«СУПЕР-ИНФО» НЬЮ-ЙОРКТО

№491 30-март - 5-апрель, 2012-ж.

"Супер-Инфо" гезитинин негиздөөчүсү Кылычбек Султанов АКШга болгон сапарында сайтыбыздын ал өлкөдөгү активдүү форумчулары менен да жолугушууну туура көрүп, чакан жолугушуу 25-мартта Нью-Йорк шаарында өттү. Жолугушуунун уюштуруучусу Evelet бул жолугушуу тууралуу өзү баяндасын.

"СУПЕР КАБАР"
– Кылычбек Султановдун Америкага сапар алып жатканын Суперстандан окуп калып, cүйүнгөнүмдү сурабагыла. Сөзсүз бул жактагы форумчулар биргелешип коноктошубуз керек деген ой жаралды. Меймандостук деген каныбызга сиңип калган да, келген конокту колдон келишинче коноктоп, көңүлүн алуу ар бир кыргыздын колунан келет. Жөн конок эмес, менин сүйүктүү Кыргызстанымдан келе жаткан, болгондо да мен сүйүп окуган “Супер-Инфо” гезитинин, www.super.kg сайтынын негиздөөчүсү – Кылычбек Султанов. Билекти түрүп даярданууга өтүп, Америкада "Супердин" сайтынын активдүү колдонуучуларын Нью-Йорк шаарында боло турган жолугушууга чакыра баштадым. Аз гана убакыт калгандыктан, ойлоно берип түндө уктабай да калдым. Өзүнчө эле толкундануу. Бул жактын калкы кумурскадай иштерман келишет эмеспи. Иштесең тиштейсиң, ар бир мүнөтүң саналуу. Мен жумуштарымды күнү-түнү иштеп бүтүрүп койдум. Ошентип, “party” 25-мартка белгиленди.

"РЕСТОРАНДЫ КЫРГЫЗДАР ЖААП, КЫРГЫЗДАР АЧТЫ"
– Жолугушуу 25-март күнү, McDonald Avenue'да жайгашкан "Cave" аттуу ресторанда болмой болду. Бизге эч ким тоскоол болбосун деген максат менен ал ресторанды ижарага алып койгон элек. Ал жакка даярдык көрө берели деп эрте барсак эч ким жок, сыртынан бекитилген. Мына сага тамаша дедим. Чый-пыйым чыгып ресторандын администрациясына чала баштадым. 30 мүнөт өткөндөн кийин келип ачышты. Көрсө, ал ресторанда мурунку күнү кыргыздар кече өткөрүшүп, түн бир оокумга чейин иштешкен экен. Эми кайра минтип кыргыздар ачтырып жатканыбызга бир ирет күлүп алдык. Тамак-аштарды заказ берип, дасторконубузду жайып, ресторандын ичин "Супер-Инфо" 10 жашта", "www.super.kg” деген жазуулар менен кооздоп, конокторду тосуп алууга JessikaSam аттуу форумчу менен кам көрө баштадык.

"ТАРАМ-ТАРА-Р-АМ, ТААНЫШЫП АЛГЫЛА!"
– "Жолугушууга келген форумчулар кимдер?" деген суроо ар бириңиздерде туулса керек. Анда тааныштырып өтөйүн. Менин атым Айгүл, 22 жаштамын. Мен
www.super.kg сайтында Evelet деген ник менен катталып, төрт жылдан бери Суперстанда жашап келем. Экинчи үйүм десем да жаңылбайм. Бул сайт аркылуу Кыргызстаным менен байланышып, сагынычымды таратып, акыркы болуп жаткан маалыматтар менен камсыз болуп турам. Америкага ойдо жок жерден эле, бул жакта жашаган туугандарымдын чакыруусу боюнча келгем. 2 жылдан бери ушул жакта окуп, иштеп, кичине да болсо жакындарыма жардам берсемби деп жүргөндөгүм. Алдыга койгон максаттарым көп. Эң негизгиси – кыргыз жеримде тынчтык болсун деп тилейм.
Кыргыздар АКШда көп. Мен мурун Филадельфияда жашагам, ал жактагы кыргыз боордоштор майрам сайын жолугушуп турар элек. Ал эми Нью-Йоркто такыр андай эмес. Таң аткандан баштап жашоо кайнай баштайт. Карап туруп таң каласың, кудум эле актёр Уилл Смит катышкан "Бакытты издей" ("В погоне за счастьем") деген тасма эске түшөт.
Бул жакта ар бир адамдын жүзүнөн жылмаюуну көрүүгө болот, бирок жан дүйнөдөн чыккан жылмаюубу же жокпу, түшүнбөйсүң.
Мен берилип кеттим окшойт, тааныштырууну улантсам. Бул кечени уюштурууга жардам берген JessikaSam, өз аты Самара. Ал 8 айдан бери Нью-Йоркто, таттууларды саткан чоң дүкөндө кассир болуп иштейт. Ал экөөбүз катуу даярданып, күтүүдөбүз. Чынында, ушунчалык толкундандым, тоюмда да мынчалык толкунданбасам керек. Мына, босогону биринчилерден болуп janelya деген ник менен сайтта катталган форумчу аттады. Жаңыл алыскы Пенсильвания штатынан, Хонесдейл шаарынан бери келди. Токтоло кетсем, ал кызыбыз Хонесдейл шаарында окуйт. Жаңы эле таанышып, кобурашып отурганыбызда алыстан келген коногубуз Кылычбек Султанов да кирип келди. Сүйүнүчүбүздө чек жок эле. Андан соң кичине сасык тумоологонуна карабай жаркырап Jyldyz келип калды. Ал Нью-Йорк шаарында жашап, бала багуучу болуп иштеп жатканына 2 жылдын жүзү болуптур. Артынан эле UrMaT1 келип калды. Урмат да Нью-Йоркто, 6 айдан бери официант болуп иштейт. Мына, жолугушуу үчүн жумушун эрте бүтүрүп, шашып success аттуу форумчу да келди. Өз аты Таалай. Эки жыл мурун келген экен, азыр Нью-Йорк шаарынын тарыхый өзөгү болуп калган, асман тиреген бийик имараттары менен белгилүү, айтылуу Манхэттенде гид болуп иштейт.

"ДАСТОРКОН ҮСТҮНДӨ"
– Кечебиз жылуу атмосферада башталды. Кыргызстанды ушунчалык сагынып калыптырбыз, Кылычбек мырзанын ар бир сөзүнө кулак салып, мекенибизде болуп жаткан "ысык" кабарларды таратуучу булакты негиздеген инсанды өзгөчө ынтаа менен угуп отурдук.
Кылыч мырза куру кол келбестен бизге белектерин камдай келиптир, ар бирибизге “Супер-Инфо” гезитин, календарь, футболка жана башкаларды тапшырды. Рахматыбызды кат-катынан айтып, мекенибизден океан басып өтүп келген белектерди алып, футболкаларды дароо эле кийип алдык. Кызыгы, ресторанда бизди тейлеп жүргөн официант жигит да футболкаларыбызга кызыгып, Кылыч байкеден сурап, кудуңдай кийип алды.

   

"HAPPY END!"
– Сюрпризге “Супер-Инфо” 10 жашта” деген жазуусу бар торт камдаган элем. Баарылап “Супер-Инфо” гезитинин окурмандары күн санап көбөйүп, мекенинен алыс жүргөн жердештердин башын бириктирген www.super.kg сайтынын колдонуучулары да мүнөт санап арбый берсин, кыргыз элим тынчтыкта, ал эми четте жүргөн мекендештер аман-эсен Кыргызстаныбызга кайталы деген тилек менен шамды өчүрдүк. Шам менен катар биздин жагымдуу кеч да аягына чыкты.
Чынында, көпкө чер жазыша сүйлөшүп отурдук, тамактандык, тамашалаштык. Бизге алыстан көз салган бирөөлөрдө өзүнчө бир бактылуу, чоң үй-бүлө болсо керек деген ой жаралган чыгар. Ооба, бир туугандардай, бир үй-бүлөдөй отурдук. Өз элиңен, жериңен алыста жүргөндө ушундай жолугушуулар мекениңе болгон кусалыкты аз да болсо басат экен. Мен ошого кубандым. "Убакыт – учкан куш" демекчи, тез эле бул жагымдуу кеч финишке жетти. Коштошуп, жөнөп калдык. Бири жумушуна, дагы бири жөн гана эс алууга... Баса, унутуп бараткан турбаймынбы, "Супер-Инфо" гезитинин эмгек жамаатын 10 жылдык мааракеси менен куттуктап, көптөгөн ийгиликтерди каалайм!

Гүлзат Мамытканова
info@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(40)
02.04.2012. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Угууууууууу соонун отуптур супер жолугушуу анан соонун баяндап жазыпсыз Evelet эжеке окуп алып АКШда жургондой болдум.
03.04.2012. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7777777EL, рахмат. Сиз учун кубанычтамын. Жазылгандарга Гулзат эженин салымы чон )))
02.04.2012. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aaai men barbai kaldym okunuchtuu..
03.04.2012. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shaki, Буюрса кийинки сапар келээрсиз ))
04.04.2012. 06:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Evelet, sozsuz baram,men ukpai kalsam kupuya katka da jazyp koichu, jumushumdu tashtap jetip baram..Azamatsyn!
05.04.2012. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shaki, Жарайт
02.04.2012. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Эвелет!!!
03.04.2012. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
solnyshko, Рахмат алтышка
02.04.2012. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mınça sonuuun men da Akş ga bargım kelip ketti
02.04.2012. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7 kishige ele bir restorandy ijaraga aldynarby.....
03.04.2012. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aku, Бизге эч ким тоскоол болбоосу учун
02.04.2012. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakwi otuptur, men da jumutan bowobi baralbai kalganima okunom. Men taanygan 3 adam bar eken bul jerde.
03.04.2012. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
munara90, Кийинки сапар сизди албетте кутобуз ))
03.04.2012. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгул азаматсын да карындашым,силерди окуп алып менда абдан кубандым,Кылычбек аке да азаматсыз,Кыргызымдын чыныгы патриот адамысыз,боордоштор силер менен биз сыймыктанабыз,ар дайым бугункудой жарык маанайда,кайда болсонор да,тынч,аман эсен журо бериниздер.
Алга Кыргызым,алга Супер Инфо!
03.04.2012. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба,чынында эле чет олкодо жургондо Кыргызстанды сагынып,куса болосун.Ошондуктан кыргыз элим биримдиктуу бололуу.Кыргызстанда дайыма тынчтык болсун
03.04.2012. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arstan, Рахмат байкоу. Сиздердин колоконуздор журобуз да ))
03.04.2012. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба,чынында эле чет олкодо жургондо Кыргызстанды сагынып,куса болосун.Ошондуктан кыргыз элим биримдиктуу бололуу.Кыргызстанда дайыма тынчтык болсун.
03.04.2012. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы.
03.04.2012. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч чооон ыраазычылык супердин негиздоочусу Кылычбек Султановго айтам. Убактысы жоктугуна карабай биз менен жуз корушууго келгени учун. Жана да жолугушууга оз убактыларын аябай келген форумчуларга.

Супер чынында СУПЕРСИНЕР!!!
04.04.2012. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salamatsynarby Superdin Super koldonuuchulary jana Kylych baike ! Sizderdin jolugushuu kechener men uchun da jagymduu boldu desem janylyshpaim . Sebebi menin da USA ge kelgenime 5 aidyn jyzy boldu . Albette mekenibiz alys bolso dagy bizdin syiyktyy Super info saity menen oz elibizde jeribizde jyrgondoi sezebiz . Super infonun jalpy jamaatyna teren yraazylyk bildirem chon rahmat ishinerge iigilikter koshtop atagynar alyska jetsin !!!!!
04.04.2012. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Al emi Urmat Aigyl silerdi ushundai mymkynchylykty koldon chygarbai jolugushuuga barypsynar azamatsynar bar bolgula ! Men silerdi koryp kubanyp jatam , Attin ai bizdin ukpai kalganybyzdy karachy dep Kenenbaeva Aijamal .
04.04.2012. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aijamal-19.90, Айсулуу билет эле го. Эмнеге ал айткан жок? Буюрса дагы болот ошондо келесин ))
05.04.2012. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Evelet, Kudai buirusa emki jyly jolugabyz ech nerse emes rahmat saga.
05.04.2012. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aijamal-19.90, Буюрса ))
04.04.2012. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Evelet!!! Ар дайым бар бол демекчимин!!!Кыргыздын сендей кыздары коп болсун! Окуп алып мен дагы абдан кубандым...
04.04.2012. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cosmopolit, Рахмат садагасы :)
04.04.2012. 02:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сооонун жолугушу болуптур,ишинерге ийгилик Нью-йорктогу жердештер
04.04.2012. 06:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ooba,chynynda jakshy oturduk Evelet kandai,men eemi okup jatam.Jakshynakai fotolordu kirgizbeptirsin da ))) he hee,men senin jinine tiygendi jaktyram go bilesin....Sagyndym uje silerdi....
04.04.2012. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janelya, атайын сен жаман чыккан суротторду жибердим да %). Сен бул жерди окубай кайда темселеп журдун? Мен сагынбадым сени %))))
04.04.2012. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Evelet, Сонун отуптур жолугушуу буйруса биз жакта да жолугушуу болуп калаар деген умуттобуз байандап бергениниз сонун болуптур!!
05.04.2012. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Karysh, Рахмат. Жолугушуу откорсоеуздор жогорку денгээлде отушуно тилектешмин .
04.04.2012. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соунун мен баарынан кыргыздар Америкада жургонуно анан жолугуша алганына кубанып жатамын.Азаматсынар
04.04.2012. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chinin aytkanda chet jerde jurgonubuzgo karabay, ar dayim biribiribdi koldop turganga araket kylavyz,anan en negizgi tilegibiz Kyrgyzstanibizda ar dayim tyn4tyk bolup, onugup osso eken...Mekenimdi sagyndym, buyursa jakynda es aluuga baram, kun sanap, 4ydamsyzdyk menen kutup jatam..)))Super infonun okurmandary koboyup, 4et olkodogu kyrgyzdar, yntymakta bololu!!!
04.04.2012. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оооо супер жолугушуу болуптур,кыргыздардын чет жерде жолуканы бул чон жетишкендик менинда Нью-Йорко баргым келип кетти,Жумуш болсо менида чыкыргыла?
05.04.2012. 06:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salam Aigulia meni emkisinde sozsuz chakir bul jolu barbai koiup armanda kaldim:) Good Luck!
05.04.2012. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
RainaDiamond, Кудай кааласа албетте чакырабыз ))). Озунуздун даректеринизди купияга жазып койсонуз
05.04.2012. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ai kyz nege sagynbadyn, senibi seni karap tur!))))Men dagy jurom da temselep aiylchy atymdy janyrtyp koiup!! Agentke kir
05.04.2012. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
janelya, Сагандым десем эле темселеп айылчылап келип алабы деп коркуп турам да ))). Ошол жактан Эле чыкбайм го ))
05.04.2012. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мени да чакыргылачы)))
05.04.2012. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
USSR, Байке мен чакырып жатам келиниз )))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо