Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Психологдун кеӊеши. «БАЛАЛУУ АЯЛДЫ КАНТИП АЖЫРАШТЫРЫП, АГА ҮЙЛӨНӨ АЛАМ?»

№492 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.

– Баары түшүнүктүү болсун үчүн башынан баштайын. Айжан менен студент кезде таанышкам. Кыялкеч, жан дүйнөсү таза, назик кыз бир көргөндө эле жаккан. Мен да ага жагып, айтор, китепканаларга бир барып, дем алыш күндөрү бирге сейилдеп, жаштыктын таттуу күндөрүн бирге өткөрдүк. Маселенин баары аны үйүндөгүлөр бардар жердин уулуна зордоп берип салышканында болгон.
Бирок минтип арадан 5 жыл өткөндө тагдыр бизди кайрадан табыштырды. Бир күнү дал алдымдан чыга калбаспы. Экөөбүз учурашарыбызды же жөн гана басып кетерибизди билбей буттарыбыз тушалды. Мен анын көздөрүнөн мага болгон сүйүүнүн өчпөгөндүгүн көрдүм. Ал болсо менин... Ошентип, кол кармаша студент кезде чогуу отуруп жүрчү сейил бактагы орунубузга жөнөдүк. Ал турмушун айтып берди.
Жашоосуна ыраазы эмес экен. Күйөөсү кызганып, жок жерден уруш чыгарганга, ал тургай кол көтөргөнгө маш чыгыптыр. Ортолорунда бир кызы болгонуна карабай мамилелери бир топ суук экен. А мен алигиче үйлөнбөгөнүмдү айттым. Экөөбүз жолугуша баштадык. Ал жадырап отурганда ушундай эзилип, кучагымдан чыгаргым келбейт десең. Коштошорго кез келгенде бөлүнүү бизге кыйын боло баштайт. Акыры бир күнү Айжандан “чыныңды айтчы, мени дале мурункудай сүйөсүңбү?” деп сураганга батындым. Ал муңдуу көз караш менен “ооба” деп жооп берди. Мага ушул гана жооп керек эле. Ичимде жүргөндүн баарын ачыкка чыгарып: “Анда күйөөң менен ажыраш. Кызыңды өз кызымдай багып алам. Сүйбөгөн адам менен эптеп жашоо өткөргүчө жаңыча жашоо баштайбыз”,- дедим. Ал: “Муну чечүү оңой дейсиңби? Мени баары бир күйөөлүү, балалуу аял дейт. Мүмкүн, мен ажырашып, экөөбүз баш кошкондон кийин өкүнүп каларсың...”- деди. Ары тартышып, бери тартышып, акыры "ойлонуп көрөйүн" деп үйүнө кетти. Экөөбүздүн жашыруун жолугуубуз көбөйдү. Айжан жолдошу менен ажырашууга батына албастыгын, менден да кол үзгүсү келбегенин айтат да турат. Көптөн бери арсар ойдо жүрөт. А мен анын ажырашып, экөөбүздүн баш кошор күнүбүздү күтөм.
Акылымдын жетпегени – анын эмне үчүн сүйбөгөн, тынч жашоо бербеген күйөөсү менен ажырашууга батынбай жатканы. Же менин барктап аларыма көзү жетпей жатабы?
Самарбек, Бишкек

Суроого «Триумф-Инфо» психологиялык окуу борборунун психологу Нурзада Маямерова жооп берет.

– Самарбек, алгач сиз өз сезимиңизди талдап көрүүңүз кажет. Сүйүү – келип-кетчү нерсе. Сүйүү өчкөн кезде жубайлардын ортосунда сый калышы керек. Ошол сый менен үй-бүлөлүк жашоо уланат. Сүйүүңүздөр өчкөндөн кийин ортодо сый каларына, ажыратып алып үйлөнгөнүңүз үчүн кийин өкүнбөсүңүзгө көзүңүз жетеби? Айжан сизге түгөй катары турмуштун ысык-суугуна чыдап, аягына чейин чогуу боло аларына ишенесизби? Ушул эле суроолорду Айжан да алдына коюп, жооп берип көрүүсү зарыл.
Айжандан көп нерсе күтпөй, мунун ордуна "ага эмне бере алам?" деп ойлонгонуңуз оң. Айжанды шаштырбай, ага убакыт бериңиз. Аны менен жай отуруп, "мен сени шаштырбайын. Убакыт берейин. Ага чейин өз маселеңди чечишиң кажет. Эгер мага кайрылып келсең, анда тагдырыбыздын бирге болгондугу" деп айтыңыз. Эгер Айжан кайрылып келбесе, анда жолуңуздар эки башка.

Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө сүйгөнүнөн айрылып жанын кыйгысы келсе, айрымдар «кимди тандоо керек?», «эмне кылам?» деген дилеммага такалат. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. «Психологдун кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы.
Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиз болот.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(26)
09.04.2012. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Самарбек сен антип бироонун никесин бузба эн чон куно болот чындап суйсон Айжанды ага алла тааламан тилегин бакыты алардын жашоосуна Нурзада эжеке сиз антип кенеш бербениз сиздинда балдарыныз бар Айжандын кайненесинин ордууна озунузду койуп корунчу эмне акыбалда каласыз андан коро Айжандын уйбулоосуно тынчылыкты жана ынтымакчылыкты каалайлы
09.04.2012. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин айтарым канча суйсонда суйгонун турмушка чыгып кетиптир эми Самарбек сен деле ойлон Айжанды эстебей койсон унутасын биронун никесин бузбоого аракет кыл.Айжан окшогон кыздар толтура карап корсон биросуно жолугуп каларсын Эми кантип озунду кармай албайсын башка кызды кармасан деле болмок ошончо жыл отуптур бир кыздуу болгуча чыдап журупсунго ошого чейин эмне кылып журдун эми бир кыздуу болгондон кийин мундай кылганын туура эмес досум акылынды жый!
09.04.2012. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ай ак никени бузба куноо болот
09.04.2012. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжанга кенешим: Айжан акылын болсо, Самарбекке болгон суйуун таза бойдон кала берсин, силердин ортонордогу суйуу деле ашып кетсе 5-6 ай ысык бойдон сакталышы мумкун, бирок туболук эмес, эч бир суйуу туболук сакталбайт, психолог айткандай сый менен жашоо уланат.
Самарбекке кенешим: Сен антип бироонун уй-булосун бузганга акын жок, жаманбы жакшыбы, озунун куйоосу, экоон баш кошкон кундо деле бардыгы силер ойлогондой болот деп эч ким кепилдик бере албайт. Андан коро акылын болсо, жаш кыздан
09.04.2012. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самарбек, болбой баратса Айжанга окшогон кыз издеп таап, ошол кыз менен бактылуу бол, Айжан дагы сенин чечиминди убагы келсе туура деп кабыл алат. Ал эми азыр Айжан сенден мээрим тапканы учун эле сага ыктап турат, болбосо ким эле ак никелуу куйоосунон баш тартсын.
09.04.2012. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самарбек,сен антип уй-булону бузба. Уй-булодо казан-аяк кагыша берет. Айжан ажырашып сага келсе,экоонордун ортонордо деле кийин ызы-чуу болот. Эми тоо кыядан отконуно 5 жыл болгондон кийин, аны кайтарыштын не кереги бар. Ошончолук эле кайтаргычын иштеп жатса,5 жыл мурда эле аны куйоосунон алып качпайт белен,алар ЗАГСка жазыла электе. 5 жыл мурда чечкинсиздик кылып,коркуп койгонсунда. Ошон учун Айжан ойлонуп жататда копко.
09.04.2012. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жалган жашоодо ар бир адам оз каалосундай жашоого татыктуу.Сиз жакшылап ойлонуп анан итог чыгарыныз.Как никак ал бироонун ак никелеп алган аялы,уй булодо майда чуйдо уруш талаштар болуп турат эмеспи бирок ал откунчук корунуш.Балким ал убактылуусун ойлоп жаткандыр,мен аны билбейм.Бирок сиз чон куноого батып жатасыз.И ал суйгонунуздун куйоосунун оордуна качандыр бир убакта сиз да болуп калышыныз мумкундугун унутпаныз.Себеби колдо бар алтындын барктабаган адам,ал омур бою ошол бойдон калат.
10.04.2012. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самарбек бул кылганын туура эмес, сенин ата-энен макул болобу, куйоодон чыккан бир кызы барды алганы, арканды узун ташта, суйуу деп Айжандын булосун бузба, ал бешенеси кандай жашасада, эрди-катын урушат эси кеткен болушат дейт, эртен эле Айжандын турмушу жакшырып кетет. Самарбек сен башка кызды таап ошого уйлон, аа Айжанга бакыт каалап кой.
11.04.2012. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nikesin buzgan kunoo bolot deyli, a birok Samarbek menen Ayjan ekoo biri-birin jakshy korushso, emnege Ayjan kyinalyp suybogon adam menen omur surush kerek? Samarbek degio dayar eken. Suyuu bir kelet ar bir adam oz suygonu menen baktyluu jashoogo tiyish. Menin oyumcha ekoo bash koshup alsa ele jakshy bolot, Ayjandyn kuyoosu kol kotorso, barkyn bilbese emne keregi bar kyinalyp.
11.04.2012. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iiiy emi Aycandın küyöösü okup kalsa eköönün coluguşkanın bilip kalıp balkim al uruş çıgarattır
11.04.2012. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
От любви к ненавести один шаг как бы не пожелеть...
13.04.2012. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
''Темирди ызыгында чап'' деген соз бар Кыргызда. Баары кеч болуп калыптыр, убагында чечиш керек болчу. Эгерде экобу бири-бирин ушунча катуу суйушсо ар-дайым бирге болмок.
13.04.2012. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздардын баары окшош болот, ал ар кимдин озунон коз каранды. Самарбекке айтарым, суйуунду башка кыздан изде демекчимин. Бироонун уй-булосун бузбай.
14.04.2012. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
делай то что должен и будь что будеть журогунду ук... бирок кийин арекет кылганына же кылбаганына окунгудой болбо
14.04.2012. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйууно жетип арманда калгыча,жетпей арманда калган жакшы.
14.04.2012. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжан акылы жок аял экен, күйөөсу миң жаман болсо дагы, сен менен жашыруун жолугуп жүргөнү бул күнөө. Эртең сен үйлөнсөн сага дагы ушундай кылыкты көргөзөт!
15.04.2012. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"суйгонунду бироого оптургучо, жер кучактап олгон жакшы"-деген соз бар го. Ойлон жакшылап.
17.04.2012. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самарбек! Мен сени олтуром. Мен Айжандын куйосумун.
27.04.2012. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жашоого кимдер келип кетпеген,максат койуп масатына жетпеген!!!Самарбек сен уйлоно элек жигит болсон Айжандын уй булосу болсо алардын ортолорунда кызы болсо,ак никесин бузба эгер Айжанды жакшы корсон Алладан Айжанга бакыт каала!!!Бироого бакыт каалаган адам, созсуз бактысын табат!Урматтуу туугандар Бироонун никедеги аялы менен жолугушуп жургон шарият жол бербейт,Самарбек бироодун турмушу кыйрашына себепчи болуп калбай,Айжандай кыздар коп эгер суйуп барктай билсен!!!
20.05.2012. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самарбек бироонун ак никелуу аялын сен кучактаганга акын жок!!! Ушул абакытка чейин Айжансыз жашап келдинби? Жашоон отуп жаттыбы? Же ичкенге суун тугонуп, алдыга басканга кадам калбай алдын зоо болуп калдыбы? Бул Алланын сага берген сыноосу! Ушул маселени Шариат маселесинде чечсен Инша Алла келечегин жакшы болот.
09.06.2012. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айжаш адашпа жашыруун жолугуп жургонуно анан окунуп каласын никелеп тийген куйообуно кыйматтык кылба азыр да кеч емес артына кайт аллахтан кечирим сура
27.07.2012. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самарбек ойлонуп иш кыл.Уй було кымбат нерсе алардын кичинекей мамлекеттин бузба.Суйуп суйгонуно жетип урушуп талашып казан кагышкандан коро ошол суйууго жетбей калган суйуу.
26.12.2012. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самарбек башка эле кызды издечи, кийин окунуп каласын.
07.09.2013. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйуу убактылуу ал очот балалуу болгондо (сенин аялын менен бироо жашыруун кездешсе кантет)
11.02.2014. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
samarbek sen azir osentip aita beresin birok kiyin okunup kalasin ech kachan biroonun kaninan jaralgan balaga sen ata bolup bere albaisin menin bir ejekem dagy oshentip 1balasy m.n uilonbogon balaga tyigen birok baktyluu emes kaiyn jurtu sen bizdin balanyn kozun karap jashasyn kerek antkeni sen gelin gelgensin dep aitat al dagy ozu jaldyrap jurup algan birook jashoosu aybai kyin ejekemdin oshon uchun oilonup kor 7jolu olcop bir jolu kes
26.01.2019. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Куноо болот дейсинер баарынар эле макул куноо болсун! Туура!Чымчыктын дагы уясы бузулбасын! Бирок Айжандын ата энеси зордоп куйоого бергени куноо эмеспи?! Кайсыл шариятта жазылган экен зордоп берсе болот деп?!Буга да мейли дейби. Бирок Айжан ал адамга каалап тийген эмес! Бул тагдырды ал тандап алган эмес! Эмне учун бактылуу болууга укугу жок Айжандын?! Тем более куйоосунун кордогону да бар экен. Андай адамдыкы жаш откон сайын кобойсо кобойот азайбайт! Бир келген омурундо эмне учун кор болуш кер
al79mi түзөттү 2019-01-26 14:40:04
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо