БАЛБАНДАР ҮЧҮН «ШАНС»

№490 23-март - 29-март, 2012-ж.

Жазды утурлай «Лондон-2012» Олимпиадасына жолдомо берилүүчү мелдештер акырындык менен башталды. Алардын алгачкысын балбандарыбыз баштап, 28-мартта күрөш боюнча (эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыздар арасындагы күрөш) «Лондон-2012ге» жолдомо ойнотулуучу мелдешине аттанышмакчы. Мелдеш 30-марттан 1-апрелге чейин Астанада өтүп, 21 Азия өлкөсүнүн башын бириктирет. Мелдешке кыздар жана грек-рим күрөшү боюнча курам Кант шаарында, ал эми эркин күрөш боюнча курам Дагестандын Махачкала шаарында даярданып жатканынан кабардар болдук.
Бул жактагы балбандар 28-мартта Бишкек-Астана каттамы менен жөнөп кетишсе, эркин күрөш боюнча курамыбыз Орусиядан түз эле казак жергесине келип түшөт. Эске салсак, бул мелдеш Лондонго жолдомо ойнотулуучу акыркы үч мелдештин бири. Андыктан бул мелдеш тамаша эмес экенин балбандарыбыз жакшы билишет. Ооба, көктөмдү күткөндөй эле биз «Лондон-2012ге» жолдомо күтмөкчүбүз. Ийгилик! Астанага аттанып жаткан курам төмөнкүчө:
Грек-рим күрөшү боюнча:
Арсен Эралиев (55 килограмм салмакта), Руслан Түмөнбаев (60), Канатбек Бегалиев (66), Данияр Көбөнов (74), Жанарбек Кенжеев (84), Азамат Эркинбаев (96), Мурат Рамонов (120).
Эркин күрөш боюнча:
Нурлан Макеналиев, Алтынбек Алымбаев (экөө тең 55), Надырбек уулу Улан (60), Иннокентий Иннокентьев (66), Ильгиз Жакыпбеков (74), Айбек Усупов (84).
Кыздар арасында:
Мехринисо Нурматова (48), Кубатбек кызы Гулина (55), Айсулуу Тыныбекова (63), Яна Панова (72).
Р.S. Балбандарды барктаган кыргыз эли эскертет: Жолдомосуз кайтуу – өлкө казынасына жана балбандардын ден соолугуна зыян! :)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
26.03.2012. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alga KYRGYZSTAN .......Iygilik baarinarga.Jenish menen kaytkila!
28.03.2012. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах колдосун балбандар,сиздерге ийгилик кыргыз эли сиздерден коп нерсени кутушот,кыргыздын желегин кокко желбиреткиле!
26.03.2012. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик балбандар.. озгочо вольниктерге.
26.03.2012. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик каалайбыз агалар силердин жолунарды улай турган палвандар бар буюрса.Жумабаев Эрлан,грек рим курошу боюнча машыгат.Алай спорт клубу.
28.03.2012. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ассалому алейкум аллах ыйык зат ийгилик насип буюрсун дуба кылабыз силерге урматуу балбандар алга аллах велик
01.04.2012. 08:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдаким Балбандар силерге ийгилик кудай колдосун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо