ЕВРО-2012: Голландия.

№490 23-март - 29-март, 2012-ж.

ГОЛЛАНДИЯ

Ассоциациясы түптөлгөн жыл – 1889.
Башкы машыктыруучусу – Берт ван Марвейк.
Капитаны – Рафаэль ван дер Ваарт.
Мыкты бомбардири – Рекордчу: П.Клюйверт (40), азыркылардан Р. ван Нистелрой (35).
Эң көп оюн өткөргөн – Рекордчу: Эдвин ван дер Сар (130), азыркылардан Рафаэль ван дер Ваарт (93).
Эң ири жеңиши – 11:0 эсебинде Сан-Маринону (2011-жыл, 2-сентябрь).
Эң ири жеңилүүсү – 12:2 эсебинде Англиядан (1907-жыл, 21-декабрь).
Жетишкендиги – «ЕВРО-1988дин» чемпиону жана 4 жолку коло медалчысы (1976, 1992, 2000, 2004)
ФИФАнын рейтингинде 2-орунда турат.

УЧАР ГОЛЛАНДДАР
Голландия футболчуларды «экспорттоо» боюнча Европада алдыңкы өлкөлөрдүн бирине кирет. Ал континенттеги элиталык курама командалардын катарын 40 жылдан бери толуктап келет. Антсе да алардын мактанарлык жеңиштери аз. Курама команданын музейинде азырынча «ЕВРО-1988дин» алтын медалы жана 3 мундиалдын (1974, 1978, 2010) күмүш медалдары бар. Тарыхта «Кызгылт түстүүлөрдүн» намысын талашып келген Йохан Круифф, Франк Райкаард, Руд Гуллит, Марк ван Бастен сыяктуу айтылуу футболчулар бар. Кезинде алардын суктандырарлык оюндарынан улам коомчулук аларды «учар голланддар» деп атап коюшкан. Бирок Голландия таланттарга бай болгону менен, башкы машыктыруучу жагынан жолдуу эмес. Улам чоң мелдеш сайын алмашкан башкы машыктыруучу азыркы күнгө чейин курамдын ийгилик жаратуусуна кедерги тийгизип келет.

МАШЫКТЫРУУЧУ ӨЗ СӨЗҮН АЙТА АЛАБЫ?
Учурдагы башкы машыктыруучусу Берт ван Марвейк «өлүм» тайпасынан сестенип турса да: «Өз сөзүңдү айтуу үчүн жеңип чыгышың керек»,- дейт. Алар күчтүү курам бар экенин «ЕВРО-2012нин» финалдык баскычына тандап алуу оюндарында бир да тең чыгуусуз жана жеңилүүсүз чыгуу менен көрсөтүштү. Мыкты команданын өкүлдөрү Европадагы эң беделдүү клубдардын курамында ойнойт. Айтсак, «көзүрлөрдөн» Робин ван Перси («Арсенал») менен Рафаэль ван дер Ваарт («Тоттенхэм») Англия Премьер-Лигасында, ал эми Арьен Роббен менен Клаас-Ян Хунтелар Германиянын Бундес Лигасында чаң салып жатат. Ал эми Африкадагы мундиалда мыкты оюнчулардын бири болгон Уэсли Снейдердин табында эместиги байкалууда. Ошентсе да алар «ЕВРО-2012нин» босогосун аттоого даяр. Алар акыркы жолу Англия курама командасын конокто утуп келишти (2:1 эсебинде). Бул мелдеште голландиялыктар Испания жана Германия сыяктуу эле чемпиондукка башкы талапкерлердин катарында.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(15)
26.03.2012. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул группада абдан катуу таймаш жана кызуу оюн болот экен. Голландияга ийгилик
26.03.2012. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
голландия кудай буйурса чемпион болот, аны учун акысы бар.!!! ГОЛЛАНДИЯ ЧЕМПИОН.!!!!!
27.03.2012. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baha.kg, КЫРГЫЗСТАН ЧЕМПИОН!!!
27.03.2012. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bekzha кулкуну келтирбечи
27.03.2012. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Голландия гомосектердин мамлекети чемпион эч качан боло албайт!!!!
27.03.2012. 05:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
К.Роналдого не повезло!
27.03.2012. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буйруса бул группада чоон таймаш болот менин оюмча бул группадан Голландар менен Бмв машинасы чыгатко финалда ушул эки команда беттешет оюмча
27.03.2012. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эй туугандар,неге Испанияны унутасынар?
Финалда да,чемпион да "кыялкечтер"болот.
27.03.2012. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тууган туура айтас Испандарда кучтуу менин оюмча Испандар 1/2 финалда Голландарга же Немистерге уткузуп коётко дейм
27.03.2012. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жылы Германия чемпион болот Испандар болсо ала албай калды
28.03.2012. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Голландия алга!!!
28.03.2012. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
испания чемпион!
28.03.2012. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гемания чемпион болот
29.03.2012. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул группадан Германия эле чемпион боло алат! Роналдо менен Ван Персинин колунан эч нерсе келбейт го, себеби футбол командалык оюн!
31.03.2012. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bekjangold андай эмес Роналдонун колунан эчнерсе келбеши мумкун бирок Ван Перси бул Ван Перси мына себеби Германия чемпимонатында Роббен жана Хунтелардын чоон пайдасы тийип жатат Немицтер откондо Француздарга уткузуп койгон
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо