Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ӨЗҮМ БАЙКАБАЙ ТОКОЛГО АЙЛАНДЫМ»

№491 30-март - 5-апрель, 2012-ж.

Мен жашоону такыр башкача элестетиптирмин, минтип өкүнүп каларымды билсем кана?.. Мектепти аяктап, кийин университеттин студенти болдум. Анан баары башталды...

«КЕК»
– Сулуу болчумун. Андыктан өзүм менен чогуу окугандар эле эмес, чоң агайлардан бери көз артышчу. Кээ бир агайлар үчүн жылмайганым эле «4» деген баага татычу. Кайда барбайын, эмне каалабайын көздөгөн максатыма жетчүмүн. Анан жашоомду да жомок элестетер элем. Себеби андай жомокту мага убада кылган жигиттер да, байкелер да көп эле. Эркектерди жакшы эле колдондум, көзүм эч нерсеге тойчу эмес. Аларга менин сулуулугум, мага алардын акчасы керек болчу. Балким, ата-эненин тарбиясын көрсөм, башка адам болуп чоңоймок белем?.. Мырзалардын мени жутуп ийчүдөй көздөрү, мага жетиш үчүн кылган иш-аракеттеринен тажап бүткөм. Кээде эркектерге кыжырым кайначу. Балким, буга бала кезимдеги болуп өткөн окуя себепкердир. Мен анда кичине элем. Атам менен апам экөө катуу урушуп, бир маалда атам апамды уруп жибергенде ал жерге кулаган бойдон турбай калды. Жердин баары кан... Атам ушинтип мени апамдан, өзүн эркиндиктен ажыраткан эле. Атамдан улам бардык эркектерден өч алгым келчү.

«БАЙЛЫК ДЕП АКСАДЫМ»
– Окуумду аяктап, ресторандардын биринде администратор болуп иштеп калдым. Чөнтөгү калың мырзалардын көбү мени көрүү үчүн келишкенин жашырышчу эмес. Күндөрдүн биринде бизге чет өлкөдөн кардар келип калды. Улуту кыргыз экен, үй-бүлөлүү, көп жыл бою чет өлкөдө жашаган, билимдүү киши. Билбейм, негедир бул адамга менин кызыгуум күчөдү. Бир күнү мени өзүнчө бөлмөгө чакыртып ийиптир, барсам:
– Кел отур, сүйлөшө турчу сөз бар...
– Угуп жатам.
– Сен мага жактың, мага турмушка чык десем эмне деп жооп бересиң?
– Сиз тамашалап жатасызбы?..
– Жок, мен сага тамашалашчу кишиге окшошуп турамбы?
Мындай каардуу адамдан бир жагынан коркуп турдум. Унчукпай, башымды жерге салып отурдум. Бөлмөдөгү тынчтыкты анын каргылданган үнү бузду.
– Дагы көпкө күтөмбү, мен 2 күндөн кийин Америкага кайтам.
– Мен макулмун!
Чечкиндүү айттым, негедир. Мени менен коштошуп, эртең менен кездешерибизди айтып, имараттан чыгып көздөн кайым болду. Эртеси таң эрте телефонум шыңгырап, Жекшен байкенин үнү угулду. Чыксам, шаардын чекесиндеги заңгыраган үйгө алып барды. Ал жакта молдо, дагы 4-5 адам күтүп туруптур. Никебиз кыйылып, достору куттуктап эшикке чыгып кетишти. Ошентип, мен лакап аты Жек аттуу, 5 күн гана тааныган адамга турмушка чыктым. Эртеси күнү ал чет өлкөгө кетти, мен баягы заңгыраган үйдө жалгыз калдым. Үй кызматкери бар, эшикте күнү-түнү кайтарган күзөтчүлөр. Чет элдик тасмалардагы жашоо, балким, мен кыялданган жомок ушул деп жүрдүм. Ошентип токол болдум. Күйөөм бир ай мени менен жашайт, бир ай өзүнүн үй-бүлөсү менен. Азыр баары бар, бир гана бакыт жок. Уулдуу болгонубуздан бери күйөөмдүн кызганычы күч алды, мурда экөө кайтарса, азыр алтоо. Жек мени сүйөт, бирок тигил үй-бүлөсүн да эч качан таштабайт. А мен жөн гана адамдай бактылуу болууну эңсейм. Ооба, менде баары бар, мен ушундай жашоо жөнүндө кыялдангам, Кудайдан да ушуну сурагам. Бирок аялдык бакыт сурабаганым үчүн өкүнөм.
Саида

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(19)
02.04.2012. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пенденин оозунда, Кудайдын кулагында деген ушул. Байлыкты эмес бакытты сураныш керек. Эми деле сурана бергиле Жараткан кен пейил, мээримдуу, берээрин унутпаса эле.
02.04.2012. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
молодец. Ойлогон оюна жеткен экенсин да за то.
02.04.2012. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакыт болсо баары болот,бактылуу болбосон байлыктын не кереги бар,бирок азыркы кыздар байлыка гана учат,уйун,машинан жумушун барбы болду,анын адамгерчилиги барбы жокбу кызыктырбайт.
03.04.2012. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мумкун ошо да бакыттыр аны да киймн сезип калып журбо
06.04.2012. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анарбек, Менда ошонтип ойлойм.Азыр бактым жок деп кейип жатат.Балким жонокой жашаган бир жигит мн болсо анда мен бактысызмын демек.Негизи адамдар бир нерсеге эч ыраазы болбойбуз.
03.04.2012. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kiyinki kundoru kop ele kyzdar Kudaidan ui-buloluk bakyt je ayal kiwi uchun en kymbat bolgon ayaldyk bakyt suragandyn orduna bailyk ele surap kalywkanby tobo. Oilonuw kerek bolchu bawinda. Emi okungondon paida chikpait.
03.04.2012. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Эркектерди жакшы эле колдондум, көзүм эч нерсеге тойчу эмес. Аларга менин сулуулугум, мага алардын акчасы керек болчу".
Эмнени кааласаң, ошого жеттиңда! Эми алтын капаста жөн жатпай, бир сакчысына көз кысып кой.
16.04.2012. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asboi, туура айтасын ошондой кылсан да болот!
03.04.2012. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялдык бакытты сезбеген сон ал байлыктын эмне кереги бар.
04.04.2012. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байлык менен бакытты сатып алып болбойт....... Кедей болсо да, бакытлуу жашоодо жашасан, ошол нерсеге эмне жетсин....
04.04.2012. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ирас болот байлыка чуркасан дагы
04.04.2012. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
за то устун бутун курсагын ток кочодо тилемчи эмесин шугур кыл
04.04.2012. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне сурасан кудай ошону берет да, эми балан бар экен ошол куйоон менен жашай бер болбосо андан да кур калышын мумкун.

06.04.2012. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бакыт болуп байлык жок болгондо дагын бир деме демексин ,кудайга шугур де
06.04.2012. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин отумуштогу жашоом эээххх тушуном сени.Бирок Кудайга мин мертебе шугур ушундай ситуациядан бир кыздуу болуп туруп чыгып кеткениме, азыр мен токол эмесмин.Кудайыма мин мертебе шугур
06.04.2012. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бардыгы бар бирок бакыт менен сезим болбосо мындай жашоо ото кыйын.
13.04.2012. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
са ида аллахтын илимин куранды намазды срочно срочно уйронуз эн бактылуу адам болосуз аллах всевышний гарантирует кек сактабаныз
17.04.2012. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вы счастливый человек, у Вас есть ребенок! Вместе с ребенком можно все забыть!
18.04.2012. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоон жомок турбайбы, байлар да ыйлашат деген сериалга окшош экен окуян. Алтын балыкты кармапсын, эми жомокту аягына чейин чыгар. Токол болгондон кийин албетте экинчи планга каласын да. Биринчи уй-булосуно эле убал эгер билип калса.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо