Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МАРКУМДУН РУХУ КЫЙНАЛЫП ЖАТСА КЕРЕК

№491 30-март - 5-апрель, 2012-ж.

Гезитибиздин 489-санында Микаэлдин өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши жарга такалгандыгын, «ырчы жигитти өлтүрдү» деген шек менен кармалган Эркин Турусбековдун акталгандыгын кабарлаганбыз. Микаэлдин бир тууган эжеси, маркумдун өлүмүнө байланыштуу ишке жабырлануучу катары катышып жаткан Аида Аземованын комментарийин да берген элек. Ал Эркин Турусбеков тууралуу “колунда акчасы болгон үчүн акталып кетти...” деп комментарий берген. Гезит жарык көргөн соң Эркин Турусбековдун апасы келди кеңсебизге, “колуңарда Эркиндин же анын жакындарынын сотко, укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө акча бергенин тастыктаган документ барбы?” деп. “Ооба, биздин колубузда андай документ жок. Андай документ Аида Аземованын деле колунда жок болсо керек. Ал үчүн кечирим сурайбыз. Окурман журтчулугуна муну гезит аркылуу кабарлайбыз” деп келишип, узаттык. Сот аркылуу акталып чыккан Эркин Турусбековдун аброюна шек келтирүүнү максат кылбагандыгыбызды расмий түрдө билдирип коюну чечтик. Деги ушул Микаэлдин өлүмүнө байланыштуу “соттошом” деп кеңсеге келгендерден чарчадык, чын айтабыз, чарчадык! Каза тапкан адамды ойлоп тирүүлөр ыйлай берсе, маркумдун руху, арбагы кыйналат дейт. Бул ишеним, бул түшүнүк кыргыз элинде илгертеден жашап келет. Маркум тууралуу өйдө-ылдый кептер айтыла берсе да арбагы кыйналса керек. Андыктан кайра-кайра бул темага кайрылууга мажбур болуп жаткандыгыбыз үчүн Микаэлдин арбагынан, маркум ырчы жигиттин жакындарынан кечирим сурайбыз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
04.04.2012. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба, эн туура
05.04.2012. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Деги ушул Микаэлдин өлүмүнө байланыштуу “соттошом” деп кеңсеге келгендерден чарчадык, чын айтабыз, чарчадык!" ушул создорду башкачараак жазсанар болмок, бир аз одонороок болуп калыптыр,сиздер чарчабаныздар, себеби элдик гезитсинер, эл силерге ишенет, силерден актыкты, тактыкты, жаратмандыкты, чыгармачылыкты кутот, чарчабагыла! Эгер туура эмес жазган болсом, капа этпегиле, бул менин жеке оюм!
06.04.2012. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kaniet, согласна...чарчашса иштоонун кереги жок...
08.04.2012. 06:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
degi akyikat kaida kaldy dakazat etesinerbi dep kelgenin kara
08.04.2012. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чындыгында бутпой койду да мына 2 жылдан ашып бара жатат ким куноолу болсо кудай жазасын берет, аа супер инфо сен эч качан чарчаба.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо