Элиза Кененбаева: «ЖИГИТТЕР ҮНҮМӨ АРБАЛЫШАТ»

№490 23-март - 29-март, 2012-ж.

“Мектепте окуп жүргөндө такыр сүйлөчү эмесмин. Жаңы ди-джей болгондо да кошуна, классташтарым “сенби? Ди-джей болуппу?” деп аябай таң калышкан” деп айтканы бар, биздин бүгүнкү каарманыбыздын. Мына ошол жоош, момпойгон кыз тыпылдап тилинен чаң чыккан алып баруучуга кандайча айланды? Ди-джей, телеалпаруучу Элиза Кененбаеванын өзүнөн угалы.

– Кандай, Элиза? Өзгөрүлүп, толуп бараткандайсың. Иштериң “майлуу-сүттүү” болуп жаткан го...
– Жакшымын. Жаз келип, жан дүйнөмө да жаңы нерселер келип, ачылып кыска көйнөк кийип дегендей. Баары жайында. Ооба, жумушум жакшы. «Тумардан» кетип, жаңыдан “Азаттыкка” келгенде жумушка көнө албай аябай арыктап кеткем. Арыктагандын ден соолукка зыяны көп экен. Көп ооруй баштадым. Кой, өзүмө келейин деп тамакты күчтөп жеп, толом деп ашырып ийдим окшойт. Буга чейин бир жолу толуп кетип, 15 күндөй диета кармап өзүмдүн калыбыма келгем. Толуп кетүүдөн коркпойм.

– Буга чейин радиодо иштедиң, ал жактан үнүңдү таптап, боёнбой деле эфирге чыга берсең болот. Ал эми телеге келгенде сөзсүз сырткы келбетиңе көңүл бурулат. Бул жаатында кыйналган жоксуңбу?
– Кыйналдым. Радиодо иштеп жүргөндө микрофондо сүйлөп жатып деле боёнуп алчумун. Ал эми теледе, негизинен, съёмка дүйшөмбү күнү болгондуктан, ишемби, жекшемби күнү сырткы келбетиң тууралуу эле ойлонуп каласың. “Эмне кийсем? Кайсы жарашат?” деген суроолор менен башым маң болот. Ар бир тартылууга ар башкача кийинишиң керек да. Дайым эле жаңы кийим сатып ала берүү капчыкка туура келбейт. Кээде эжемдин кийимдерин ала коём. Ушинтип акыбалдан чыгам.

– “Журналистика жаатында билим алсам” деп жүргөн элең?..
– Биринчи окуумду бүткөндөн кийин журналистика эмес, экономика тармагына тапшырып койгом. Ооба, журналистикага тапшырам деген каалоом бар болчу. Бирок көптөр “журналистикада эң негизгиси тажрыйба, сенин тажрыйбаң жакшы эле” деп айнытышты. Бирок учурда жумушум көп болгондуктан, экономика жаатында билим алуу мага кереги барбы, жокпу деп арсар болуп жүрөм.

– Стилисттер менен иштешесиңби?
– Азырынча өзүмө өзүм стилистмин.

– “Тумардын” директору Алексей Сидоров менен таарынышып жүрдүң эле. Байкашыбызча, таарынычтар жазылган көрүнөт...
– Ооба, эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт экен. “Тумар” радиосунан кеткенимде Алексей тараптан аябай эле таарынычтар болду. Аны деле түшүнөм. Өзү айткандай, ал мени жөжө кезде алып, ушунча жыл таптап куш кылып чыгарды. Бирок убакыт таарынычтын баарын таратты. Экөөбүз телефон аркылуу сүйлөшүп, көп нерсени чечишип алдык. Жолукканда ортобузда эч нерсе болбогондой эле болду.

– Телени жыйыштырып, кайрадан радиого кетейин деген ой туула элекпи?
– Жок, азырынча. Телеге келгениме аз эле болбодубу. Бул жерден деле укмуш ийгиликтерге жетише элекмин. Ошого жетейин, анан ойлонуп көрөм. Бирок көп жаңычылдыктарды үйрөнүп жатам.

– Сынга кабылган учурларың болду беле? Четин чыгарсам, сенин дарегиңе “Элизанын үнү үлдүрөп араң чыгып уктатып жибере жаздайт. Ал тааныш-билиш аркылуу эле жумушка орношту” деген сындар айтылып келет...
– Ар бир нерсе адамдын жеке табитинен болуш керек. Бирөөгө менин үнүм жагат, дагы бирлерине жакпайт. Кээ бир адамдар бар оозуна алы келбеген, биз иштеген тармакты түшүнбөсө деле сын айта берген. Эптеп эле ооздун желин кетирген сындар эмес, чыныгы айтылган сындар кадимкидей адамды чыйралтат экен. Ошого карап түзөлүүгө аракет жасай баштайсың.

– Кел эми, чыгармачылыктан четтеп, ата-энең, бир туугандарың тууралуу кеп баштайлы...
– Түпкү тегим Нарындан. Бир топ жылдан бери ата-энем Чүйгө отурукташып калгандыктан, чүйлүкмүн деп айтам. Орловка айылында төрөлүп, чоңойдум. Ата-энем ал учурда студент болгондуктан, бир ай болгондо эле таене-таятамдын колуна беришиптир. Бир үйдүн эрке кызы болуп чоңойдум. Каалаганымды кылчумун. Эмне экенин билбейм, эмеректерди ары-бери жылдырып, орун алмаштыра бергенди жакшы көрчүмүн. Таята-таенем акчасын мага каттырышчу. Аны мен конок үйдөгү шырдактын так ортосуна бекитчүмүн, тың болуп. Бир күнү таежемди ала качып кетип, ачуу басар келди. Таятам “кызым, тиги каткан акчаны алып кел. Коноктор келип калды” десе, мен унчукпай шырдакты тиктейм. Анан атам коноктордон кечирим сурап, шырдакты түрүп акчаларды алганы эсимде. Ошондон кийин андай жерлерге акча катпай калгам. Таенем мени ата-энемден аябай кызганчу. Бир айылда тургандыктан, кокусунан мектептен келе жатып ата-энемдикине кирип калсам, таенем “бар анда, ошолорго кыз бол” деп таарынып жатып калар эле. Үй-бүлөдө үч бир тууганбыз. Эжем турмушка чыгып, бир кыздуу болду. Сиңдим студент. Атам 2007-жылы каза болуп калган. Апам мугалим болуп эмгектенет.

– Таененин тарбиясынан болуп үй оокатына тың эле болсоң керек...
– Мурда тың болчумун. Үй оокаттары эле эмес, эшикке чыгып атама кар күрөшүп, мал тейлегенге кол кабыш кылчумун. Окууну бүтүп Бишкекке келгенде эртең менен туруп кетип, кечинде келип жүрүп аябай жалкоо болуп кеттим. Чынын айтсам, 3-4 жыл болуп калды, тамак деле жасабай, оокат жасоодон аябай алыстап кеттим.

– Жыйырмадан ооп калдың, турмуш куруу тууралуу ойлор жарала баштадыбы?
– Жанар Акаев айткандай, жигиттердин мыктысы меники болот деп койбоюмбу, ха-ха... Чынын айтсам, жигиттерим түгүл, жигитим да жок.

– Койчу, ишенбей турам...
– Акыркы эки жылда жигит тууралуу суроолор көп бериле баштады. Мен өзүм жумуш деп жүрүп жеке жашоого көп көңүл бурбай жатат окшойм. Жаш кезде, албетте, кыялымда келбетинен тарта машинасынын үлгүсүнө чейин элестетип алчумун. Азыр антпей калдым. Болгону, мурутчан жигиттер жакпайт. Эң негизгиси, менин жүрөгүмдү багынтчу жигит бир нерсени жасоого умтулган, тың адам болсо жетиштүү.

– Журналист Кудрет Тайчабаров “Элизаны ала качып кетсемби?” деп көп айта берет. Ортоңордо мамиле бар го, ээ?
– Мен силердин гезиттин “Бойдок бурч” деген рубрикасына чыкканда астына электрондук дарегим жазылбады беле. Ошондон кийин эле дарегиме ал кат жаза берди. Анан атайын жазып жүргөндөн кийин жооп берип койчумун. Ошондон баштап “ала качып кетем” деп жүрөт. Кээ бирлерге “менин кызым” деп айтып жиберген учурлар да болуптур. “Жигитим бар” деген да шылтоо айтып көрдүм, болбой эле мына төрт жыл болуп калды окшойт, ушул сөзүн айтып келе жатканына.

– Чындап эле ала качып кетсе эмне кыласың?
– Ы-кы, баары бир отурбайм. Ала качуу тууралуу сюжет жасап баса берем.

– Жигиттердин чекесинен тер чыгарып, моюндарын бура турчу сырларың барбы?
– Үнүм менен арбап алат болушум керек. Кээде болот, эгерде мага бирөө жагып калса, атайлап көңүлүн бурдуруш үчүн алдынан өтүп кетем. Эгер ага да болбосо, саламдашып коём.

– Бир жолу “көчөгө боёнмоюнча чыкпайм” деп айттың эле...
– Бир кез болгон, боёнмоюнча көчөгө чыкчу эмесмин. Азыр, тескерисинче, боёнбой жүргөнүмдө назик көрүнөм. Анын үстүнө силердин “Боёксуз жылдыз” деген рубрикаңарга чыккандан кийин көпчүлүк “боёксуз эле жылдыздуу экен” деп айтышкан. Ошол эсимде.

– Өзүңдү сулуу айыммын деп айта аласыңбы?
– Жакшынакаймын.

– 100 пайыз сулуумун дегендер да күзгүдөн өзүн карап туруп бир кемчилигин таап чыгат. Сенчи?
– Боюмдун кыскалыгы. Эгер пластикалык хирургга кайрылып калсам, боюмду кичине чойдурмакмын. Калган жерлерим өзүмө жагат, өзгөртмөк деле эмесмин.

– Интригага кабылып көрдүң беле?
– Бут тоскон учурлар болгон. Мисалы, мени Алексейге жаман көрсөтүш үчүн көп нерселерди жасап, атайлап сөздөрдү да чыгарышты. Бирок менин жакындарым кандай адам экенимди билишет. Эң башкысы ошол. Мен алдыга кете бердим. Бут тоскондор өздөрү тосулуп, артта кала берет экен.

– Маегиңе чоң рахмат.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg


Элиза Кененбаева: "Туугандарымдыкына баргым келбей калган..."

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(21)
SUPER.KG видео
24.03.2012. 05:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул кызды суйом го
SUPER.KG видео
24.03.2012. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз!Чыгармачылык ийгилик!
SUPER.KG видео
24.03.2012. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаттыкта иштегендер мактанчаактар окшойт.Азыр эле ушунча мактанып атат,дагы бир аз ийгиликтерге жетсе анда эмне болот болду экен?
26.03.2012. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элиза өзү Абдан түз кыздай көрүнөт теледе.Турмушта да ошондой эле болуш керек.Азаттыкта жасаган Сюжеттеринин денгеели абдан жакшы.
Кыргызстанда кандай кана жаңыдан Жылдыздар нурун чачса,Алатоонун ары жажында(Кытайда) бизге да бирдей эле жарыгы тийет.Аттиң!Биз үчүн бир эле өкүнүч бар,Алатоонун аттап өтүп,жылдыздарды кармап алууга эркибиз жетбей турат.
28.03.2012. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйом чынында ушул кызды!!Чындыгында сулуу кыз!Ишине ийгилик!
30.03.2012. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чынында жакшынакай кыз экенсин озун айткандай, ийгилик сага! экрандын бул бетинде сага тамшанып журо берсин жигиттер.
26.03.2012. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azattyktyn kyzmatkerlerin baaryn suiom da.Eliza da ajbai jagat ,kandai sonun kyz ekeni korunup turat.Bujursa jigit da tabylat,baktyluu aiymdardyn kataryn toluktaisyn dep ishenem.
26.03.2012. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элиза кыргыз кызынын нукура жузун коргозгон, ажарлуу,суйкумдуу айым. Элиза ишине ийгтлик!!!!!!
26.03.2012. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин оюмча Элизаны ал журналист жигит эле эмес, башкалараы деле кызыгып журушот.
Элизаны жонокой жана жагымдуу кыз катары баалай.
Эх, Элиза кимге буюрдун экен?!?
26.03.2012. 22:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми мен алып качып кетееем ЭЛИЗА сени КараКулжага.
SUPER.KG видео
27.03.2012. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayabay jagimduu kyz eken suylogonu dagy jakty, azamat, osup, onugo ber!iygilik!
27.03.2012. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажарлуу,жагымдуу келбетин бар экен. Азаматсын!
27.03.2012. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eliza aiabai milashka kyzda da, oimoktoi tattuu erindery bar, ushundai ozuno tartyp, arbap turgan kyrgyzdyn tatynakai suluu kyzy. Kaap, boidok bolsom kana, emgiche Elisanyn arkasynan kalbai, suiumdu bildirip, tiselep turup, maga turmushka chyk dep, kolun surait elem. Elisany korgondo ushunchalyk jurogum ezilip ketetda.
SUPER.KG видео
27.03.2012. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кызды мен да теле алып баруучу, д джей катары тааныйм. чыгармачылыгына ийгилик. Бирок, ачыгын эле айтайын, супер-инфонун алдынкы бетине ото эле ачык кийинип алыптыр. (жагымсыз алгач коргон адамга) Кантседа сен сулуусун мен учун.
29.03.2012. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын. аябай сулуу,суйкумдуу кыз экенсин.
30.03.2012. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
240989 ala kach tuura kilasin, anan omur boyu baktiluu jashap kal. ................omiyn
02.04.2012. 07:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uy-bulosunun baary tatynakay eken, molodes Eliza, aldyga umtulup juro ber, artka tartkandary artta kala bersin, ozun aytkanday. Birok Tumarda ele ishtegenin maga jakchu.
SUPER.KG видео
04.04.2012. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага суйлогону эмес оозу ото жакты. Ийгилик!
SUPER.KG видео
22.12.2012. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элиза сизге чыгврмачылык ийгилик! Сиз суперсиз!
03.07.2016. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуп калдым
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо