ИЙГИЛИКТҮҮ ТУРМУШКА ЧЫГУУНУН ЖОЛДОРУ

№491 30-март - 5-апрель, 2012-ж.

Албетте, ар бир адам бардар турмуш сүргүсү келет. Эркектердин көбү бул үчүн көп эмгектенип, акча табуунун жолдорун издешсе, кыздардын көпчүлүгү (чычалаган менен чындык да!)колунда бар бай адамга турмушка чыгып, бел оорутпай, кол жоорутпай эле бардар жашоодо жашап калууну көздөшөт. Байлыкка жетүү оңой эмес экени белгилүү, а бай эркектин жүрөгүн багындыруучу?..

БАЙ АДАМГА ЖАГЫШ ҮЧҮН КАНДАЙ БОЛУШУҢУЗ КЕРЕК?
Тилекке каршы, айылдарда жана чакан шаарларда бай адамдар көп жүрбөйт. Эгер чыныгы бай адамды тапкыңыз келсе, анда чоң шаарларга жөнөөгө туура келет. Шаарга келдиңиз дейли. Эми бай адамдарга жагуу үчүн сизден эмнелер талап кылынарын билүүңүз кажет. Алар төмөнкүлөр:

1. Аялдык назиктик, жумшактык
Кайсы курактагы жана кандай статустагы эркек болбосун, кыска чачтуу, шымаланып жүргөн эркек мүнөз айымдардан ичтен чочулашат. Андыктан жарашыктуу көйнөк, юбка, шиш така кийип, назик аялзатынын образын түзүңүз.

2. Чүпүрөк – адамдын көркү
Базардагы кытай кийим-кечесин сатып алууну токтотуу керек. "Он миң сомго беш көйнөк сатып албаймынбы" деген ойдон кайтыңыз. Мейли, сиз мээлеген адам сизди бир эле татынакай көйнөк менен күнүгө көрө берсин. "Ушундай жакшы кийим тандай билген татына кыздын каражатынын тартыштыгы кандай өкүнүчтүү" деп ойлонто алсаңыз, сизге кошумча упай. Кандай жерге барганда кандай кийим кийүү керек экендигин билип, өздөштүрүү да сиздин милдетиңиз.

3. Тыкандык
Ар убак таза жана жарашыктуу чач жасалга, чийилген каш, жасалгаланган тырмак (маникюр) болуусу кажет. Буларды сөзсүз кымбат сулуулук салонуна кайрылып жасатуу керек. Ал жактагы адистер сиздин жүзүңүздүн өзгөчөлүктөрүнө карата каш формасын жана чач, тырмак жасалгаларын тандап, сырткы көрүнүшүңүздү жагымдуу, сулуу кылып көрсөтүп бере алышат. Анан да жакшы атырларды (белгилүү фирмалардыкын!) колдонуу керек. Макияж коюуну өздөштүрүңүз.

4. Келишкен келбет
Толук болсоңуз, спортзалдарга, бассейнге барыңыз же диета кармап салмагыңызды калыпка келтириңиз. Бош, шалбыраган булчуңдар эркектерге жакпайт. Кыскасы, жагымдуу келбетке ээ болуңуз.

5. Билимдүү, акыл-эс кампасы бай...
Ойноп көрбөсөңүз да, спорт түрлөрүн, адабий чыгармаларды билүүңүз зарыл. Анан да маектешиңиз менен тең ата сүйлөшүү үчүн экономика, саясат, маданияттан да кабарыңыз болушу керек.

6. Оптимисттик маанилүү!
Бай адамдын жүрөгүн багындыруудагы башкы курал – жылмаюу, юморду түшүнө билүү, оптимизм жана максатка умтулуучулук.

КАЙДАН ИЗДӨӨ КЕРЕК?
Сиз даярсыз. Эми бай эркекти кайдан издөөңүз керек?

  • Бай адамдар убактысын арзан сыраканаларда өткөрүшпөйт.
  • Эртең менен абройлуу кафе-ресторандан бир чыны көк чай же кофе ичүүнү адатка айландырып алыңыз. Сиз үчүн кымбатпы? Анда түшкү тамактан баш тартыңыз.
  • Эркектердин кийими сатылуучу фирмалык дүкөндөргө кирип туруңуз. Сизге ылайык адамды байкап калсаңыз, атаңызга галстук (же көйнөк) тандашып коюшун суранып көрүңүз. Бул аны менен таанышууга чалма болот.
  • Майрамдарда туугандардыкына, тааныштардыкына конокко барыңыз. Балким, таежеңиздин мурунку окуучусу учурда белгилүү бир компаниянын негиздөөчүсүдүр... Таанышып калыңыз...

БАЙ ЭКЕНДИГИН КАНТИП БИЛҮҮГӨ БОЛОТ?

  • Анын кийиминде, мисалы, костюмунун стилинде өзгөчөлүк бар, же тигилиши башкача, же бычылышы өзгөчө. Негизи, ал эч убакта базардан алынган кытай күрмөсүн кий­­бейт.
  • Ал эч качан жашоого нааразычылык билдирбейт жана акча тууралуу кеп козгобойт. Айлык акы, киреше жана чыгаша ал үчүн маектин темасы эмес.
  • Кафеде, ресторанда сиз үчүн акчаны ойлонбой өзү төлөйт.
  • Миң сомдуктан ылдыйкы акчаны майда акча деп кабыл алат.
  • Ал бир литр сүттүн, бир бөтөлкө арактын баасы канча экендигин билбейт.
  • Анын чөнтөк телефонунан хип-хоп ырлары жаңырбайт жана аны ар кандай жалтырактар менен кооздобойт.
  • Дээрлик көпчүлүк учурда ажырашып кеткен, балдары бар.
  • Көбүнчө кара костюмчан досу коштоп жүрөт. Ал досу эч убакта сиздер менен чогуу отуруп кофе ичпейт.

КЕДЕЙДИ БАЙГА АЙЛАНДЫРУУ АЙЫМДЫН КОЛУНДА

Мыкты аял кедей күйөөсүн байга айланта алат. Бул туурасында психолог-консультант Светлана Уварова мындай деп ой бөлүштү:
– Көпчүлүк кыз-келиндер бай күйөөгө турмушка чыгууну эңсешет. Мен "Негизи эле күйөөгө тийүүнүн максаты эмнеде?" деген суроо бергим келет. Көбүнчө "бала төрөш үчүн, карыганда жалгыз калбаш үчүн" деген жоопторду угуп келем. Бул жаңылыш ой. Аялга эркек ошол адамдын жанында өзүн аял сезиши үчүн керек. Ал эми эркекке өз учурунда аял ошол адамдын жанында өзүн эркек сезиши үчүн керек. Анда сиз "кыялымдагы көп акчалуу, темир аргымакчан ханзаада, бардар жашоо кайда калат?" дешиңиз мүмкүн. Анын жообу эң эле жөнөкөй.
Чыгышта сөз бар эмеспи, "эркек – баш, аял – аны буруп турган моюн" деген. Эгер сиз акылдуу болуп, үй-бүлө башын туура багыттай билсеңиз, анда күйөөңүздү миллионерге айлантып алуу сиздин колдо. Эгер күйөөңүздүн сизге кылган мамилесин өзгөрткүңүз келсе, алгач өзүңүзгө болгон мамилеңизди өзгөртүүгө аракет жасаңыз. Аял жаратуучу, берүүчү, ал эми эркек ишке ашыруучу касиетке ээ. Андыктан аялзаты эркекти жаңы жетишкендиктерге шыктандырып, сүйүү, ишеним, мээрим берип турушу зарыл. Бай болуш үчүн күйөөңүздүн таап келгенин үнөмдөңүз. Күйөөңүздүн аракетин баалап, акча мээнет менен келгенин түшүнүп жатканыңыз, күйөөңүздү андан да көбүрөөк каражат табууга, жаратмандыкка умтултат.

КҮЙӨӨҢҮЗДҮ БАЙЫТАМ ДЕСЕҢИЗ...

  • Эч убакта учурда колдонулбай турган керексиз буюм, кийим сатып албаңыз.
  • Досторуңузга кымбат белек тартуулоодон оолак болгонуңуз туура.
  • Бир жумалык меню түзүп, азык-түлүктү ошого ылайыктап сатып алуу менен ысырапчылыкка жол бөгөйсүз.
  • "Биз анчалык бай эмеспиз, арзан нерсе сатып алгандай" деген сөз бар. Ар бир нерсени алардан мурда, арзанына качырбастан сапаттуусун тандоону үйрөнүңүз.
  • Стилдүү болуңуз. Стилдүүлүк бул – баасына карабастан жакшынакай болуу дегендик.


«СУПЕРДИН» СУРАК БУРЧУ

КЫЯЛЫҢЫЗДАГЫ ХАНЗААДАГА КАНТИП ТУРМУШКА ЧЫКСА БОЛОТ?


Нурзат Токтосунова, алпаруучу:
– Бай күйөөгө чыгуунун сырын билсем, өзүм эбак тийип алат элем. Менин оюмча, акылдуу, айлакер болуш керек го. Байкоом боюнча, азыр байлар көбүнчө сулуу кыздарга үйлөнүп жатышат. Кедей жигиттер менен эле турмуш куруп, кийинчерээк байыгандар деле аз эмес.



Малика Дина, "Бишкек сулуусу-2011" сынагынын жеңүүчүсү:
– Адамгерчиликтүү, билимдүү, токтоо жана кечиримдүү болуш керек. Сырткы келбет менен эмес, ички дүйнө менен сулуу болуш керек деп ойлойм. Мен сыртынан карап адам менен мамиле курбайм. Ашканада да мыкты болуу абзел.



Жамиля Бактыбек кызы, "Бүткүл дүйнөлүк сулуулук" сынагынын "Инсандык сулуу" наамынын ээси:
– Эң негизгиси, "маска кийбей", чыныгы жүзүн көрсөтүп жүрүү керек. Жигитке жагам деп жасалма болуп жүрүп, чыныгы жүзүңдү жоготосуң. Ал жигитке жеткен күндө да анын жанында сиз эмес, сиздин "маскаңыз" болот.


Айтурган Исраилова, "Супер сулуу-2011" сынагынын "Сымбаттуу сулуу" наамынын ээси:
– Адамдын байлыгына карабайм. Бай адамга турмушка чыккысы келген кыздарга өзүңөргө кам көргүлө демекмин. "Сулуу эмес аял болбойт, өзүн карабаган аял болот" деген сөз бар эмеспи.


Жылдыз Карымшакова, мамлекеттик кызматкер:
– Биринчиден, куу, анан сулуу, өзүн жакшы алып жүрүүнү билүү керек. Кудайдын буйругунан да болот дечи, ошентсе да жакшынакай кийинип, эл арасына көбүрөөк чыгып жүрсө, кыялына жетүүгө мүмкүнчүлүк көбүрөөк болот. Максатын даана билиши керек.



Медина, ырчы Ильяз Абдыразаковдун жубайы:
– Назиктик менен, мээримдүүлүк менен мамиле жасап, жигиттин көңүлүнө жагуу керек. Турмушка чыкканга чейин гана эмес, аялзаты турмушка чыккандан кийин да келбетине кам көрүп жүрүүсү зарыл.


Юлия Руцкая, ырчы:
– Менимче, үй-бүлө курууда, эң маанилүүсү, сезимдер жана бири-бирине болгон сый-урмат. Ал эми байлык экинчи орунда турат. Жеке мен үчүн адамдын акылы билими жана кичи пейилдиги маанилүү.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(21)
02.04.2012. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыздардын баары ушул кенештерди колдонуп, байларга тийип кетишпесе болду!
02.04.2012. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
юлия руцкаяны ютубдан коргом
03.04.2012. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kamarik, men any menen AUCAda okugam
02.04.2012. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акчага кызыгабы жокбу ошол сайтта корсонор болот
02.04.2012. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jashoodo bai emes myrzalar da bar, egerde kyzdardyn baary ushul keneshterdi okup, bai jigitterge turmushka chygyp ketishse, bai emes jigitter emne bolushat? Kyzdarga aitaar elem, oor basyryktuu, tushunuktuu, akylduu bolgula dep. Albette, bai emes jigitke turmushka chygyp, birin biri tushunushup, kuioosu menen choguu jetse dele bolot bailykka.
12.04.2012. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
prinsessa, bai emes jigitter emne bolushat? дейсинби, анда ал балдарга байдын сопсоонун кыздары калат да хе хе хе, ар бирибиздин тугойлорубузду жазып койгон мандайыбызга, бирок ошону издеп табыш керек ошол проблема.
02.04.2012. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suluu bolson bay cigitter özdörü ele çurkaşat
02.04.2012. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Vsem devuwkam sovetuyu smotret film "Moskva slezam ne verit"i smotrev film sdelaete sebe vyvody!
02.04.2012. 15:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bizde andai bailar 4anda kana kezdewse kerek))) anan kolunda an4a joguraak baldarga katuraak tiyp kalyptyr uwu temnar, maga jakkan jok))) jonokoi ak4asy az birok akylduu ba;ldar jonundo dele jazyp 4ykkyla emi)))
02.04.2012. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздын баардыгы ушул методду уйронуп бай жигиттерге турмушка чыгып кетсе,анда колунда жок жигиттердин шору.
03.04.2012. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бай жигиттер редко болот, кобунчо атасынын бйлыгы менен корунушот. ....
03.04.2012. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми жигиттер байып кетеличи кана
04.04.2012. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЭЭЭ каяктагыны айтасынарда байлык акча бул колдун кири бугун бар эртен жок Мен 2 курста окуп жургондо машине менен журсом азыр акыркы 3 жылда машине жок эле журом бул просто пример .Бирок балдар ойлонбогула кыздар коп бай балдар аз эле бирок алардын 80 пайызы биздин чиновниктердин балдары ....
05.04.2012. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой кыздар ишенбей эле койгула кайдагы бир кыялдар жетелешип парк аралап кыялданып келечекти бир башкача ар тустуу боёко боёп элестип сейилдеп жургондогудой болбойт эч качан уйлонгон кийин ак анан кара эле да баарыбыздыкы айтылып кеткендей у нас на руках будут дети на щее муж на ушах лапша дегендей эми бирок беш кол тен эмес коз тумандап калганчакты бай болуп деле кереги жок жашоонун коркун кетирип тамагын кенен кийимин бутун болсо эле жетиштуу болотко дейм...
05.04.2012. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андай балдардын тагдыры ата энесинин колунда.Сулуулугуңа кызыгып ұйлөнгөндө да,ата энеси жегениңди желим,ичкениңди ирин кылышат го.Колунда жоктор м' куда сөөк болгондон уялышат алар.Акылдуу,сени сұйуп,балдарыңа татыктуу болгон жигиттерден эле буюрсун АЛЛАХЫМ.
05.04.2012. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин оюм боюнча байлык бул жон гана колдун кири, мага бай эмес жон гана тушунуктуу, оор басырыктуу, аял затын сыйлай билген гана адам болсо болду. А байлыкты ден соолук болсо таап алса болот
08.04.2012. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бай балдарга турмушка чыккандан коро жонокой тушунуктуу балдарга турмушка чыгып бактылуу жашаганга не жетсин.Байлык качпайт бирге аракет кылып тапсанар болот.
12.04.2012. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башында байларга турмушка чыгарып, кайра кедейди байга айландырганынар жакты го, психолог-консультант Светлана Уварованын созуно кошулгула кыздар...
12.04.2012. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yoma.kg, психологдун кеңешин эки жактуу түшүндүм мен. Бай жигитти "чаап алгысы" келген кыздар азыр толтура да. Ошолорго кеңеш, анан аны каалабаса, жөнөкөй жигитке эле турмушка чыгып, аны байытып кетсең болот деген кеңеш. Эки кеңештин кайсынысын ким кабыл алса, өзү билет.
16.04.2012. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"кандай куйоогє турмушка чыгуу керек?"- деп бушайман болбостон, журогунордогу адамды гана тандагыла. Ал эми андан аркысын психолог айткандай, жолго салып алса ботот. Эн башкысы сый, бири-бирин тушуно билуу маанилуу болсо керек.
04.03.2015. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атасынын байлыгына копкондор коп бизде озу байлыкка жетишкен мырзалар жонокой,акылдуу болушат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо