Чыңгыз Мырзаев: «НАДИРА МЕНИН УРУКСАТЫМ МЕНЕН «СУПЕР СУЛУУ» СЫНАГЫНА КАТЫШКАН»

№491 30-март - 5-апрель, 2012-ж.

Ырчы, алпаруучу, ди-джей, таланттуу жигит Чыңгыз Мырзаев “качан үйлөнөсүң?” деген суроодон биротоло кутулду. Анткени ал 25-март күнү элге той берип, Надирабегим аттуу сулууга үйлөндү. "Супер сулуу" сынагынын катышуучуларынын базары жүрүп жаткан кез. Дегенибиз, Надирабегим "Супер сулуу-2011" сынагынын финалчысы. Эскерте кетсек, өткөн аптада аталган сынактын жеңүүчүсү Айсулуу турмушка чыккан.

– Кандайсың, Чыңгыз, алгач куттуктап алалы, куш боо бек болсун!
– Чоң рахмат.

– “Үйлөнсөң боло” деген сөздөн акыры кутулган экенсиң да...
– Ооба, үйлөндүк. Кудайга шүгүр, ата-энем, ага-инилерим, тууган-уругум, досторум кубанып жатышат. Атам тамашалап мени карап “чын элеби?” деп коёт. “Бетиңизди чымчысаңыз, ооруп жатса, анда түш эмес, чын эле” деп күлдүм. Албетте, өзүмдүн да кубанычым койнума батпай турган кез.

– Алган жарың биздин кыз экен...
– Келинчегимдин аты Надирабегим, 1993-жылы Чүй өрөөнүндө туулуп-өскөн кыз. Үй-бүлөдө кыздардын улуусу, бир агасы, бир иниси жана эки сиңдиси бар. Учурда Кыргыз-Орус Славян университетинде тиш доктурлукка окуп жатат. Өзүнө тыкан, аракетчил кыз. “Жаш кыял” бий ансамблинде кичине кезинен бери бийлейт. Ооба, "Супер сулуу" сынагына катышкан.

– Надира “Супер сулуу-2011” сынагына катышып, финалга чыккан. Ошол концертти өзүң алпаргансың. Сыр берген жок элең...
– Ооба, сынактын алдынан Надира менден уруксат сураган. “Катышсамбы?” деп калыптыр, "өзүң кааласаң, ата-энең макул болсо, катыша бер" дегем. Мен деле жаш кезден андай маданий-массалык иш-чараларга көп аралашып жүрчүмүн.

– Сахнада алып баруучу болуп турганда ичиңден Надирага тартып турган экенсиң да?..
– Эми ал нерсе биздин мамилеге оң же терс таасирин берген деле жок. Бирок андай сынакка катышып жаткан соң жеңүү бар, жеңилүү бар. Жеңгенди да, жеңилгенди да билүү керек деп ойлойм.

– Кепти келинчегиң менен качан, кандайча таанышып калдың, ошол жөнүндө уласак...
– Надираны көптөн бери эле тааныйм. Мындан үч жыл мурун анын ата-энеси той берип, мен тамада болгом. Ошондо таанышып калганбыз.

– А кыз-жигит болуп канча убакыт сүйлөштүңөр?
– Эки жылдан ашып калды десем болот. Биз жаңыдан сүйлөшүп баштаган кезде ал мектепти аяктап жаткан болчу. Аны тамашалап “мен сени 25-майда эле алып кетип калам” деп калчумун. Ошондо өйдөдөн назар түшсө керек. Буйрук ушул күндөргө туш келиптир. Жамандыр-жакшыдыр кызыктуу күндөрдү баштан кечирдик. Кээде тоого барып эс алып кайтсак, кээде жетелешип муз тепкени барып дегендей. Мен өзүм анча деле романтик эмесмин. Андан да кызыктуу күндөр али алдыда экенине ишенем.

– "Үйлөнөлү" деген сунушту киргизиш деле оңой болбосо керек?
– Бул сунушту мен марттын биринде, жаздын биринчи күнүндө киргиздим. Жер тегиз аппак кар болчу, таттуу жеп отурганбыз. “Менин да убагым келди, сен деле бойго жеттиң. Турмуш деген оңой нерсе эмес. Ата-энең менен акылдаш, жакшылап ойлонуп чечим чыгар” дедим. Надира макулдугун берери менен эртеси, 2-мартта экөөбүз барып нике шакектерин сатып алдык. Анда анын ата-энеси Кытайдын Пекин шаарына кеткен экен, алар алтысында келишти. Келери менен ата-энелерибиз сүйлөшүп, макулдашышты. Алардын чечими менен 24-мартта Надира тараптан кыз узатуу тою, 25-март биз тараптан келин алуу тою болот деп чечим чыкты. Ошону менен эле тойдун камы менен чуркап калдык. Менин ата-журтум, баары алыста болгондуктан, бардык камды өзүм көргөнгө туура келди. Күн сайын Надира экөөбүз көйнөк тиктирмей, базарга бармай, чакыруу таратмай деген түйшүктөр менен чуркап жүрдүк.

– Той кандай өттү?
– Айылдагы туугандарым көчкүнүн айынан жолдордун жабылып калганына байланыштуу бир топ түйшүк менен араң жетип келгендери болбосо, той абдан жакшы өттү. Кайсы гана той болбосун өзүм чуркап жүрүп көнүп калган экенмин, төрдө отурган эң кыйын экендигин түшүндүм. Сырттан карап отуруп, улам бир кемчиликти көрө берет экенсиң. Ичиңден “муну минтип эле койсо болмок” деп тынчың кетип отурганың менен, элге кашка тишиңди көрсөтүп күлүп турушуң керек дегендей. Тууган-урук, кайын журт, жакын санаалаштар, достор, баары келишти. Акындар, ырчы, бийчилер да куттукташты. Айтор, көңүлдөгүдөй болду. Келгендин баары жакшы баталарын берип кайтышты. Эми ошол баталар ишке ашып, эң эле жаман дегенде өзүбүздүн ата-энелерибиздей ата-эне болуп, жакшы түгөйлөрдөн болсок деген үмүт, тилектер менен турмуш жолго аттандык.

– “Бир кемеге түшкөндүн жаны бир” демекчи, турмуштук сапарыңар кандай башталды.
– Той-топурдун шарынан мына бүгүн эле бир аз арылгандай болдук. Бүгүн ишке чыктым, Надира да сабагына кетти. Баягы Чыңгызхандын сөзү бар эмеспи: “Баштадыңбы коркпо, корксоң баштаба”,- деген. Анын сыңары баш кошкондон кийин мындан ары бири-бирибизге жөлөк-таяк болуп жашашыбыз керек. Экөөбүз тең идеалдуу адамдар эмеспиз, менде да өзүмө тиешелүү мүнөз бар, анда да бар дегендей. Бирок Надира мага караганда оор басырыктуу. Бир нерсени айтып жатсаң, кээде таптакыр унчукпай коймою бар. Кайра өзүм эле кызыктай болуп калам. Ошонусу жагат. Ар бир сөзүңө сөз кайрып турса жаман да. Мурда сөзгө сөз кайрып турган кээ бир жеңелерди, кыздарды, эжелерди көрүп “ушундай колуктудан Кудай сакта” деп калчу элем. Анын бетин ары кылсын эми.

– Үйлөнгөндөн кийин мурда билбеген сапаттар ачылып жатса керек?
– Азырынча Кудайга шүгүр, “бир жакшыга бир жаман” деп коёт эмеспи. Мурда эле тиленчүмүн, ошол жаманы мен болсом экен деп. Ошондой эле болсун. Анан да менин байкаганым, Надира мага караганда аябай сергек экен. Мен кыйналып, саат алтыда тура албай жаткан болсом, ал саат беште эле туруп алган болот.

– Келиндик кызмат кылыппы?
– Менин ата-энем деле “келинсиң, келиндик кызматыңды кыл” деген адамдардан эмес. Апам “шыпырылбай турган эшик барбы, бүтпөй турган жумуш барбы? Бул үйдүн экинчи кожойкеси сен болосуң” деп коёт. Экөө кызындай эле мамиле кылып жатышат. Надира биздин үйдө келин эле эмес, ата-энемдин 4-кызы болуп калды. Атам менен апам деле аны кызым дешип алкап-жалкап, айланып-кагылып эле отурушат. Карындаштарым болсо, сүйүнүшүп, жеңелеп жанында жүрүшөт. Кыскасы, баарыбыздын үмүтүбүздү актаган, ыймандуу, жакшы бүлө болот деп ишенем.

– Кызыктуу маек үчүн чоң рахмат. Алганың менен бактылуу болуп, жетелешкен бойдон кадырман карылыкка жеткиле.
– Чоң рахмат, айтканыңар келсин.

  

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  20 
Комментарийлер(91)
04.04.2012. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!жашоонун кызыгы эми башталат!
04.04.2012. 04:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
красавчик алгааааа кармашкан колунар узулбосун бактылууууууууууу болгула
04.04.2012. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dostor, bul 1-aprelge tamaby? je chin el Chnigiz Myrzaev uylondubu owondoy jaw kizga?
04.04.2012. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула кандай болгон болсо да баарын оз нугуна буруп алыш Чынгыз озундон.
04.04.2012. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жалгаан алданыпсынар баарынар
04.04.2012. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анарбек, жалган эмес, таптаза чындык!
05.04.2012. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анарбек, хахахах
04.04.2012. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
синдиси бар бекен элдер ушу кыздын бажа болбойлубу чыке брат
))))))))))
04.04.2012. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
respekt огромный чыке
04.04.2012. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле гезитте видеосун супер тв дан корууго болот деп журот го!А эмнеге жуктой элексинер???
04.04.2012. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pojaluista,superchiler,bul tamawa bolchu dep koigulachy,antpesener,jurogum jarylyp ketet .
04.04.2012. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tuboluko baktyluu bolgula!!!
04.04.2012. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болгула эки жаш. Чынгыз кыргызымдын талантту жигити. Онорун оркундосун. Балалуу, чакалуу болуп, бир уй-булонун отун жандырып, туболукко бар болгула. Бардык жакшылыктарды каалап кетем.....
04.04.2012. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыңгыз эми качан деген сөздөң кутулуптурда.Бактылуу болгула!
04.04.2012. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай жалгасын. Бактылуу болунуз. Ылайым, жараткан сиздерден жакшылыгын аябай, ыйман нурун чачып турсун. Турмуштун "муштарынан" женил отууго, сабырдуулук берсин.
05.04.2012. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула, баш кошкон эки жаш...
05.04.2012. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЭЭХХХ!!! мага окшоп сыздагандар да болду бекен??? ЧЫнгыз уйлоуптур дегенде!!!! Бакыт каалагандан башка арга жок!!!
05.04.2012. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чаткалдагы биринчин журот,кызын жетелеп айтфп калышат,бул экинчи жубайы.....
05.04.2012. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktyluu bolgula!! emnegedir 17-21 jaw ortosundagy kyzdar ayavay uluu korunup kaliwyptyr ee??? je ertelep ele boektu javywyp uluu korunuwup kaliwaby???
05.04.2012. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула.Тамаша эмес деп ишенем.Бирок силердин уйлонуу тоюунардагы суротунорду коруп "Иий Чынгыз уйлонуп алыптырбы?Ага мен тийейин деп атса."дептирмин.Чынында Чынгыз агабызды улгулуу уй булоонун кожоюуну катары кором.Дагы бир жолу бактылуу болгула,кармашкан колунар узулбосун.
05.04.2012. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
нештяг братан)) бактылуу бол))
05.04.2012. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынгыздын аялын коруш учун супер сулуу 2012ни кайра башынан аяк коруп чыктым!!!
05.04.2012. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кармашкан колунар узулбосун,уй булолук бакыт каалайм.
06.04.2012. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодцы эки жаш бактылуу болгула!..чыке акылдуулук кылып коюптурсун ээ? ушул жерде да бир аз? секелек жаш аял алып?!чыке илгери уйкусу бузулбай тынч уктаса эми тунку 3 то бир ойгонуп кайра уктап калган чагыго..чыкенин "тунку оюнга" тойбой жаткан маалы экен да ээ чиркин?!..тунку саат 3 тор чамасында чыкенин уйундо чыкпаган звуктар кооз болуп чыгып жатса керек.берекелде чыке еще бир аз коё туруп 95 ин тапсан болмок экен,тунку звуктар жакшыраак и каттыгыраак чыкмак экен аттин!...
06.04.2012. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
06.04.2012. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
birinchiden kush boonor bek bolsun.karmashkan kolunar ajyrabasyn jana baktyluu bolgula.
06.04.2012. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamaaat Chyngyz,emki jylkyga ozuno okwow dagy bir azamatty kutobuz.
07.04.2012. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KUTTUKTAIM!!!!!!!!ulguluu uibulolordon bolgula!
07.04.2012. 04:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kut bolsun jany ui buloluk jawoonuz! Kelin4eginizge aitarym bir kolunuzga Chyngyz myrzany ekin4i kolynyzga Islamdy(namazdyn kasietterin) karmanyp jawap kopko i vpered v Rai.
08.04.2012. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolgula,inwallah...:)
05.05.2012. 04:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЧЫнгыз мырза абдан мага жагат,аябай созго бай чечен алып баруучу,бактылуу болгула!
24.10.2012. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чыке келинчегинди кордук,бирок сен ашыккан хиджабчан аиымдын жоолугунун учуна да жетпеит екен!
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо