№491 30-март - 5-апрель, 2012-ж.
27-28-мартта УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын алгачкы чейрек финалдык оюндары өттү. Гезитибиз басмага кетип жаткандыктан, экинчи күнү ойнолгон оюндардын жыйынтыгын бере албадык.
Быйыл УЕФАнын ЧЛсында сенсация жаратып келген АПОЭЛ акыры өз үйүндө тизе бүктү. Кипрликтер "Реалдын" айласын таба алышпады. Жооптук оюнда кокустук болуп кетпесе, анда эле бул "Кипр жомогунун" бактысыз аякташы болмокчу. Ал эми лондондук “Челси” конокто португалиялык “Бенфиканын” эсебин таап кайтты. Калган оюндарга эмки саныбызда токтолобуз. Оюндардын жыйынтыгы:
АПОЭЛ – “Реал” 0:3
“Бенфика” – “Челси” 0:1
Мына сага! АПОЭЛдин жылдык чыгымы 9 миллион доллар болсо, “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналду жылына 13 миллион доллар алат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |