле жаш да анда, түшүнбөйт. Мугалимге «менин сумкама салып коюптур» деп ыйлайт, мен моюнума албайм. Эжеке да кызык экен азыр ойлоп көрсөм, сүрүштүрүп, «ким жазды?» деп дептерден териштирген. Менин кол жазмама окшош экенин көрүп алып, «сен эмнеге жазасың?» деп мени экинчи кат жазбай турган кылган ошондо.

– Бир көрүп сүйүп калууга ишенесиңби?
– Сырткы келбетине карап жактырса болот. Бирок аны менен сүйлөшүп көрүш керек. Бир жыл сүйлөшсөң жетиштүү билип калсаң керек. Мен да учурунда бир кызды аябай жактырып, сүйүп, үйлөнөм деп калгам. Аны бир көргөндө жактырып, эптеп таанышып алсам эле болду деп калгам. Тааныштык, кол кармашып сүйлөшүп да калдык. Бирок мага жакпаган сапаттары болгондуктан, мамилебизди токтоттук.

– «Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат?» дешет. Коркпойсуңбу андайдан?
– Андай болбошу үчүн сүйлөшүп жүргөндө деле урушуп, жаман-жакшы айтышып, ар жактан сынап көрмөкмүн кызды.

– Байкабай «стерва» кыздарды сүйүп калсаңчы?..
– «Стерва» сырдуулукка да кирип кетет. «Кыз кылыгы менен» деп коюшат го. Жакшы жактарын деле тапса болот ар бир адамдын.

– Сүйүп калган кызың тамеки чексечи?..
– Жашоодо ар ким адашат да. Биз деле убагында ойноп-күлүп жүргөнбүз. Анын сыңары, эгер кыз мени сүйсө, өзү деле таштайт болуш керек. Болбосо тарбиялап деле алам аз-аздан.

– Көз салган улуу айымдар болду беле?
– Андай учурлар болгон. Кафеде иштеп жүргөндө 30-35 жаштардагы айым чакырып, «мен деле жашмын, кааласаң сени жылдыз кылам» деген эле. «Сизди эже катары сыйлайм» деп «повод» бербей кырдаалдан чыгып кеткем.

– «Сүйүү жаш-карыга карабайт» дейт. Кошуласыңбы?
– Сүйүп калсаң айла жок. Бирок өтө эле улуу аял менен мамиле күткөн болбойт го.

– Эң алгачкы өбүшкөнүңдү эстеп көрбөйсүңбү...
– Өбүшүү – балкыган сезимдердин башаты тура. Бир даам татып алгандан кийин кайра-кайра өбүшкүң келет. 8-класста отурушта бир кыз менен өбүшкөм. Анда, чынында, рахатка деле баткан эмесмин. Өзүм деле, ал да кыйратып билбесек өбүшүүнүн «кайфын». Эми эстесем анчалык деле өбүшкөн эмес экенмин. Азыр экөөбүз бири-бирибизди шылдыңдап калабыз ошол күндү эстеп.

– Ошону менен сезимдериңер уланып кеттиби анан?
– Жок, ай, анда жөн гана кызыгуу болсо керек эле.

– Кыздардын эмнесине арбаласың?
– Кебетеси анча болбосо деле, көздөрү жымыңдаган, жылдыздуу кыздар болот го (Данияр бир кызды идеал тутуп, ошону айтып берди окшойт, көздөрү жайнап «мындай бар го...» деп көпкө оюн билдире албай турду).

– Кызганчааксыңбы?
– Чеги менен, обу жок кызгана бербейм. Эгер кыз жактан кетип жатса, балким. Сырттан башка балдар тийишип жатса, кызда эмне күнөө? Анда балдар менен сүйлөшөм.

– Жарандык никеге кандай көз караштасың?
– Каршымын, азгырылып, алданып, айла жок чогуу жашоого туура келип калбаса эле... Өмүрүңдө бир жолу үйлөнсөң, аны да татыктуу жашаш керек го.

– «Өзбек байыса там салат, кыргыз байыса катын алат» дешет.
– Шариятта бар экен деп эле ала бербеш керек. Көп аялдуу болгондо аялдын деле эркекке болгон сүйүүсү соолуйт. Ага бир келип, кайра башкага бир кетип жашаган эркектин кереги эмне?!

– Акыркы жолу кызга качан белек бергенсиң?
– М-м... Былтыр жазында бериптирмин. Башында айтпадымбы, эптеп эле таанышып алсам болду деп, ошого биринчи жолугушууда гүл көтөрүп барган элем.

– Кыздардын жүрөгүн жаралап таштап кеткен учур болду беле?
– Андай көп эле болгон. Мурун «жаным, сүйөм» деп алдап койчумун жөн эле. Бир жолу бир кыздын көңүлүн алып, өзүмө багындырып алган соң жөн гана кызыгуу болчу деп түшүндүрүп айта албай көпкө жүргөм. Ал мени алдап кетти деп айтыптыр. Ошондон кийин кыздарды алдабай турган болгом. Аны жакшы көрчүмүн, чынында, ошого жакшы көрүү менен сүйүүнү адаштырбаш керек дейм.

– Эң кыска жана көпкө созулган сүйүү романың?
– Эң көбү – бир жыл, эң кыскасы – бир түн. Отурушта сүйүшүп, эртеси ал кызды таппай калгам.

– Бош убактыңда эмне менен алектенесиң?
– Машина жарыштарга барабыз. МАИчилерден качып, зуулдатып айдаганды жакшы көрөм. Машинамды тез алмаштырам, бирок кыздарды эмес.

– Жигити бар кызды сүйүп калдың дейли. Өз бактың үчүн күрөшөт белең?
– Алгач кыздын көңүлүнө карайм. Анан жигиттин ордуна өзүмдү коюп көрөм. Эгер жигит аны сүйүп турса, тоскоол боло албайм.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


Данияр Эрматов: "Эң кыска сүйүүм бир түн болгон"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(24)
SUPER.KG видео
23.03.2012. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akylduu jigit eken ishinizge yigilik koop koop yrlardy jaratyp juro beriniz.
SUPER.KG видео
23.03.2012. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иииий Данияр! менин эн суйгон ырчымго ыя. Кыргызымдын балдары баарыныздар Даниярга окшоп жонокой болушунуздарды каалайм
SUPER.KG видео
23.03.2012. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бой которбогон жакшы бала окшойт
SUPER.KG видео
24.03.2012. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uwu balany taanybait ekenmin
27.03.2012. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молоток турбайсынбы анда
27.03.2012. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatsyn daniyar uwunundan jazba!!!
27.03.2012. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул ырчыны биринжолу оруп,угуп атам...ырчылар мынча кобойуп кеттинер?
28.03.2012. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ким бул?!
28.03.2012. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле ким бул?
28.03.2012. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даниярды тааныбагандар үчүн маалымат:
http://www.super.kg/media/?search_name=&search_author=729&media_search=1&x=0&y=0
Бул жакта бардык ырлары бар.
SUPER.KG видео
28.03.2012. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай десем дегенди койбой коюшту го ырчылар
29.03.2012. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шариятта бар экен деп эле ала бербеш керек. Көп аялдуу болгондо аялдын деле эркекке болгон сүйүүсү соолуйт. Ага бир келип, кайра башкага бир кетип жашаган эркектин кереги эмне?!-Правильные слова!Кошулам!Молодец!
30.03.2012. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгармачылык ийгилик!
30.03.2012. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен биринчи жолу кордум, бирок ырын уккам.....
31.03.2012. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Он так-то не красивый.Но, симпатичный и умный)певец...
31.03.2012. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал кызды бир тун суйуп таппай калдым дейсин.,же тапптырбай кеттинби.
31.03.2012. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат жигит экенсин! жоп жонокой,ээ!Алтышка сен озунду бил!беш кол тен эмесго.менимче....ийгилик Данияр!!сенин ырларынды издеп уккандар коооооп.бирок ....
31.03.2012. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул ырчыны Элфм радиосу жакшы колдойт менимче,эмне себеби??Бизге окшогон ырчы кыздарга жардам бере алат бекен Данияр мырза
SUPER.KG видео
02.04.2012. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamat jigit. talantyn oso bersin biz seni menen.
SUPER.KG видео
05.04.2012. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мммммммммм ошондой экен
18.04.2012. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
в первый раз вижу, любит похвастаться ))))
SUPER.KG видео
20.06.2012. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой, акылдуу бала. Башкаларга окшоп жылдыз оорусу менен ооруй бербегени жагат. Азаматсын!
SUPER.KG видео
30.09.2014. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аииий тонуп калдыгоой байкуштааар(((( Кышты жаман кором
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо