ВЕГЕТАРИАНЧЫЛЫК ООРУ ТУРБАЙБЫ, ЧИРКИН!

№491 30-март - 5-апрель, 2012-ж.

Учурда вегетариандар шок абалында жүргөн маалы. Анткени Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассоциациясы (БСА) гумандуулук жана сергек жашоо үчүн принциби менен жашаган вегетариандарды психикалык жактан оорулуулар деп тапты. Бул, албетте, вегетариандар арасында нааразычылыктарды жаратты. БСАга дүйнөнүн 4 бурчунан каттар жабылып келип, анда этсиз тамактардын пайдасы тууралуу айтылат. Негизи, вегетариандар: “Биз, жумшак айтканда, көрө албастыктын курмандыгы болуп жатабыз. Бизге “кантип эле эт жебей ийгиликтүү жашап жүрүшөт?” деп таң калышат “жырткыч” адамдар”,- дешет. Алардын пикиринде, алар эмес, а эт жеген адамдар – психикалык жактан жабыркагандар.
БАСтын талкуу жараткан жыйынтык чыгаруусу да жөн жерден болгон жок. Жакында Испаниянын Малага шаарында ушуга байланыштуу трагедиялуу окуя катталган. Ата-эне балдарына эт менен азыктанууга жана бышырылган тамактарды кабыл алууга тыюу салып, аларды кома абалына жеткирген. Жыйынтыгында ал үй-бүлөнүн балдары реанимацияга, ата-эне психикалык ооруканага жеткирилген.
“Десертке” атактуу вегетариандардын тизмесин сунуштайбыз: саясатчылар: Авраам Линкольн, Адольф Гитлер, Бил Клинтон; ырчылар: Пол Маккартни, Мадонна, Лайма Вайкуле; актёрлор: Ричард Гир, Алек Болдуин, Жим Керри, Брэд Питт, Памела Андерсон; спортчулар: Вишванатан Ананд, Майк Тайсон; окумуштуулар: Леонардо да Винчи, Альберт Эйнштейн жана бизнесмен: Стив Жобс.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
04.04.2012. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негизи, эх чиркин, бах чиркин деген создор кучотулгон мааниде элестетилген тамшанган мааниде айтылса туура болмок. Анан вегетерианчылык оору экен чиркин деген тема лично мага чиркин деген соз ашыкчадай эле сезилди.
17.05.2012. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuchotulup ele ooru turbayby chirkin dep tan kalyp jatbayby jurnalist.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо