№490 23-март - 29-март, 2012-ж.
Спорт жаатында чет жерде кыргыздын атын чыгарып жүргөн сыймыктарыбыздын бири Кубанычбек Төрөбаев тууралуу кабарыңыз бар. Мындан бир нече жыл мурда Дубай шаарында араб полициясынын кызматкерлерин кунг-фу менен машыктырып баштаган мекендешибиз былтыр Дубайда менчик спортзалын ачкан. Ал спортзалдын иштери тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди: «Азыр спортзалда вин чунь кунг-фудан тышкары бокс, кикбокс, таэквондо ВТФ, тай бокс, бодибилдинг, фитнес жана аэробикага ылайык шарттар түзүлгөн. Икрам деген шакиртиме тездетилген программанын негизинде вин чунь кунг-фуну үйрөтүп жатабыз. Жакында Кыргызстанда Вин чунь кунг-фу федерациясын ачмакчыбыз. Ал ошол федерацияда машыктыруучу болот. Ага токтолсом, жакында бокс сүйүүчүлөр арасында Дубайдын биринчилигинде 2-орунду камсыздаса, БАЭнин чемпиондугунда жеңүүчү аталды. Ошондой эле жакынкы пландарымда кыргызстандык спортчулар менен дубайдык спортчулардын ортосунда футбол жана тай бокс боюнча жолдоштук беттештерди өткөрүү бар».
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |