№490 23-март - 29-март, 2012-ж.
Ырчы Бек Борбиев Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басарлыгына дайындалды. Бул буйрукка премьер-министр Өмүрбек Бабанов кол койду. Берадор мырза эми пираттык жол менен байыгандарга каршы согуш жарыялап, алардын түшүнө кирет көрүнөт. Пираттык диск саткандар менен буга чейин да шоу чөйрөсүнүн өкүлдөрү күрөшүп келишкен. Жакында гана студия ачып, кино тартып, чыгармачылык жаатында бизнеске киришкен эле, эми ал иши эмне болот? Ушул суроо менен ырчыга кайрылсак, «ишенимдүү командам бар, ал иштер токтоп калбайт» деп билдирди. Берадор мырзанын ишине ийгилик!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |