АРЫЛА АЛБАЙ ЖҮРГӨН АДАТЫҢЫЗ БАРБЫ?

№492 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.

Ар бир адам баласы өзүнчө уникалдуу, өзүнчө кайталангыс аалам. Башкасын коюп күнүмдүк жашоодогу көнүмүш адаттар тууралуу бүгүн сөз кылууну чечтик. Биринин көп уктамай, биринин сөгүнмөй, дагы биринин шашып басмай адаты бар. Ал эми элге таанымал инсандар бул жаатта кандай?

ЛУНАРА МАМЫТОВА, диктор:
– Өтө толкундантчу учурларда тырмагымды тиштей бермей адатым бар. Эгер маникюр бар болсо, ал бузулуп калбасын деп тийбейм. Материал жазып жатканда же бир нерсени ойлонуп калганда бул адатымды карматканымды өзүм да байкабай калам. Ошол себептен тырмагымды көпчүлүк учурда өстүрбөйм.

РАХМАН РАЗЫКОВ, куудул:
– Эч кимдин көңүлүн калтырбаймын деп жатып эле өзүм көп жапа чегем. “Жок” деген сөздү айта албагандыгымды эң чоң жаман адатым деп эсептейм. Мисалы, бирөө менден акча сурап калса, “жок” дегенден уялып болгон акчамдын баарын берип коём. “Эртең өзүм эмне кылам?” деп ойлонмой жок. Өтө зарыгып сурап калган адамга өзүмдө жок учурда бирөөдөн сурап таап берем. Анан ал бербей жок болот да, өзүм эле артынан эзиле берем.
Быйыл, буюрса, чыгармачылыгымды жыйынтыктаган чоң концерт берип, анан бизнес чөйрөсүнө өткөнү жатам. Бизнесте эң кереги – “жок” деген сөздү айта билүү экендигин түшүндүм. “Байыгың келсе “жок” деген сөздү айта бил” деген кеп чындык.

 

ТОКТОБЕК АСАНАЛИЕВ, ырчы:
– Ар бир адамдын өзүнө тиешелүү жаман адаты болот. Андай адат менде деле бар. Аябай шашма, чыдамы жок адаммын. Шашмалыктын айынан “энеңди урайын” деп көп сөгүнөм. Керек болсо жай сүйлөгөндөрдү деле “батыраак айтпайсыңбы эзилбей!” деп туруп “энеңди урайынды” кошуп сөгүп салмайым бар.
Жаңы үйлөнгөн кезде кайненем конокко келиптир. Апам дасторкон четинде отурганда “кудагый, сиз түшүнүп коюңуз, Токтобектин “энеңди урайын” деген төл сөзү бар, анысы “айланайын” дегени эле” деп жатпайбы. Ошондон кийин бул сөздү кайненемдин көзүнчө деле айта берүүгө жол ачылган. Ооба, бул адаттан арылгым келет.

 

ШАЙЫР КАСЫМАЛИЕВА, актриса:
– Кичине кезимден эле кечикмей адатым бар. Сабакка кечигип, мугалимдерге жаман көрүнүп эле басып жүрчүмүн. Кийин чоңоюп театрда иштеп калганда деле бул адатымдан арыла албадым. Күн сайын эле кечиге берип, уялганымдан бул адатымды бир аз жөнгө салдым. Ошентсе да толук арыла алган жокмун. Мисалы, бүгүн ишке дагы кечиктим. Анан дагы бир жаман сапатым – уктаганды жакшы көргөнүм. Күндүз бир аз эле бош убактым боло калса, 5 мүнөтпү, эки саатпы, айтор, көзүм илинип кетет. Ошол жагым да өзүмө жакпайт.

 

ДӨӨЛӨТ СЫДЫКОВ, манасчы:
– Эми Кудайда эле кемчилик жок, башкабызда кемчиликтер бар да. Менин өзүмө бирөөнүн кол астында иштей албагандыгым жакпайт. Бирөөгө көз каранды болгонсуп, мени жумшап жатса кемсинтип жаткандай сезиле берет. Ошон үчүн эч жерде иштебейм (күлүп). Анан да сүйлөп жатканда “эме” деген сөздү орунсуз жана армансыз колдоно бермейим бар. Жакындарым көп эскертишет, өзүм деле байкап калам, ошентсе да бул адаттан арыла албай жүрөм.

 


ЗИЯШ, “тамашоучу”, “КG 77” командасы:
– Нерв деген жука менде. Ошон үчүн урушчаакмын. Түндүк, түштүк деп бөлгөн адамдарга, анан копол, орой кыздарга заматта кыжырым кайнап чыгат. Аларды “нагло” эле сөгүп салам. Андан тышкары көп уктайм. Элдер 6 саат уктаса, мен 12 саат уктап, көп нерседен куру калам. Ушул адатымды таштай албай жүрөм көптөн бери.



ЭДИЛ БАЙСАЛОВ, коомдук ишмер:

– Мен түндө кеч жатып, эртең менен кеч турган “үкү” адамдардын катарын толуктайм. Эртең менен канчалык эрте турсам деле, саат 10-11ге чейин таптакыр башым иштебейт. Күчкө салып ойлонсом да бир чечимге келе албай кыйнала берем. Саат 12ден кийин гана чыгармачылыктабы, коомдук же жеке маселелердеби, ийгиликтүү чечим чыгара алам. Ойлоп коём, бул мага студенттик күндөрдөн калган адат болсо керек деп. Анткени анда билесиздер да, күн-түн дебей окуп жүрчү элек. Мындан башка деле жаман адаттарым көп.

Чолпон Сүйүнбаева
Перизат Музуратбекова
star@super.kg


Арыла албай жүргөн адатыңыз барбы?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
SUPER.KG видео
07.04.2012. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ООой Токтобек Асаналиевдин "кудай буйруза" деген созду коп айткан адаты бар экенин байкадым эле
SUPER.KG видео
07.04.2012. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eheeee Avaz kelıp kaldynby orusıyadan!!!!:::::>>>>????????akana siya faka gooouu dosun
SUPER.KG видео
07.04.2012. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аваз жалкоо
SUPER.KG видео
08.04.2012. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Токтобек Асаналиевдин munozu taaak ele meniki go heheh))))
09.04.2012. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
edil baysalovdun adatı ozgo4o go 12ge cheyin bashi istebegeni jakti
10.04.2012. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен да Шайыр Касымалиевадай кечигип эле басып журом качан убагында бир жерге барам билбейм.
10.04.2012. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kany., мен да ар дайым кечигип эле журом, окуума да, жумушка да кечигем, бул жаман сапаттан кантип айрылабыз?
10.04.2012. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men internettin aldynda kop oturam, aryla albay jatam
SUPER.KG видео
11.04.2012. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menda jalkoooooooooooo :(
12.04.2012. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kechke facebook menen twitterde otura bergenim jakpait.
12.04.2012. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин болбогон эле нерсеге ойлоно бергеним жакпайт бул адаттан арыла албай журом
05.05.2012. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asil-08 экообуздуку окшош экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо