«ТААНЫБАЙ КАЛЫПТЫР» ДЕБЕЙ ЭЛЕ КОЮШСА...»

№492 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.

“Супер куудул-2010” наамынын ээси Азамат Исмаилов аз убакытта атакка жетишти. Учурда “тамашоучу” катары таанылган бул жигит жашоосу тууралуу азыноолак кеп куруп бермекчи.

“ТАМАШОУЧУ”
– Жарнамадан "Тамашоу" долбоору жөнүндө угуп, достор менен катышып калдык. “Тамашоу” аркылуу дос таптым, адам менен мамиле түзгөндү, ТВга, эл астына чыкканды үйрөндүм, шоу дүйнөдөгү жашоону көрдүм. Күн өткөн сайын жашоонун жакшы жактарын алып, минустарымды чийип салганга аракеттенем. Бир жаман жагы, биз элдин көзүнө түшүп калдык. Ашыкча кадам бастың дегиче көзгө урунасың. Бизди көбүнчө жаштар көрүшөт. "Аганы көрүп ини өсөт" дегендей, аларга да үлгү болсок дейм.

ДОСТУКТА
“100 сомуң болгончо 100 долларың, ой, 100 досуң болсун” деген кеп бар эмеспи. “Дос” деген сөздүн мааниси терең. Антип татыктууларды гана аташ керек. Менин досторум аябай көп. Бирок убакыт өткөн сайын достор да иргелет экен. Ал бир жагынан алган жарыңдан да көз каранды. “Аял жакшы – эр жакшы” дегендей, эгер келинчегиң сени, досторуңду сыйлабаса, саны кыскарып кетиши толук мүмкүн.

КЫЗДАР – КЫЗГАЛДАКТАР...
“Көз сүйөт миң сулуу, жүрөк сүйөт бир сулуу” дегендей, менде жүрөк менен жактырган кыз жок. "Кызым жок, демек, Кудай Таала мага атайын өзгөчө жакшы кызды даярдап койгон болуш керек" деп ойлойм. Аны көп издейм, көчөдөн, шкафтын ичинен, окуу жай, сейил бактардан. Бирок көпчүлүк мени “ар кайсы кызды эле карап жүрө берет” деп башкача ойлоп калышат экен. Өкүндүргөнү, кыздар батыштын таасирине тартылып баратышат. Клубдардан кыздардын тамеки тартып, арак ичип отурганын көрүп зээним кейийт. Жигиттер келинчек тандаганда “балдарыма кандай эне болуп берет?” деп ойлонот. Ошону кыздар ойлонуп коюшса...

КҮЙӨРМАНДАР
– Менин убактылуу, анан туруктуу күйөрмандарым бар. Убактылуулары жакшы оюн көрсөткөн күнү “азаматсың” деп келишет. Ал эми оюндан утулуп калдың дегиче саны азая түшөт. Кээде күйөрмандарды байкабай таарынтып алган күндөр болот. Бир жолу бирөөсү чалып, “карабай басып кеттиң” деп таарынат. Мен жалгызмын, алар көп да, баары менен кол алышып отурганга убакыт жок. Анан эле артыңдан “тааныбай калыптыр кишини” деп айта башташат. Ошондой сөздөрдү жөн эле коюшса...

ШОУМЕН
– 4 жашымда "Манас" айтсам, эл акча кыстарчу. Ошентип чыт курсак кезимде эле акча иштеген экем. Эми болсо бой жетип, шоумен, тамада, алып баруучу болуп иштеп калдым. Негизги каражат деле ушул булактардан келүүдө. Алгач тойго чыкканда улуулар жакшы түшүнбөй, жактырышчу эмес. Бара-бара көнүп, келип баталарын бере башташты. Айрым тамадалар жалгыз өзү 1000 доллардан чыкса, биздики ошол эле баада, үчкө бөлүп алабыз. Биздин өзгөчөлүгүбүз – ичип-чекпегенибизде, шоу программалардын көптүгүндө. Кээде кашайып бир күндө 3-4 заказ болуп калат, кээде такыр болбой калат. Бир күнү оору, бир күнү соо, биздин жумушубуз ушундай.

СҮРӨТЧҮ
– 6-классымда Көркөм-сүрөт академиясынын алдындагы жатак-мектепке тапшыргам. Кыйын сүрөтчү болгум келчү. 1998-жылдары “Титаник” тасмасы популярдуу болуп баштабады беле. “Актёр Леонардо Ди Каприодой сүрөтчү болсом, кумир туткан Голливуд актёрлорун тартып, илип алам” деп кыялданар элем. Академияда окуй баштаганда сүрөтчүлүккө кызыгуум сууп кетти. Кээде гана ойлонуп кетип, эргүү келгенде калемди колго алып тартып калам. Атайын отуруп тартпай деле калдым азыр, бир чети убакыт тар, экинчиден, башка кызыкчылыктар бар.

ТАСМАДА
– 6-7 тасмага тартылдым. Акыркысы “Сулуулар жана миллион” профессионалдык болсо, калгандарынын баары “любительский”. Сахна менен камеранын сүрү эки башка экен. Камера жандуу болбогону менен, анын артында нечендеген адам отурат. Ошого образды жеткире ойнош деле мүшкүл иш да. Алгач кыйналчумун, эми болсо бара-бара экранга ойно­гонду үйрөнүп калдым.

АЙДООЧУ
– Негизи, заманбап, “шикарный” унааларга кызыгам. “Аз май кетет, үнөмдүү алган оң” деп тандабайм. Мүмкүн, менде ага азырынча зарылдык жарала электир. Жакында 2001-жылы чыккан Хонда Стрим үлгүсүндө машина сатып алдым. Кумар деп коёт го, ылдамдыкты жакшы көрөм. Бирок көңүл буруп айдабасаң, өзүңдүн эмес, башканын да жанын алып кетишиң мүмкүн. Ошондуктан айдоочу абайлап жүрүшү керек.

ҮЙ-БҮЛӨДӨ
– Кичинекей кезден жатак-мектепте окуп калгандыктан, кенен басып-жүргөн жашоого көндүм. Ишемби-жекшемби күндөрү эс алганы үйгө келгенде үйдөгү катуу тартип кадимкидей билинчү. Көчөдөн таяк жеп келсем да, атам “чала болот” деп урушуп койчу. Бирок ошол нерсе өз арабамды өзүм тартканга үйрөтүптүр. Атам – менин сынчым. Көп сын айтат. Башында чычалап кетчүмүн, азыр көнүп, түшүнүү менен кабыл алам. Эне жүрөгү баары бир назик да, апам ар дайым мен тарапта.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


Азамат Исмаилов: "100 сомуң болгончо 100 долларың, ой..."

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(52)
SUPER.KG видео
09.04.2012. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzdar uwintip synaai berbei kaira podderjka bersek jakwy bolot ele Azamat molodets. -*
SUPER.KG видео
09.04.2012. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элди кулкуго болоп, талантын ташкындай берсин. Аман бол...
09.04.2012. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кийингени да eye да жакпады,бирок озу билет да э?
09.04.2012. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кичине серьезный болсо болмок, через чур ашып кетекен,
09.04.2012. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суротко тушкондо кебетесин буза бергени жалпайт да.
SUPER.KG видео
09.04.2012. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Таланттуу жигит! Ийгилик каалайм!
SUPER.KG видео
09.04.2012. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Намана эле экен!
10.04.2012. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сары шорта анан пиджак не деп кийинип алган
10.04.2012. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бай жана адептуу, сулуу балага тийиш учун 3жолу куйоого тийиш керек болсо керек.анкени 3сапат бир адамда жок да
SUPER.KG видео
10.04.2012. 05:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
super Azamat, suylogon sozdorunun baary ele maga kulkunuchtuu sezildi, kiyingeni chto to ne v temu bolup kalgan go, kun ushuncha yssyp kaldyby Bishkekte,shortik kiygenge? Iygili Azamat.
10.04.2012. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Da erkek.....
SUPER.KG видео
10.04.2012. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат создорун баары эле жанылмач болуп калды го.анан атайын прикольный кийингенсин го дейм?
10.04.2012. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaman ozun sezet da,bir kunu uktatyp ketpese ele boldu,adam jonokoi bolush kerek da,je olso al bashka jakka baraby?baarybyz ele bir jerge barabyz,atak mykty dep ayta albaym jarayt
10.04.2012. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алгаааааааааа азамат!!
10.04.2012. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
коргондон коро элеги коп экени корунуп турат. ыйман жактан таптакыр алыста! аман эсен болсун!
SUPER.KG видео
10.04.2012. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саяк АЛГА!!
11.04.2012. 03:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
normal'na ele, tamawoudogu zver' adamdardyn kataryn toluktait :-):)
Adamdyn maanaiyn kotorgongo kudureti jetet.
11.04.2012. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат ушунча эл арасына таанылдын сен кыргыздын чыныгы жигитисин ишине ийгилик каалайм
SUPER.KG видео
11.04.2012. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат, кээде тантырап коесун да, а так кулкулорундун копчулугу жакшы!!!
SUPER.KG видео
11.04.2012. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы бала мага жагат та))))))0
11.04.2012. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле сахна, эл алдында журуу адамды озгортот экен. Мурун башка адам болчу, азыр такыр башка болуп калды
12.04.2012. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маладец Азамат алга братан сенден дагы коп нерсени кутобуз.
12.04.2012. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат мага олуп кетсе дагы жакпайт ошону ким биринчи оорунга эле дайыма койо берет тушунбойм.
SUPER.KG видео
12.04.2012. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашыл шортасы чакыратго ия ;)
12.04.2012. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аза моллочик сен мага жагасын
SUPER.KG видео
13.04.2012. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kychaktap alaiun degeni jakty. Molodez maga abdan jagat yshyl Azamat:)Uigilik saga Bratishka ;)
SUPER.KG видео
13.04.2012. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
soonun, super molodes! ayabay jizniradistniy balada bul, iygilik kaalaym! al emi stilid jakty, ar bir adam kanday kiyinet ozu rewat etetta, tak wto kiyimine aralawpay ele koyoyluchu demekchimin dostor
13.04.2012. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атына жарашыктуу бала
14.04.2012. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iiy baarybir suyomda..
SUPER.KG видео
06.07.2012. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгармачылык эргуу каалайм.Эркек баш болсо Аял аны кармап турган моюн деп коет эмеспи андыктан сага жакшы жакка бура турган моюндуу болушуна тилектешмин.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо