Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ИРАНДЫК ЖИГИТ КЫРГЫЗДАРДЫ КАНТИП АЛДАДЫ?

№492 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.

Негизи, кыргызда алысты көрө билген, кылымдарга көөнөрбөс насаатын калтырган инсандар көп болгон. Алардын айтып кеткен накыл сөздөрүн бүгүнкү күндө дагы кеңири колдонуп келебиз. Мисалы, “укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба”, “кыңыр иш кырк жылда билинет” деген кептер бар. Бул сөздөр кайсы окуядан улам, кайсы заманда айтылып калганын билбейбиз, бирок актуалдуулугун бүгүн да жоготпой келет.

Былтыр продюсер Ислам Сатаров: “Саламатсыздарбы, жакшы бир жаңылыгым бар. “Тумар” радиосунан саат сайын жаңырып жаткан “Танхам” деген ырды билесиздер да. Ошол ырдын аткаруучусу Рамин Кыргызстанда. Мен аны менен иштешип жатам”,- деп бизге коңгуроо кылып, “кубанычтуу кабарын” айткан. Ага удаа эле, концерттерде билет сатып иштеген, концерттерди уюштурууну жакшы өздөштүргөн Астра аттуу эжекебиз бар, белгилүү куудул Күмөндөр Абыловдун балдызы, ошол эжеке айтып калды, “Ош тарапка баратам, Рамин концерт берет. Ислам сунуштады эле, макул болдум, мен уюштурам” деп. Ошентип, өткөн жылдын декабрь айынын башында өзүн Рамин атап, “Танхам” аттуу популярдуу ырды аткарып жүргөн жигит Ош шаарында концерт берген. Ал концертке келген Ош шаарынын тургундары болсо, эстешсе керек.
Бул экөө: Ислам Сатаров менен өзүн Рамин атап жүргөн жигит Бишкекте бир топ корпоративдик кечелерге, тойлорго да барып жүрүштү. Анан ырчылар арасында күбүр-шыбыр кеп башталды, “бул Рамин эмес, жөн гана “самозванец” деген. Бул жигитке кайрылып калганыбыздын себеби да ушунда эле. Үстүбүздөгү жылдын февраль айында бул жигит менен Ислам Сатаровду редакциябызга чакырып, “чын эле Рамин Монтазерисиңби?” деп суроо узатканбыз. Кыргызстандын элин канчалык алдагандыгын толук жеткире айтып берүү үчүн ошол маектен (№485-сан, 17-февраль) үзүндү келтирүүнү чечтик. Ал минткен:
– Иранда ырчы болсоң, дүкөндөргө кенен кирип, көчөдө эркин басып жүрө албайсың. Чыктың дегиче таанып жүдөтүшөт. Ошондуктан сиздерге кенен басып жүрүш үчүн келдим (күлүп). Бизде, Иранда ырчы болуп көтөрүлүш абдан кыйын. Кыргызстанда болсо көтөрүлүш оңой (эч ким текшербейт деп ойлосо керек), кала берсе менин стилимде ырдагандар жокко эсе экен. “Танхам” деген ырды 5 жыл мурда, рэпер таанышым Бибак менен ырдаганбыз. Ал ыр хит боло баштаганда мен Кыргызстанга келе бергенмин. Бул жакта жүргөнүмдө Бибак “кел, клип тарталы” деп калды. Шартка байланыштуу бара албадым. Ал болсо менин уруксатымсыз башка бирөөнү ырдатып, клип тартып салыптыр. Чынында, атам менин ырчылыгыма каршы. Кыргызстанга келсем, “буларда ырчыларды өлтүрүп кетет экен” деп аябай чочулаган. Ошого байланыштуу Бибак менен териштирбей, унчукпай кала бердим. Иранда ырдоого уруксат алуу көп маселени жаратат. Андыктан чыныгы атым менен эмес, Рамин Монтазери деген лакап ат менен чыккам. Ал эми паспортто өз атым – Расул Хейр Абади.
Кээде “самозванец” деген сөздөрдү угуп аябай капа болом (капа болуп турган адам элди алдамак эмес!). Ислам Сатаров менен эки жылдык келишим менен иштешип жатам. Түшкөн сумманын мага 60, продюсерге 40 пайызы калат.
“Танхамга” жаңы клип тарттым, Бибак ырдаган жерлери мурунку клиптен кошулган. Ырдын автору катары менин да укугум бар. Башында Бибак менин уруксатымсыз клип тартып, башка ырчыны ырдатып чыгарып салды. Эми ушинтип мен да клип тартууну чечтим.
Мына ушундай деп бизге маек берген ал жигит. Калп айтып жатканын моюнга алар, катасын оңдоор деп биз 2 айга жакын күттүк. Андай болбоду. Анан Кыргызстандагы Иран Ислам Республикасынын элчилигинен сураштырып, бизге атактуу ырчы катары маек берген Расул Хейр Абадинин Рамин Монтазериге эч кандай тиешеси жоктугун, атүгүл ал жигит ырчы да эмес экендигин тактап, гезитибиздин өткөн санына жарыялаганбыз. Бул жигит ошол макаладан кийин да айыбын моюнга алса болор эле. Тескерисинче, продюсер Ислам Сатаров “Расул маек бергенде Рамин Монтазеримин деп айткан эмес, ал Рамин R.K. деген лакап ат менен чыгып жаткандыгын айткан” дейт. Ооба, ата-энесинин ысымынын баш тамгаларынан курап, ушундай лакап ат менен чыга баштагандыгын айткан. Бирок маектин башынан аягына чейин Рамин Монтазеринин “Танхам” аттуу ыры жөнүндө сөз кылып, “ырдын авторумун” дебеди беле? Ошол ырга, ошол ырчынын атына жамынып акча таап жатканын жашырган эмес, “түшкөн сумманын 60 пайызы мага, продюсериме 40 пайызы тиет” деп. Демек, ал ырчыны акча төлөп кечелерине, тойлоруна чакырган, анын концертине акчага билет сатып алып барган ар бир кыргызстандыктын акысы бар, бул жигит менен продюсеринен өзүнүн материалдык жана моралдык чыгымын эсептетип, төлөтүп алганга. Маселе бул жерде акчада деле эмес. “Ушинтип эле элди алдаса боло берет” деп иштеген жоруктары зээнди кейитет.

Айбек Нурадилов
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(31)
09.04.2012. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздарды эмне тупой деп ойлошобу??? Самозванец менен кошо Ислам Сатаровду да депортация кылыш керек!!! Элим учун деп жургон адам ушундай болсо калганы кайда барат??? Негизи эле чондор элдин камын ойлобой,элди кантип алдагандын жолун,оздорунун карманын ойлошот.....
09.04.2012. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodets super info sonun ish kylyptyrsynar!!!! ushintip ishtesener, balkim korruptsiayaga dagy chon taasirin tiuigizeer
09.04.2012. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
хе хе жайлапсынар
09.04.2012. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ха ха мен да баргам мунун концертине элдер туруп алып кол чаап ооло бийлегенбиз да.эми бул байкуштан ар бирибиз барып акчабызды сурабайбыз да андан коро.кыргызстандан тапкан акчаларын кайра мамлекетке токтуруш керек,Ислам сатаров да алган 40пайызын токсун.ошондо ал акча элдин мамлекетке берген жардамы болот.
10.04.2012. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elnnura, Качан концер койду эле!
09.04.2012. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой Азаматсынар Суперчилер! сотко беруу керек-андай аферистерди!
09.04.2012. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер-Инфо эми Динара акулова менен барлашып корбойсуздорбу ал эмне дейт экен? Малика кызы экоо.
09.04.2012. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ислам Сатаровда эмне мен Раминмин деп келсе эле иштеше береби?Элге шерменде болуп.Динара эжени,Ислам Сатаровду жана Раминин баш кылып жоопко тартуу керек.Корком кенеш карап койсо болмок.
10.04.2012. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
концерттен кийин дагы ачыкка чыгат да ! Бибак келет турбайбы ? Рамин экоо ырдайт имиш ко !
03.08.2012. 04:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatkubatov, yrdaitda artist al 4yn bibak eko yrDagan
10.04.2012. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Рамин ырдайт деп эле ойлойм. Ислам сатаров Биакты чакырып жатат экен Нбт дан бибак Рамин Аркей менен ырдайм салам Кыргызстан Бишкек деп суйлоп жатат ко. Аны кандай Тушунобуз достор. Концертте дагы Толик сынчы барып кубо болуп чекит койсо болот да. Супер эми Мухаммад Бибактан Интервью алышынар керек.Ислам аны чакырып эл алдында танхамды Рамин менен ырдатат экен да ! коробуз го буюрса барып .
10.04.2012. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azamatkubatov,
Бибак келбейт. Азырынча андай запрос жок экен элчиликте.
10.04.2012. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suluushka, Элчиликти билбейм бирок радиодон Бибак келет экен деп тынбай эле реклама кылып жатышат го!
10.04.2012. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sambo,
Бибак келсе, ага виза жана башка документтер 2 ай мурун даярдалат. Запрос, подтверждение, программа концерта, согласование с минкультуры Ирана и Кыргызстана, потом только разрешение на выдачу визы и т.д.
Эгер жанылбасам ушундай. Башка жол менен эле кирип кетпесе, же башка Бибак келбесе.
11.04.2012. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чет элдик ырчыларга барбай эле коюш керек озу,бизге эптеп эле концерт коюп кетишет.За то капчыгын толтуруп алат
10.04.2012. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не болсода Кыргызбызда...
10.04.2012. 02:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул алдамчыны закон боюнча жоопко тартыш керек, Кыргызстанды эмне тупойлор деп ойлонгооо, Супер Инфо молодцы дагы ушуга окшогондорду чыгарып тургула,
10.04.2012. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a Dinara ecege ne boldu ele kızı eköönö
10.04.2012. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
10.04.2012. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм... "Супер-Инфого" ыраазычылык. Карапайым элдин ушинтип козун ачып турбасанар, байкуш элди алдагандар кобойду. Саясатчысы келип деле алдайт, ырчысы деле алдайт. Эми продюсери жана бул ирандык жигит мыйзам чегинде жооп бериши керек.
11.04.2012. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озунун олкосуно кетсин, Кыргыздарды алдабай. бул жерде акчаны айаган жерибиз жок, но алдамчылык болуп жатат, бул бала былчыйган балагоо, суйролгон . эээ карагылачы кыймыл аракети деги окшобойтко
11.04.2012. 06:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой шумшук, шумшук, бет деген жок турбайбы, жоопко тартылышы керек!
11.04.2012. 08:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Cагызган ачтыгынан эмес суктугунан олот" деген кыргызда жакшы макал бар. бул жигит дагы ачтыгынан эмес суктугунан жапа чеге электе Кыргызстандан чыгып кеткени он го ээ.
11.04.2012. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызтандын жерин жердеп, элин алдап нан табууну коздогон окшойт. бирок анын бул максаты ишке ашпай тилегин таш каап минтип анын Рамин эмес экени ачыка чыксада кок беттик кылып жатканы мени тан калтырат
11.04.2012. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Раминди жактабайм, бирок таң калам да. Бөлөк эл, бөтөн жерге келип бүтүндөй бир элди ушундай жол менен алдаганга кандай гана жүрөк керек. Бул адам жоопкерчилик дегенден коркпойбу же биздин жаза, күч органдарыбыздын жакшы иштебесинен колдонуп жатышканыбы, айтор сөз жок. Бирок “Супер-Инфого” ыраазычылык!
11.04.2012. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми азыр "колундан келсе" деген заман болбодубу
11.04.2012. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суперчилер Иран Ислам республикасынын элчиликтен маалыматты калп ал ырчы эмес деп айтканы кызык ко . же Бибактан тактап билип туруп айтса болмок да. же Суперчилиер озунор деле Бибактан интервью алып анан так маалыматты элге айсаныздар сонун болмок. эми Ислам Сатаоров продюсер катары Расулдун клипин тартып анан Музканал НБТ менен чогуу концертте Бибакты Рамин менен Танхамды ырдатат имиш. буга кандай жооп айтабыз такыр тушунуксуз го ...

11.04.2012. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантсе да Ислам Сатаров мыкты ырчы жана продюсер! ким болсо алыскы олколордон жылдыздарды чакырып иштешкен продюсерлер жок да кыргызстанда. балким Раминди (Расулду) ошол концертте уят кылып Ислам озунун профессионалдыгын корсотуп Бибака айтып эл алдында сот болсо керек. же алданып калып ошол иранецке Бибакты чакырды бекен ??????
11.04.2012. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озун Расулмун дейби, Рамин Аркеймин дейби айырмасы жок, айтор Рамин Монтазеринин "Танхам" деген ырын "меники" деп жатпайбы!!!
11.04.2012. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына кызык тамаша!"Кыңыр иш кырк жылда билинет" дегендей,калпы чыккан экен да.Супер инфого данк,калпын ачыкка чыгарып элдин көзүн ачкандыгыңар үчүн.Мен ойлойм эми бул бирөөнүн атын жамынып алдаган баланы жоопко тартыш керек,бүтүндөй кыргыз элди алдагыны үчүн.
11.04.2012. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой тообо элди алдаган кандай неме бир адамды алдагандан коркосун а бул адам бутундой кыргыз элин алдап кудайдан коркпогон жан экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо