Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Психологдун кеӊеши. «КЫЗЫМДЫН КОЛУ ТУТКАКТЫГЫН КАНТИП КАЛТЫРАМ?»

№491 30-март - 5-апрель, 2012-ж.

– Кызым Диана 4 жашта. Акыркы күндөрү үйдө жаңы оюнчуктар пайда болуп калганын байкап, изилдеп, аларды кызым бала бакчадан жана конокко барганда уурдап келип жатканын билдим. Аны бул кылыгы үчүн опузалап да көрдүм. Бирок көнгөн адатын таштабай жатат. "Кайдан алдың?" деген суроомо жооп бербестен, сөзүмдү башка сөзгө бурууга аракеттенет. Анын бул адатын кантип таштатсам болот? Оюнчугу жок уурдап жатат дейин десем, бөлмөсү толтура оюнчук. Эмне үчүн кызым мындай ишке барып жатат? Эмитен эле минтип уурдай баштаса, кийин ууру болуп кетеби деп чочулайм. Эмне кылышым керек?
Нарындан Алтынай.
– Бирөөнүн буюмун сурабай, байкатпай алуу дээрлик бардык балдарда боло жүрүүчү көрүнүш. Негизинен, 4 жашка чейинки балдардын мындай жоругун "уурулук" деп атоого болбойт. Анткени бул курактагы балдар өздөрүнүн туура эмес кылык-жоругун териштирүүгө акылы жетпейт. Алар "меники" жана "бирөөнүкү" деген түшүнүктөрдү көп ажырата беришпейт. 4-6 жаштын тегерегинде буюмдун өзүнүкү же бирөөнүкү экенин түшүнүп, бирок өз каалоосун тыя алышпагандыктан, бирөөнүн буюмун алышат.
Бала эмне үчүн бирөөнүн буюмун алат? Анын көп себептери бар. Өзү жетпей жүргөн оюнчугун теңтушунан көрсө, жашырып алат же үйүнө алып кетет. Башкаларда бар нерсенин өзүндө жок экенин сезген бала уурулук жасашы мүмкүн. Мындан сырткары кимдир бирөөнү жазалоо, андан өч алуу үчүн да бала уурулукка барат.
Балаңыздын бир нерсени уурдап келгенин байкасаңыз, дароо чыр чыгарбаңыз. Анын уурдап келгенине 100 пайыз ишенгенден кийин гана бул адатын токтотуу үчүн чара көрүңүз. Жок жерден күнөөлөө балага өзгөчө оор тиет. Күнөөсүн моюнуна албай жаткан учурда коркутпаңыз. Сиздин агрессивдүүлүгүңүздөн бала ого бетер коркуп, жарга такалат. Аны эч качан "ууру" деп атабаңыз. Балаңыздын көзүнчө анын "уурулугу" тууралуу башкалар менен сүйлөшүп, талкууга албаңыздар. Бул жерде "баланы жалгыз калганда уруш, бирөөлөрдүн көзүнчө макта" деген бала тарбиялоодогу эрежени эске алыңыз.
Балам уурулук кылбасын десеңиз, 4-5 жашынан эле аны менен уурулук тууралуу сүйлөшүп, бул жаман жорук экенин түшүндүрүңүз. Ал башкалардын буюмуна уруксаты жок тийбеш керек экенин билүүгө тийиш. Өзүңүз да балаңызга ар тараптан үлгү болууга аракеттениңиз. Мисалы, кээ бир ата-энелер баласына бирөөнүн буюмун албаш керек экендигин айтат, өздөрү болсо ошондой жоруктарды жасай беришет. Муну көргөн бала сөзсүз ата-энесин кайталайт. Ошондой эле балаңыз терс жоругу үчүн сиз тараптан чечкиндүү чара колдонуларын сезсин. Үйгө алып келген буюмун бала ээсине кайтарып берүүгө же аны төлөөгө тийиш. Эгерде төлөө үчүн акчасы жок болсо, керек болсо анын ордуна кандайдыр бир ишин кылып берсин. Кыскасы, бала өзүнүн туура эмес аракети үчүн өзү жооп бериши керек.

Суроого "Paradise Sun" психологиялык окуу борборунун психологу Гуля Акбутина жооп берди.

Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө сүйгөнүнөн айрылып жанын кыйгысы келсе, айрымдар «кимди тандоо керек?», деген дилеммага такалат. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин «Психологдун кеңеши» рубрикабызга кат жазыңыз.
Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиз болот.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
02.04.2012. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
СУПЕР супер керектуу кенеш экен.
11.04.2012. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эжеке сиз ага кабатыр болбой эле коюнуз!Кызыныз кичинекей наристе.Мен деле кичинемде куупрчак уурдамай жайым бар эле, бирок мектепке аттанарда апакем мени катуу коркуткан!!!Эгер сен ар кимдин ручкасын уурдасан "Сени баары ууру деп ататшат "деп. Ошол кундон бери кудайга шугур куурчак уурдаганымды токтотком.Кызынызга урушпай тушундурсонуз, кийин тушунот.
20.05.2012. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыныз азыр наристе! Кызынызды эч качан урбаныз жана урушпаныз. "Сен акылдуусун, жакшынакайсын, акылын коп, сен эми эч кимдин ойунчугун албагын ээ"- дегенге окшогон создорду айтыныз. Убакыттын отушу менен Инша Алла бул жооругу акырын кала баштайт.
10.06.2013. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин бир кошунамдын небереси 7-8 жаштарында чон энесинин чонтогунон акча уурдамай кылыгы бар экен
эле! Бир байкеси тааныш милиция алып келип колуна кишен салып каматып койгон опузалап ошондо ыйлаган экен 2чи кайталанбайт деп.Азыр чон жигит болуп калган
02.07.2013. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин карындашымда кичусундо садиктен оюнчуктарды уурдап келчуу азыр андай адаты жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо