Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СЕКЕЛЕК КЫЗДЫ МУУНТУП, САБАП ӨЛТҮРГӨН

№492 6-апрель- 12-апрель, 2012-ж.

Талас

Жакында Талас облусунда жүрөк түшүргөн кылмыш иши катталды. 15 жашка толо элек окуучу кызды таажеңеси мыкаачылык менен сабап өлтүрүптүр. Баарынан да 7 баланын энеси болгон аялдын колунан келген иш экен бул.

ШАРФ МЕНЕН МУУНТУП, ТАЯК МЕНЕН САБАП...
2012-жылдын 12-февраль түнү Манас райондук ооруканасына Бала-Саруу айылынын тургуну, 1997-жылы туулган Нурзада Назаралиеванын киши колдуу болуп каза болгон денеси жеткирилген. Опертоп Нурзаданын денесиндеги жаракаттар күч колдонуудан келип чыккандыгын билишкен. Мындан тышкары Нурзаданын апасы 50 жаштагы Рыскан Назаралиева да денесинен оор жаракат алып ошол эле ооруканага түшкөн.
Милиция кызматкерлери эртең мененки саат жетиде бул кылмышка шектүү деп Райла Акбаеваны автобустан кармашат.
Тергөөнүн версиясы боюнча, бул окуя төмөнкүчө болгон: Шектүү катары кармалган Райла Акбаева Нурзаданын таажеңеси. Ал маркумдун Кайрат аттуу таякеси менен эки жылга жакын турмуш кечиришкен. Бирок Кайрат өзүнүн мурунку үй-бүлөсүнө кетип калган. Окуя болгон күнү Кайрат үй-бүлөсү менен Бишкек шаарынан Бала-Саруу айылына конокко келмек болгон. Аны угуп калган Райла 10 жаштагы кызын жетелеп алып келип калат. Тилекке каршы, Кайрат ал күнү келбей калып, көксөсү суубай калган Райла мурунку кайнежеси Рыскандын үйүнө келет. Ага “Кайрат экөөбүз Казакстанда иштеп жүргөндөгү акчабыз келиптир, силердин да карызыңарды берейин, ошону алып келе калалы” деп өзүнүн кызын Рысканга таштап, 8-класста окуган Нурзаданы ээрчитип кетет. Нурзаданы ээрчитип алып чыккандан кийин чарбактын этегине жеткенде Райла мойнундагы моюн орогучу менен Нурзаданы муунтуп, ары-бери сүйрөй баштайт. Кызды таяк менен башка-көзгө койгулап, акыры өлтүрүп тынат. Рыскандын үйү айыл четинде жайгашкандыктан, муну эч ким көрбөй калат. Райла кайра үйдү көздөй келе жатканда жүрөгү сезгенби, Рыскан Райланын кызын ээрчитип алдынан чыгат. Кызынын жок экендигин көрүп “кызым кайда?” деп сураса, Райла “тиги жакта чалынып калды” деп жооп берет. Канга чыланып жаткан кызын көрүп кыйкырып жиберген энени да моюн орогуч менен муунтуп, канга боёлгон таяк менен ургулап кирет. Ошол убакта кол чырак менен кимдир бирөө келе жатканын көргөн Райла кызын ээрчитип качып кетет. Келе жаткан жигит Рыскандын иниси Бакыт бул тууралуу коңшу-колоңго билдирет. Нурзада ошол жерден эле каза болуп, оор абалдагы энеси экөө ооруканага жеткирилет.
Райланын мурунку жолдошу Кайрат “Райланын балдарды сабаганын көргөн эмесмин” деп айтыптыр. Ал эми Райла “мен Нурзаданы өлтүрөйүн деген эмесмин, жөн гана коркутуп коёюн дегенмин” деп көрсөтмө берген. "Райла өзүн таштап кеткен Кайраттан өч алууну каалаган үчүн ушул жолго барган" деген версия айтылууда.

“АКЫЛ-ЭСИ СОО ТУРУП КЫЛМЫШ ЖАСАГАН”

 Талас ОИИБинин маалымат кызматынын ага инспектору Максат Абдысеитов:
– Кылмыш тууралуу маалымат түшөр замат Манас РИИБинин өздүк курамы иштеп баштаган. Кылмыш болгон жерден далил буюм – кан болгон таяк табылды. Райондон чыгуучу бардык жолдор тосулуп, чек арага чыгуучу жерлерге блок-посттор орнотулган. Кылмышка шектүү аялдын эртеси эртең менен Бишкекке барары такталып, ал автобустан кармалган. Кармалган Райла Акбаевага карата соттук-психологиялык экспертизалар дайындалып, алардын корутундусуна ылайык, Р.Акбаеванын акыл-эси соо абалында кылмыш жасагандыгы аныкталды. Анын үстүнөн Манас РИИБ­инин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97 (киши өлтүрүү) жана 28-97-(киши өлтүрүүгө аракет кылуу) беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө аяктап, кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилди.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(54)
10.04.2012. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул аял адам эмей эле эки буттуу айбан турбайбы,айбанда мындан артык.
10.04.2012. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Энелер ушундай болуп жатса башкасы кайда барат? АЛЛАХЫМ заманыбызды ыймандуу кылып мусулмандарга нысап берсинчи??
11.04.2012. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АЛЛАХЫМ өзұ берсин жазасын.
11.04.2012. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым балдарынызга ыйман берсин! Эркеке тенелбей эле койсо болмок. каап, бир омурду кыйып канча деген омурдун жолуна так салынып калды.
11.04.2012. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштуктар,Таластыктар деп тойгуздунар го!башты жон эле которуп журо бербей иштетип дагы жургулочу бай болгурлар.Ош десе оштуктардын баары жаман эмес,Талас десе таластыктардын баары жаман эмес!Э болунгонду бору жейт болгурлар!надоели уже!
11.04.2012. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
prosto ujaas ne deşti da bilbeysin
11.04.2012. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштук Таластык болуп болунгонунор эмнеси уялсанар боло бир жерде жашап болунгондон. Мындай мыкаачы адамдарды жер да албайт жазасын аллахым берсин пендеси берген жаза бул аялга аздык кылат
11.04.2012. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атайылап адам олтургондорго олум жазазыг бериш керек болбосо мындай жоруктар кобойуп кетип жатат.
11.04.2012. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынын айтсам эмне дээримди да билбей калдым.Намаз окугандар аялдарды жаман кором дегендерге сабак болду окшойт.Эгер ал аялдын журогундо ыйман болгондо мындайга барбайт болчу.
11.04.2012. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таш боор десе энелик мээрими кайда.
11.04.2012. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озунун балдарын кандай бакты экен мыкаачы!!!
11.04.2012. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми Райла инсапты сага берсин!!! калган азабын аркы дуйнодо тартаарсын!!!
11.04.2012. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооо тооба! Мынча мыкаачы кудай сактасын эмне эле болуп кетип атат заман. олум жазасын бериш керек мындай мыкачыларга.
12.04.2012. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Да таш боор экенсин
13.04.2012. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kizganich,och aluu kandai jaman ishke alip barat
13.04.2012. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul ayaldi ushuga jetkizgen Kairatta da kunoo bardir kim bilet.....
13.04.2012. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай жааман кылмышка кантип колу барды экен жети баланын энеси экенго мымдайдан кудай сактасын
14.04.2012. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
emne degen zaman bolup baratat degi ozu
14.04.2012. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өзун да ошентип тайяк менен сабап өлтуруп салыш керек.
14.04.2012. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызда эмне куноо озунун башында деле балдары бар экен.7баласынын убалына калды.Аллахым озуно коргозсун.эки буттуу айбандын айынан он гулунун бир гулу ачыла элек жаш кыз каза тапты.
14.04.2012. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне деген мыкаачылык, мындайларды кудай озу катуу жазалайтго аркы дуйнодо!!!
14.04.2012. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атып салыш керек
15.04.2012. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын. Биз эми аны айтып муну айтып ал аялды окчой албайбыз. Балким ал аялга да оор болгондур 7 баласы менен куйоосу таштап кетсе. а балким психологиялык жактан жартыдыр.
15.04.2012. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай болгон кундо да 15 жашаар жаш кызга убал болуптур. Беш гулунун бири ачылбай бул дуйнонун эч бир окумун корбой туболук утап калганы
15.04.2012. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бети жок акмак аял экен. Кантип колу барды кичинекей кызды олтургонго. Олум жазасына тартылыш керек мындайлар.
15.04.2012. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kelesoo,mikaachi tash boor ayal,seni da turmodo sabap urushaar inshallah
15.04.2012. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
taajene emes,tayjene,tayata,tayene,tayake j.b.
15.04.2012. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
korunushunon ele baikalyp turat oto jaman ayal ekendigi.taejenenelerdin kobu ele kuioosunun uko-karyndashtaryn jaman korushot,andai emesda ozunun uko-sindisindei koruu kerekda.... A bul kylmyshta baikush jash kyzda ne aiyp!myndai mykaachylyk kylgan adam ,adam emes!!!
15.04.2012. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озунун 7 баласын ошентип олтурсо кандай болот эле??? жок дегенде оз балдарын ойлосо болмок....
16.04.2012. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anyuta, тура айтасын озун балдарын ойлобойбу келечегин мына эми балдары кандай чонойот экен аларда олтурбосо болгону
30.04.2012. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Олум жазасын мыйзамга киргизиш керек, болбосо кылмыштын саны азайбайт!!! Бийлик ото эле пас!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо